Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Аялдардын тилектештик акциялары Америка, Азия, Европада өттү


Вашингтондогу аялдар маршы. 21-январь, 2017-ж.
Вашингтондогу аялдар маршы. 21-январь, 2017-ж.

Вашингтондогу "Аялдар маршына" жүз миңдеген адам катышып, Дональд Трамптын инаугурациядан кийинки президенттик алгачкы күнүндөгү эл аралык каршылык акциясынын кульминациясына айланды. Вашингтондогу акцияга тилектештик билдирген нааразылык жүрүштөрү дүйнөнүн жүздөгөн шаарларында болуп өттү. Алардын арасынан эң массалык акциялар Сидней, Лондон, Париж, Братислава, Барселонада болду. Жалпысынан ишембиде дүйнө жүзүндө 700 жерде демонстрациялар белгиленген. Солчул партиялар, феминисттик жана жашыл кыймылдардын активисттери уюштурган акциялар аялдардын укуктарына көңүл буруп, коомдогу тең укуктуулук жана энелерди коргоо маселелерин көтөрүштү.

XS
SM
MD
LG