Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

НАСАнын “Вояжер–1” илимий чөлмөгү 36 жыл сегиз күндөн кийин 19 млрд. чакырым аралыкты учуп өтүп, 13-сентябрда Күн системасынын чегинен ары чыкты.

Ал космосто тирүүлүктүн изин издеп жүргөн чакта стратосферага учурулган илимий шар биологиялык организмдин үлгүлөрү менен жерге кайтып келди.

Планетабыздан 27 миң метр өйдө көтөрүлгөн шардын алып келген үлгүлөрүнө карап, британ окумуштуулары космос мейкиндигинде организмдердин бардыгын аныкташты. Шеффилд университетинин молекулярдык биология жана биотехнология боюнча профессору Милтон Уэнрайт The Independent (“Индепендент”) гезитине “Биз 95% ишеним менен бул организм Жерден жаралбаганын айта алабыз”, - деди.

“Ушунча жогору туруп жашоо формаларынын жаралуусунун механизмдери илимге белгисиз. Илимде болгон бардык маалыматтарга таянып жана физиканын эрежелерине ылайык карасак, бул организмдер келгин, мындайча айтканда биздин планетада жаралышы толугу менен мүмкүн эмес”, – деди Уэнрайт “Индепендентке”.

Стратосферадан алынып келинген кээ бир үлгүлөр космостук чаңдуу айланадан табылган. Бул деген жаңы табылган организмдин космосто жаралганын билдирет жана ал илимге тааныш эмес. “Эгер бул организмдер Жерде жаралса, анда алардын түзүлүшүндө планетабызды байырлаган элементтерди табат элек”, – деп кошумчалады Уэнрайт.

Илимпоздор бул организмдер кометаларда жаралышы мүмкүн дешти. Үлгүлөр метеорит “нөшөрү” учурунда жыйналган. Кометалар Жердин атмосферасына жакындаган сайын эрип, ичиндеги организмдердин түзүлүштөрү бузулат. Организмдер чаңдуу чөйрөдөн алынып келгенине карабастан абдан тазалыгы менен окумуштууларды таң калтырган.

Илимпоздордун айтымында, бул организмдер суулуу айлана-чөйрөдөн келген. Көбүнесе кометаларда суунун атомдору бар. Андан башка жерде кездешчү элементтин бири дагы табылган организмдердин курамынан табылган эмес.

Табылган организмдер тирүү эмес, бирок ДНКсы толугу менен сакталган. Бул организмдерде ДНКнын бардыгынын өзү – чоң ачылыш. Илимде жердеги жашоону кометалар алып келген деген көз карашты кармангандар бар. Эгер андай болсо жогорудагы ачылыш буга айныксыз далил.

“Эгер биздин табылгабыз туура болсо жана ал жашоо формалары Жерге келген болсо, анда планетабыздагы жашоо космостон келген организмдер тарабынан түптөлгөнүнө шек жок”, – деди Уэнрайт. “Космосто миллиарддаган кометалар бар. Биологдор Жерди эле изилдегени менен, кыязы биздин жашоого дал ушул кометалар себепкер болгонуна толук ишеним бар”, – деп жазды Британияда жарык көргөн “Индепендент”.

Профессор Уэнрайттын айтымында, “буга ишенүү өтө кыйын” болгону менен планетабыз маал-маал менен “биология жамгырына” ачык.

Октябрда Хэлли кометасы себепкер деп саналган метео “нөшөр” учурунда да, окумуштуулар дагы бир нече эксперимент өткөрүшөт. Ошол учурда илимге белгисиз дагы жаңы организмдер табылат деген үмүттөр бар.

Ушул сыяктуу организмдер тирүү жана эс-акылдуу болуп калса, алар космостон түз эле АКШнын Вайоминг штатындагы Грин-Ривер шаарында жайгашкан дүйнөдөгү жападан жалгыз галактика аралык космос майданына учуп келсе болот.

“Грейтер Грин-Ривер интергалактик спейспорт” деп аталган бекет болгону 1700 метрлик майда таш төшөлгөн учуу-конуу тилкеге ээ. Аты улук, супарасы курук галактика аралык космос майданында ракета түгүл, имарат да жок. Кызыгы, 1994-жылы Грин-Ривер шаарынын мэриясы тарабынан ачылган космос бекети Юпитерден конокторду күткөн.

“Эгер Юпитер планетасы комета жана метеориттердин чабуулуна дуушар болсо, юпитерликтер Грин-Риверден башпаанек таба алышат” деген жүйөө интергалактик спейспортту ачууга себепкер болгон. Арадан 19 жыл өтсө да, Вайомингдеги галактика аралык космос бекетине башка галактика же планета тургай, жөнөкөй учак да коно элек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG