Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

TI: Кыргызстанда коррупция азайган жок


Transparency International уюму жарыялаган индекстерге караганда, Кыргызстанда коррупция деңгээли мурдагы калыбында. Коррупциянын бүгүнкү көрүнүшүн “Азаттык” арай көз чарай талкуулады.

Transparency International уюму быйылкы жыл үчүн дүйнө мамлекеттериндеги коррупцияга көз караштардын деңгээлин иликтеп, жыйынтыгын жарыялады. Ага караганда, Кыргызстан 176 мамлекеттин ичинде (100 баллдык ченемден) 24 балл топтоп, 154-орунду алды. Мындай тыянак Кыргызстан жылдагыдай эле эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарында турат дегенди билдирет. (Былтыр 182 өлкөдөн 164-орунду алган)
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




Талкууга “Transparency International - Kyrgyzstan” борборунун төрагасы Адылбек Шаршенбаев, Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Темирбек Бекмамат уулу, коррупция боюнча көз карандысыз эксперт Бакыт Бакетаев катышты.

“Азаттык”: Адылбек мырза, акыркы мезгилде Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш курчугандай эле туюм калтырууда. Кооопсуздук комитетинин алдында атайын агенттик түзүлдү, стратегия иштелип чыкты, канчалаган кылмыш иштери ачылды ж.б. Анан эмне үчүн быйыл деле көз караштардын индекси жылдагыдан айырмаланган жок?

Адылбек Шаршенбаев: Биринчиден, бул индексти же көрсөткүчтү аныктоо ыкмасына токтолгум келет. Коррупция - күңүрт кубулуш. Аны ачык жасаган иштер жокко эсе. Анан сиз айтып аткан мынча кылмыш иши козголду, мынча адам жоопко тартылды деген нерселер менен коррупциянын деңгээлин аныктоо өтө татаал. Ошондуктан биздин көрсөткүч коррупцияга көз карашты аныктаганга багытталган. Биз ишенимдүү маалымат булактарын, ишенимдүү изилдөөлөрдү алып туруп, ошонун ичинен коррупция боюнча көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгарып, өзүбүздүн ыкмабыздын негизинде коррупцияга көз караш көрсөткүчүн чыгарабыз.

Темирбек Бекмамат уулу: Мага бул индекстин критерийлери белгисиз. Мүмкүн объективдүү чыгараттыр. Биз деле ишенебиз. Бирок быйыл укук коргоо органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү күчөтүлдү деп так белгилеп кетсек болот. Мисалы, жалпы укук коргоо органдары 9 ай ичинде 947 жазык ишин козгоду. Былтыркыга караганда кыйла көп.

Анын ичинен прокуратура тарабынан азыркы кезге караганда 836 иш козголуп жатат. Бул былтыркыга караганда болжол менен 70-80 пайызга көп болуп атат. Бирок эми коррупцияга каршы күрөшүү - чынында жеке эле кылмыштарды ачуу эмес. Кылмышты аныктоодон мурда анын алдын алуу, зыянын аныктоо сыяктуу жумуштар бар. Азыр мамлекеттик органдардын буга көңүл буруп жатканы шексиз эле болуп турса керек.

Бакыт Бакетаев: Коррупция бул – коомдун оорусу. Ага баа берүү кыйын. Коррупция элдин менталитетинде, мамлекеттин курулушунда бар. Акыркы жылы буга каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүрүп жатат. Көп нерселер өзгөрдү. Эл билбеген схемалар жабылды. Ыңкылапка чейин 50-100 млн. доллар которулуп жатса, азыр андай которуулар жок...

“Азаттык”: Сиз айткандай, алгылыктуу иштер жасалып жатат деп айталы. Эмне үчүн Transparency International уюмунун көрсөткүчү аны көрсөтө алган жок?

Бакыт Бакетаев: Эми Тажикстан сыяктуу мамлекеттерди биз барып көрүп жүрөбүз го. Бул жерде “трансперэнси” болобу, башкалары болобу, анча-мынча саясаты бар.

Адылбек Шаршенбаев: Мен буга эч качан кошула албайм. Анткени, биздин уюмдун интернеттеги баракчасына кирсеңиздер, ал жерде биздин уюмдун саясатка эч кандай тиешеси жок деп ачык жазылып турат.

XS
SM
MD
LG