Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөш кайсы нукта баратат? Бийлик бул илдетке каршы күрөшүүдө алдын алуу иштерине караганда анын кесепети менен күрөшүү, жазалоо ыкмасына көбүрөөк ыктап жатабы? "Азаттыктын" суроолоруна өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев жооп берди.

“Азаттык”: Медициналык академиядагы аппарат жетекчисинин өлүмү менен коштолгон окуя азыр коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Паракорчулукка, коррупцияга каршы күрөшүүдө адамгерчилик, этикалык баалуулуктар эске алынышы керекпи? Күч түзүмдөрү өз аракетинде мыйзам чегинде ушул түшүнүктү дагы карманышы керек беле?

Тилек Саякбаев: Эгер дүйнөлүк тажрыйбаны айта турган болсок, паракорчулукка эч кандай бир жеңилдик берилбейт. Кытайда кээ бир жерлерди соту жок деле атып салат. Бирок бул жерде айтып коюшум керек, процедуралар бузулган. Азыр Башкы прокуратура изилдеп жатат. Ошонун жыйынтыгын күтсөк жакшы болот эле. Медакадемиянын жамааты өздөрүнүн айтчусун айтышты. Башкы прокуратура талдаган соң, ошондо анан жыйынтык кылсак туура болот деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиз Кытайды мисал келтирип жатасыз. Ал жагына карай турган болсок, анда жемкорлукка каршы күрөш адам өмүрүнөн бийик турабы? Кыргызстанда деле ошондойбу?

Тилек Саякбаев: Кытайда акыркы он жылда 120 миң мамлекеттик паракор кызматкер атууга кеткен. Кыргызстанда абал кыйла жеңил, мыйзамдар да көп жол берет. Канча иш козголсо анын азы эле, 10-15 пайызы эле жазаланат. Анткени ошол мыйзамдардын шылтоолору менен чыгып кетип жатышат. Мындан улам азыр Кылмыш процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыгып, аны Жогорку Кеңеш карап жатат.

“Азаттык”: Коррупциянын деңгээлин иликтеген "Транспаренси Интернешнл" уюмунун 2015-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан 168 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлеп, коррупция системалык мүнөзгө ээ болуп кеткен мамлекеттердин катарын толуктады. Уюм 2012-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда коррупцияны жоюуда алгылыктуу иштер болбогонун, коррупцияга каршы күрөш дымып калган деп билдирген. Муну моюнга аласыздарбы?

Тилек Саякбаев: Албетте, моюнга албайбыз. Мисалы, 2012-жылдан баштап карасаңыз. Биз 41 даражага турумубузду жакшыртып алдык. 168 мамлекеттердин ичинен биз соңку төрт жыл аралыгында коррупцияга каршы күрөш боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу жагынан экинчи орунда турабыз. Эми бул деле аз, коррупциянын деңгээли дагы эле чоң, бирок ошол иш жүрүп жатат деген көрсөткүч.

“Азаттык”: Улуттук статистикалык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо айлык акы 13 миң сомго жетпеген сумманы түзөт. Көпчүлүк министрлик, бюджеттик мекемелерде айлык акылар андан да төмөн. Айлык акылардын өтө аздыгы дарыгер, мугалим, милиционер, чиновниктерди пара алууга түртүп, анын натыйжасында коррупция Кыргызстанда жашоо мүнөзүнө айланып кеткенин талдоочулар айтып келатышат. Коррупциянын кесепети менен күрөшүүдөн мурда ушул өңүттө алдын алуу иштерин жүргүзүү керек эмеспи?

Тилек Саякбаев: Мында эки нерсе бар. Бүт мамлекеттердин ичинен Сингапур жана дагы эки-үч мамлекетте айлык маселеси жакшы. Калган жерде негизги көйгөй айлык дей беришет.

Биринчиден, мамлекеттик кызматка эч ким чакырбайт. Өз ыктыяры менен сынактан өтүп, таза иштейм деп келишет. Экинчиден, 2012-жылкы изилдөөгө ылайык, 700 миллион доллар акча коррупциянын айынан бюджетке түшпөйт. Эгер биздин эл коррупцияга акча бербей, ага илешпегенде ошол акчага биз мугалим, дарыгер, мамлекеттик кызматкерлердин акчасын көтөрөт элек.

“Азаттык”: Жакында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров республикада коррупцияга каршы күрөш натыйжасын берип, ээлеген кызматтарына карабай камакка алуулар болуп жатат дегендей айтты эле. Азыр бийлик экономиканы көтөрүү, аны менен айлык акыларды жетиштүү деңгээлге жеткирүүгө караганда жазалоо жагына көбүрөөк көңүл буруп жаткан жокпу? Бул жөн гана коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткандай түр көрсөтүү аракети эмеспи?

Тилек Саякбаев: Бул деген башка бир нерсенин белгиси. Биз бир аз туура эмес баа берип жатабыз. Бул жакта кол тийбес адамдар жок илгеркидей, экинчиден, саясий эрк бар экенин айтып жатат. Негизи сиздин айтканыңыз туура. Алдын алуу иштерин көбүрөөк жүргүзүшүбүз керек. Коррупция болгон соң, анын изин суутпай артынан кармагандын ордуна алдын алуу кызматтары көп жүрүш керек. Өкмөттүн алдында коррупцияга каршы саясат бөлүмү ошол үчүн түзүлдү. Алдын алуунун кандай аспаптары, кандай механизмдери бар болсо, ошолорду иштеп чыгып киргизген. Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик кызматта атайын "комплаенс комиссар" деген өзгөчө кызмат түзүлдү. Ошолор алдын алуу иштерин жасайт. Азыр буга бизнес чөйрө дагы ошого кызыгып жатат. Аларда дагы "комплаенс комиссар", "комплаенс көзөмөл" деп киргизип жатышат.

“Азаттык”: Бийлик өкүлдөрү жемкорлукка каршы күрөш эми системалык мүнөзгө ээ болушу керек дегендей ойлорду айтып жатышат. Аны кандай элестетүүгө болот? Анда буга чейин кандай күрөш жүрүп келе жатты эле?

Тилек Саякбаев: Буга чейин биз архивди карадык, изилдедик. Бүгүнкү күндө иш комплекстүү жүрөт. Мурда, мисалы, мына этиканы киргизсек, илгери аны жөн эле жазып коюп тим болуптурбуз. Азыр ошону киргизип, анын кандай аткарылышын көзөмөлдөгөн жаңы механизм киргизиш керек.

Дагы коррупциялык тобокелдерди издеп чыксак, анын өзүнүн ыкмасы бар экен. Биз интернеттен карап алып эле каржылык тобокел, кредиттик тобокел деп илештирип келгенбиз. Коррупциялык тобокелчиликтин өзүнүн өзгөчө, эч кимге окшошпогон институту бар. Анан кызыкдар кагылыш бар. Ошол дагы ар бир мыйзамда чачырап калып, толугу менен бир дагы мамлекеттик кызматта сакталбай келген. Биз ошонун баарын бир мыйзамга чогултуп келип, азыр Жогорку Кеңеш ошону карап жатат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG