Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Нарында үстү жабык хоккей аянтчасы ачылды


Эл аралык стандартка жооп берет деген бул спорт комплексин нарындык жеке ишкер Нурбек Ташболот уулу өз каражатына курган.

21-январда хоккей аянтчасынын ачылышына Алматы жана Бишкек шаарынын курама командалары конок катары келип, Нарын шаарынын хоккей командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүштү.

Бул хоккей талаасына эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андан тышкары муз үстүндө бийлөө, массалык муз тебүү жана хоккей курстары ачылат.

Жергиликтүү бийлик бул хоккей аянтчасына жерди акысыз бөлүп, эки жылдык салыктан бошоткон. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы акыркы убактарда эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип келет. (MiK)

XS
SM
MD
LG