Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Жаңы муундагы жетекчи жемкордукка шектелүүдө


Чыңгыз Шамшиев 300 миң сомго жакын каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон деп шектелүүдө.
Чыңгыз Шамшиев 300 миң сомго жакын каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон деп шектелүүдө.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурунку ректору Чыңгыз Шамшиевге кылмыш иши козголду.

Коррупцияга каршы кызмат тараткан маалыматка ылайык, Шамшиев ректор кезинде окуу жайга караштуу ашкананы ижарага берип, 300 миң сомго жакын каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон деп шектелүүдө.

Шек жараткан ашкана акысы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Чыңгыз Шамшиевге кылмыш ишин козгоого Бишкектин тургунунун арызы себеп болгон. Аталган жаран президентке караштуу Башкаруу академиясынын имаратындагы ашкананы ижарага алып иштетип келген. Арыздануучунун айтымында, келишим түзүүдө окуу жай эсебине которулган 14 миң сом гана көрсөтүлүп, Шамшиев ай сайын 60 миң сомду өз чөнтөгүнө салып турган. Бул арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди:

- Кайрылган адам арызында мурдагы ректор мыйзамсыз түрдө 450 миң сом акча алгандыгын жазган. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында, мурдагы ректор ижара акысы боюнча жобону бузуп, мамлекетке 300 миң сомдон ашуун зыян келтиргени такталды. Учурда 304-берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Башкаруу академиясынын ичиндеги ашкана. 2014-жыл.
Башкаруу академиясынын ичиндеги ашкана. 2014-жыл.

УКМК өкүлү Чыңгыз Шамшиевге байланыштуу ишти Билим берүү жана илим министрлигинин ички аудити да текшерип, мыйзам бузууларды аныктаганын кошумчалады.

Чыңгыз Шамшиев Башкаруу академиясынын ректорлугунан өткөн жылы ноябрда бошотулган. Ал учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти. Аталган окуу жайга байланышканыбызда Шамшиев 6-марттан бери чет өлкөдө иш-сапарда экенин, башка комментарий бере албай тургандыктарын айтышты.

Чыңгыз Шамшиев өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Шамшиев Башкаруу академиясын жетектеген учурда окуу жайдын маалымат катчысы болуп иштеген Татьяна Орлова мындай айыпты четке кагып, кимдир бирөөнүн буйругу болушу мүмкүн деген божомолун айтты:

- Жөнөкөй адамга деле бул атайылап жасалган иш экени көрүнүп турат. Биринчиден, Шамшиевдин айыбы далилденген жок, ошондуктан күнөөсүздүк презумпциясы деген бар экенин эске алуу керек. Экинчиден, жөнөкөй окуу жайдын ашканасы үчүн ушунчалык көп суммадагы пара берет дегенге ишенүү кыйын. Анткени, жалаң студенттер барган ашкана мынчалык деле кирешелүү эмес. Бул айрым органдардын сенсация жаратуу аракети деп айтаар элем.

Шамшиев окуу жайды эки жылга жакын жетектеди. Ал учурда анын иши оң бааланып, чет өлкөдөн билим алган, кесипкөй жетекчи катары сыпатталган эле. Бирок былтыр күзүндө академиядан жумуштан бошотулган айрым окумуштуулар окуу жайда кыргыз тили басмырланып жатканын айтып, президент Алмазбек Атамбаевге даттанган. Буга ачууланган өлкө башчы дароо комиссия түзүп, абалды териштирүүнү тапшырган. Мындан көп өтпөй Чыңгыз Шамшиев кызматтан алынган болчу.

Жаңы муун да жемкорлукка жакынбы?

Шамшиевге кылмыш ишинин козголушу "чет элде билим алып, жаңы муундагы реформачыл жетекчилер аталган адистер да коррупцияга аралашабы?" деген суроого жем таштады. Анткени көпчүлүк учурда коррупция тамыр жайган Кыргызстанда жаңы муундагы жетекчилерди даярдамайын, жемкордукту жеңүү кыйын болору айтылып келет.

Кыргыз коомчулугунда жемкордук жаштар бийликке келгенде токтойт деген ишеним бар. Бишкек.
Кыргыз коомчулугунда жемкордук жаштар бийликке келгенде токтойт деген ишеним бар. Бишкек.

Коррупция маселеси боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева акыркы окуялар жемкордук менен күрөштү муундарга бөлүп кароо да туура эмес болгонун айтууда:

- Биз буга чейин бийликке жаңы муун келсе, көп маселелер чечилет, анын ичинде коррупция дегендей ойлорду айтып келгенбиз. Бирок акыркы учурда айрым жаш жетекчилердин кылганы мындай ойду жокко чыгаргандай болуп жатат. Ошондуктан, коррупция менен күрөштү муунга байлоо туура эмес. Менимче, бул жерде жоопкерчилик маселеси алдыңкы орунда болсо керек. Анткени коррупциялык ишти кылган соң, ал үчүн жазаны тартпаса, ал башкаларга да мындай ишке барууга жол ачып жатат.

Чындыгында эле, буга чейин өлкөдөгү “Альфа Телеком”, тоо-кен тармагындагы коррупциялык иштерге жаңы муундагы жетекчилердин катышканы айтылып, ал боюнча сот иштери жүрүп келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG