Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Ош пансионатынын 6 гектар багы кесиптик кошуундар федерациясы тарабынан сатылып жатат.

Кесиптик кошуундун облустук кеңеши 20 гектар пансионаттын 6 гектарын сатып, түшкөн каражатка пансионаттын калган бөлүгүн өнүктүрүүнү убада кылган.

100 жылдан ашык тарыхы бар, дарактардын бир нече түрүнөн куралган калың бактуу Ош пансионатындагы жердин сатылышына тармактык профсоюз уюмдарынын жетекчилери нааразы. Алардын бири Ош мамлекеттик университетинин кесиптик кошуунунун төрагасы Абжапар Аккулов:

- Ош пансионатынын жерин сатуу боюнча Профсоюздар федерациясына коллективдүү кайрылуу жолдогон адамдар жер бөлүштүрүү комиссиясынын курамына кирип калган. Анан кайра ошол эле адамдар тизмеде биринчилерден болуп жер алган. Бул нерсе эч бир калыстыктын логикасына туура келбейт. Мына ушул жагдай элди кыжырдантууда.

Абжапар Аккулов 20 гектарлык Ош пансионатынын эки гектарына облустук профсоюз уюмунун башкаруучулары ээ болгону туура эмес экенин айтууда.

“Тихий Санкт-Петербург” ресторанынын азыркы абалы

“Тихий Санкт-Петербург” ресторанынын азыркы абалы

- Профсоюзда эки-үч жыл араң иштеген, Жалал-Абад курортун эң начар акыбалга алып келген Рахманали Матраимовдун Ош пансионатына директор болуп иштебей жатып эле жер участогун алып жатканы элдин нааразылыгын пайда кылды. 24 жылдан бери профсоюз уюмун кейиштүү абалга алып келген кишилер, эми жер алууга келгенде көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн дешүүдө. Кайдагы үзүрлүү эмгек?

Ош пансионатынын азыркы жетекчиси Рахманали Матраимов да кесиптик кошуундун үзүрлүү кызматкери катары өзү жетектеп жаткан пансионаттан 5 сотых жер алган. Ал мурда Жалал-Абад пансионатын жетектеп жүрүп, эмгек жамааты менен келише албай иштен кеткен. Акыркы үч жылдан бери Ош пансионатын жетектейт. Келгенден бери пансионаттын ичиндеги өрттөнүп кеткен “Тихий Санкт-Петербург” ресторанынын чатырын жаап, балаты көчөттөрүн отургузуп, баткак менен дарылоочу жайларды курганын, азыр пансионаттын бир корпусу ремонттолуп жатканын айтты:

- Жер сатуудан түшкөн акчаны пансионаттын материалдык техникасын жандандырып, жаңылоо үчүн иштетебиз деп турабыз. Биздин Ош пансионатында акыбал өтө начар. Жатаканалар жокко эсе. Союз тарагандан кийин талкаланып бүткөн. Ошону жандандырууга кесиптик кошуундун мүчөлөрүн жакшы эс алдыруу үчүн база кылууга аракет жасап атабыз. Мурда сатылган эки гектар жерден каржылоо боло баштады. Ал акчага пансионаттын 4-корпусун оңдоп баштадык.

20 гектардай бактуу жер аянты бар Ош пансионаты Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын көп мүлктөрүнүн бири. Ош облустук кесиптик кошуундун төрагалыгын 18 жылдан бери аткарып келаткан Тайлакбай Мусаев ал жерди сатууга башка жергиликтүү бийликтер кийлигише албасын айтууда. Ага далил катары Ош шаардык кеңешинин, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык архитектурасынын жана башка укук коргоо органдарынын жерди сатууга каршылыгыбыз жок деген каттары бар дейт.

- Алты гектар жер 25 жылдан бери жылына 30 миң сомдон жер салыгын төлөгөндөн башка бир тыйын да киреше алып келген эмес. Чекесинен утуру 20-30 сотых пайдаланылбаган жерин сатуудан түшкөн акчанын эсебинен баткак менен дарылоочу жайын курдуруп койдук. Бара-бара санатория куруу багытында иш кетип жатат. Ошону көрө албагандар бизге "өзүмбилемдик менен сатып атышат" деген жалаа жабышууда. Бул иштердин баары мыйзамдуу. Азыр каршы чыккандар бир нече жылдан кийин жакшы ишке жолтоо болгон экенбиз деп уялып калышат.

Ош облустук профсоюздар кеңешинин имараты

Ош облустук профсоюздар кеңешинин имараты

Ош пансионатынын жалпысынан 6 гектар жери сатыкка коюлган. Анын эки гектары үзүрлүү эмгектенди делген эски жетекчилерге символикалуу арзан баада (сотых 20 миң сомдон) сатылган. Дагы 4 гектары азыр ачык сатыкка аукционго коюлган. Ош облустук кесиптик кошуундар уюмунун башчысы 6 гектар жерди сатып, калган 14 гектардагы пансионатты өнүктүрүүнү көздөп жатабыз деп ишендирет. Бирок Ош пансионатынын мурунку жетекчиси Абдыкерим Мамыров жер сатып өнүгүү долбооруна ишенбестигин айтты:

- Пансионаттын жерин сатып, аны оңдойм деген такыр туура эмес. Эгер чындап эле пансионатты бутуна тургузам дешсе, канча инвесторлор жер издеп жүрөт. Ошолор менен 50-50 келишими аркылуу деле оңдошсо болмок. Бул кезектеги эле жерди сатып жок кылуунун аракети. Негизи Ош пансионатына облустук профсоюздун эч кандай акысы жок. Профсоюздун бардык мүлктөрү колхоз-совхоздордо, медицина, билим берүү тармагында иштеген миңдеген адамдардын мүчөлүк акысына курулган. Ошол элдин мүлкүн 30 жыл иштедим деп, беш - алты кишинин бөлүп алганга кандай акысы бар?

Ош пансионатынын азыркы абалы жакшы эмес. Пансионаттын багы калың болгону менен андагы имараттардын курулганына 100 жылдан ашып, азыркы талапка жооп бербей калган. Азыркы Ош пансионаты кезинде генерал губернатор Скобелевдин эс алуучу жайы болсо, согуш жылдарында аскердик госпитал катары кызмат кылган. Эс алуучу жайдын азыр сатылып жаткан бөлүгүндө госпиталда дарыланган жарадар аскерлердин кесилген мүчөлөрү, кай бир жоокерлердин сөөгү коюлган бейит бар.

90-жылдарда каралбай калган, азыр талашка түшкөн Ош пансионаты кесиптик кошуундар уюмуна ай сайын мүчөлүк акы төлөп жаткан аймактагы 110 миңден ашык дарыгер, окутуучу, куруучу, мугалимдердин менчиги болуп саналат.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG