Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Трамп Obamacare реформасын жеңилдетүү тууралуу жардыкка кол койду


Obamacare деп аталган реформа саламаттыкты сактоо тармагын реформалоого багытталган. Трамп федералдык мекемелерге реформадагы айрым салык жана айыппул боюнча шарттарды алып салууну тапшырды.

Барак Обама тарабынан 2010-жылы кабыл алынган реформада жакыр жашагандар үчүн медициналык камсыздандыруу мамлекет тарабынан субсидияланчу. Ал эми реформанын каршылаштары бул үчүн салыктар көтөрүлгөнүн айтып келишкен.

Obamacare реформасын Дональд Трамп да сындап, шайлоо өнөктүгү учурунда аны алып саларын белгилеген.

Обаманын бул демилгесине Конгресстеги республикачылар да каршы чыгып келишкен. 11-январдагы отурумунда Конгресс реформаны жокко чыгарууга добуш берген.

Дональд Трамп президенттик кызматка 20-январдан тарта киришти. Ал Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө америкалыктарга жумушчу орундарын кайтарып берүүгө жана чек араларды бекемдөөгө убада берди.

Трамптын ант берүүсү учурунда Вашингтондо каршылык акциялары өттү.

XS
SM
MD
LG