Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кошулуу боюнча “Жол картанын” талаптарын аткара баштады.

Экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” маек берип, Кыргызстан сурап жаткан жеңилдиктер “Жол картада” эмес, бул уюмга кошулуу боюнча келишимде карала турганын билдирди.

"Азаттык": Темир мырза, кыргыз өкмөтү буга чейин Бажы биримдигине кошулууда бир катар тармактар боюнча жеӊилдиктерди сурай турганын билдирип келди эле. Өткөн айдын этегинде бул биримдикке кошулуу боюнча "Жол карта" бекитилди. Ал эми жеӊилдиктер маселеси эмне болду?

Сариев: Негизинен, биз сурап жаткан жеӊилдиктер алдыда түзүлө турган келишимдерде каралат. Ал келишимдер кыргыз өкмөтү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыгып, бекитилип, ратификациядан өтүшү керек. Ошол келишимде Бажы биримдигине кирүү мөөнөтү, жеӊилдиктер, ал жеӊилдиктерди кайсы убакытка чейин алабыз, мунун баары көрсөтүлөт. Учурда айрым адамдар, «Жол картасын» кабыл алуу менен эле Бажы биримдигине кирдик деп адаштырып жүрөт. Бирок андай эмес. «Жол картасын» кабыл алуу Бажы биримдигине кирүүгө даярдык көрүүнүн эле иш-планы десек болот. Бажы биримдигинин талаптарына шайкеш келүү гана. Алар кайсылар? Биринчи иретте, бажы бекеттери, алардагы аспап, жабдыктарды шайкеш келтирүү, радиацияны текшерчү жабдыктарды орнотуу жана негизгиси бирдиктүү маалыматтык база түзүү. Кайсы өлкөдөн кандай товар кирип жатканын көзөмөлгө алып, маалымат алмашууга шарт түзүү. Кыскартып айтканда, Бажы биримдигине кирүүдө жеӊилдиктер, шарттар кийинки келишимдерде көрсөтүлөт.

"Азаттык": Дал ушул келишимдерде кыргыз өкмөтү кайсы тармактарга жеӊилдик суроону мерчемдеп жатат?

Сариев: Биз алгач 2000ге жакын товардык позицияга жеӊилдик сурайбыз деп ойлогонбуз. Дал ушундай тизмени ишкерлер берген. Бирок биз изилдеп чыкканда Бажы биримдигинде да, бизде да бажы төлөмдөрү бирдей болгон 400гө жакын товардык позиция бар экен. Аларды дагы такташыбыз керек. Учурда мындай иш жүрүп жатат. Бирок биз сурай турган жеӊилдиктер мындай: биринчиден, техникалык регламент. Бажы биримдигинин техникалык регламенти кабыл алынганча ички улуттук техникалык регламенттин негизинде иштей турганын сурайбыз. Экинчиси - азык-түлүк, дары-дармек сыяктуу товардык позицияларга өткөөл мезгил сурайбыз. Бул өткөөл мезгилдин убагында жеӊилдетилген бажы төлөмү менен өткөрүп турушубуз керек. Мындай практикада бар. Үчүнчүдөн, чийки зат продукцияларына, кездеме, жип-топчуга жеӊилдик сурайбыз. Анткени, жеӊил өнөр жай өкүлдөрү ушуну өтүнүшкөн. Мындан башка, техника, жабдыктар, автоунаа, айыл чарба техникаларын киргизүүдө жеӊилдик сурайбыз.

"Азаттык": Ал эми Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр буга көнөбү? Алардын позициясы кандай?

Сариев: Биз бул маселелерди Евразия экономикалык комиссиясы менен иштеп жатканда көтөргөнбүз, алар түшүнүү менен кабыл алган. Муну менен катар президент да мамлекет башчыларынын деӊгээлинде бир нече жолу маселе көтөргөн. Алар жактан да түшүнүү бар. Мындай тажрыйбада колдонулуп келет. Мисалы, Казакстан Бажы биримдигине кошулуп жатканда 400гө жакын товардык позицияга мөөнөт сураган. Азыр 30га жакыны гана калды. Калгандары мөөнөтү бүткөн соӊ көрсөтүлгөн тарифке өттү. Биз алардын негизги талабына ылайык, 5 жылга чейин мөөнөт сурай алабыз. Андан кийин Бажы биримдигинин талабына ылайык, иштей баштообуз керек.

"Азаттык": 29-майда Евразия экономикалык кеңешине мүчө өлкөлөр Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча "Жол картасын" бекиткен эле. Учурда аталган картаны ишке ашыруу боюнча жумуштар башталдыбы?

Сариев: Ооба, "Жол картасында" жазылган бир топ талаптар бар. Аларды биз кыска мөөнөт ичинде аткарышыбыз керек. 183 пункттан турган картанын ар бир мөөнөтү, жооптуу органдар аныкталган. Булардын көбү каражатты талап кылат. Анын суммасы 377 миллион доллар. Анын ичинде чек араларды, бажы бекеттерин бекемдөө, көз карандысыз лаборатория салуу, идентификациялоо иштерин жүргүзүү, маалымат алмашуу, адистерди окутуу. Мунун баарын ишке ашыруу үчүн токтом даярдап, өкмөттүн кароосуна жибердик. Азыр макулдашуу жүрүп жатат. Ал токтомго кол коюлса, анда ар бир мамлекеттик органдын конкреттүү иши, мөөнөтүнө чейин жазылган. Биз мындай жол менен укуктук-мыйзамдык базаларды күзгө чейин иштеп чыгып, күз айларында четинен парламентке алып киргизе баштообуз керек. Мындан сырткары токтом, жоболорду өкмөттүн деӊгээлинде кабыл алышыбыз зарыл. Ал эми бажы бекеттерин, лабораторияларды куруу, автоматташтырылган системаны ишке киргизүү убакытты талап кылат. Балким, буга 1-2-жылдык мөөнөт керектелет. Күзгө чейин булар бүтөт деп айта албайм. Биз Орусия өкмөтү менен сүйлөшүп, бул үчүн 200 миллион доллар бөлүп бермей болду. Бул акча келсе, ишти баштайбыз.

"Азаттык": Орусия 200 миллион доллар бергенден тышкары миллиард долларлык кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлөрү белгилүү болду. Бул фонд качан ишке кирет жана убада кылынган каражат качан келе баштайт?

Сариев: Ал келишимдин негизинде премьер-министр атайын буйрук чыгарып, жумушчу топ түзүлүп, фонддун уставы иштелип чыкты. Эми Орусияга берилиши керек. Алар карап чыккан соӊ, парламент ратификациялашы зарыл. Анткени, бул фонд эл аралык макамга ээ болот. Андан соӊ фонддун башкаруучу органдары түзүлүшү керек. Фонд түзүлүп, каттоодон өткөн соӊ уставдык капитал 500 миллион доллар эки жылдык мөөнөттө алып келинет. Бул убакыт туура. Себеби, бул көлөмдүү каражат. Фонддун жалпы кредиттик мүмкүнчүлүгү 1 миллиард доллар болот. 500 миллиону уставдык капитал, 500 миллионун Орусия насыя катары бергени жатат. 1 миллиард доллар 53 миллиард сом. Учурда Кыргызстанда иштеп жаткан бардык банктардын кредиттик портфели 65 миллиард сом. Демек, аталган фонддогу каражат Кыргызстандагы бардык банктардын мүмкүнчүлүгүнө тете болот. Ал бардыгы биздин ишкерлерди колдоого жумшалат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG