Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Вашингтондо Дональд Трампка каршы акция өтөт


Белгиядагы акция, 20-январь
Белгиядагы акция, 20-январь

Ишембиде өтүүчү каршылык акциясына 200 миңден ашуун киши катышары күтүлүүдө. Алардын арасында активисттер, укук коргоочулар жана маданият ишмерлери бар. Акцияда актриса Скарлетт Йоханссон, режиссер-документалист Майкл Мур жана Вашингтондун мэри Мюриэл Боузер чыгып сүйлөшөрү айтылууда. Демонстранттар аялдардын, сексуалдык жана улуттук азчылыктардын укугун колдоп, ошондой эле полиция тарабынан кыйноолорго каршы чыгышат.

20-январь күнү Трамптын инаугурациясынан кийин Вашингтондо 200 чамалуу киши кармалган.

Трамптын президенттик кызматка киришүүсүнө каршы акциялар Европанын айрым шаарларында, Мексикада да болуп өттү. Трамп Мексика менен АКШнын чек арасына дубал курууну убада кылган.

XS
SM
MD
LG