Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

ЕАЭБ: бир жылдан кийин да алынбаган көзөмөл


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү 1-августта алуу жөнүндөгү макулдашуу аткарылган жок. Буга чейин кыргыз өкмөтү 1-августтан тарта көзөмөл алынып, эт-сүт Евразия экономикалык биримдигинин базарына тоскоолдуксуз сатыларын убада кылып келген. Бирок тиешелүү лабораториялардын ачылбагандыгынан веткөзөмөлдү алып салуу белгисиз мөөнөткө жылды.

Улан Түмөнбаев Бишкектеги “Таза эт” аттуу ишкананын директору. Ал 1-августтан тарта кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл алынса, өлкөдөн этти Казакстандын базарына чыгарууга даярданып жаткан. Бирок бул мөөнөттө ветеринардык көзөмөл алынбай калганын угуп, көңүлү сууп турган учуру:

- Биз ачылат деп күтүп жатканбыз. Ачылса жакшы болмок. Себеби, бизге окшогон ишкерлер бардыгын документтештирип алып, Казакстанга этти сатсак, кымбат болмок. Ал баа көтөрүлсө биздин дыйкан-фермерлерге пайдасын тийгизмек. Бирок, даяр болбой калып ачылбай жатат окшойт.

Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл 1-августта алынбай турганын өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков айтып чыкты.

Премьер мындай кырдаалга лабораторияларды оңдоо үчүн Орусия убада кылган каражат кечигип жатканы себеп болгонун билдирди.

- 1-августта алабыз деп убада берген да. Бирок бул убакытка көзөмөл алынбайт. Эмне үчүн дегенде лабораториялар токтоп атат. Орусия бере турган каражат келбей атат. Мурун Казакстанда лабораторияларды оңдогонго Казакстан акча берет деп эки жылдан бери акча келбей мына артта калдык. Эми өзүбүз акча берип, лабораториялардын баарын баштап жатабыз.

Буга чейин Евразия экономикалык биримдигинин эксперттери жакында келип, ветеринардык лабораториялардын даярдыгын текшерген. Анда Москвадан келген адистер чек араны ачуу боюнча корутундусун бербей кеткени белгилүү болду.

Ошентип Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушундагы эң маанилүү артыкчылык болот делген эт-сүттү тоскоолдуксуз сатуу мүмкүнчүлүгү дагы артка жылып калды.

Адистер мындай кырдаалга өкмөттүн милдеттерин өз убагында аткарбаганы себеп болгонун айтышууда. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча Кыргызстандын алдына коюлган милдеттемелердин көпчүлүгү аткарылбай келүүдө:

- Евразия экономикалык биримдигинин сегиз талабы бар болчу. Анын негизгилери ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү. Ар бир айылга чейин зоналарга бөлүп, иш алпарышы керек болчу. Экинчиси, малды идентификациялоону бүткөрүү. Бүгүнкү күнгө бул негизги талаптар аткарыла элек. Ошондуктан, жакынкы аралыкта ветеринардык көзөмөл алынат дегенге мен ишене албайм.

Ал эми мурдагы депутат Эсенгул Исаков ветеринардык көзөмөлдүн алынбаганы менен өлкө базарларын башка өлкөнүн эти-сүтү ээлеп, жергиликтүү дыйкан-фермерлердин абалы оорлоп жатканын айтып жатат:

- Элдин эти-сүтү өтпөйт. Сырттан кайра бизге даяр товар келип, базарды ээлеп алды. Биздин Кыргызстан чийки затты контрабандалык жол менен арзан берип, даяр продукцияны кымбат сатып алып жатат. Биз азыр Бажы биримдигинин базарын колдоно албай, алар бизди колдонуп жатат.

Өкмөт веткөзөмөлдү алуу боюнча буга чейин жасалып жаткан иштерди илгерилетерин убада кылууда. Ага ылайык, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги үч ай аралыгында Кыргызстандагы айыл чарба продукциясын экспорттоого зарыл шарттарды түзүшү керек.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев чек арадагы ветеринардык көзөмөлдүн сакталышы экспортко терс таасирин тийгизерин, бирок бул жаатта абалды оңдоого багытталган иштер аткарыларын билдирүүдө:

- Экспортко чыкчу продукциянын көлөмүнө таасирин тийгизүүдө. Ветеринардык көзөмөлдү алуу менен эт жана сүт продукцияларынын экспорту көбөйөт. Эми акыркы өкмөт жыйынында атайын тапшырма Айыл чарба министрлигине берилди. Алар үч айдын ичинде логистикалык борборлорду куруу жана айыл чарба продукцияларын экспорттоого шарт түзүү боюнча ишти тездетиши зарыл. Үч ай аралыгында алар бул иштерди алып барат.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине былтыр толук кандуу мүчө болуп кирген. Андан соң бажы жана фитосанитардык көзөмөл алынган. Бирок Казакстан кезек-кезеги менен жашылча-жемиш өткөрүүдө чектөөлөрдү коюп келет.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча бир катар маселелер бар экенин, бирок жалпысынан бул жараянды оңунан баалай турганын бүгүн Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен жолукканда билдирди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG