Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуялар боюнча сот иши башталганына үч жылга аяк басты, бирок анын качан аяктаары белгисиз бойдон.

11-ноябрда Бишкекте 7-апрелдеги окуялар боюнча сот иши уланды. Анда айыпталуучулар ошол окуяларды камтыган видеотасманы көрүүнү сунуштады. Бирок аны көрүүгө жабырлануучулар жана прокурорлор каршы болду.

Тасмаларда калган 7-апрель

Апрель сотунда айыпталуучулар жана алардын адвокаттары мындан үч жыл мурда 7-апрелде Бишкекте болгон окуяларды камтыган видеотасманы көрүүнү сунуштады.
Айыпталуучулардын бири, УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурдагы жетекчиси Алмаз Жолдошалиевдин сотто маалымдашынча, убакытты үнөмдөө үчүн тасма кыскартылган:

- Бул фото жана видео материалдар интернеттен, КТР, НБТ, НТС телеканалдарынан алынган. Эркин журналисттердин жана жеке адамдардын тарткандары да бар. Аларды көрүү бир канча күндүк убакытты албашы үчүн айрым жерлерин кыскартканбыз. Видеотасма 7-апрель күнү эртеден-кечке чейин укук коргоо органдары жана митингчилер кандай аракеттерди жасаганын камтыйт. Биздин максат - ал күнү ким өзүн кандай алып жүргөнүн калыс жана туура көрсөтүү.

Сунушталган видеотасманы көрүүгө мамлекеттик айыптоочулар жана жабырлануучулар каршы чыкты. Прокурор Азамат Мамбетовдун пикиринде, интернеттен жана башка маалымат булактарынан алынган тасмалар мыйзамдагы эрежелерди сактоо менен чогултулушу кажет болчу жана сунушталган эле тасманы сотто көрө берүү туура эмес.

Ал эми жабырлануучуларды видеотасманын кыскартылганы жана кесилгени нааразы кылып, 7-апрелде уулунан ажыраган Замир Казиев судьяга кайрылды:

- Бул жерде Жолдошалиев тасманы монтаждап келдик деп жатат. Урматтуу сот, мен монтаждалган видеону көрбөйм. Менин баламды аткандар жоопко тартылышы керек. 7-апрелде 300дөй адам жараат алган. Бирок булар видеотасмада анын баарын көрсөтпөйт. Өздөрүнө ылайыктуу жерин гана көрсөтөт.

Кызуу талаш-тартыштан кийин тергөө учурунда табылган ондогон видеотасмалар менен бирге жогорудагы талаштуу видео дагы көрсөтүлмөй болду. Деген менен үч жылга аяк баскан апрель соту качан акырына чыгары белгисиз.

Созулган сот

Жабырлануучулардын адвокаты, “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев соттун созулушун мыйзам ченемдүүлүк катары карайт. Ал токсонго жакын адам каза таап, 300 адам жараат алган сот иши бир заматта бүтүшү мүмкүн эмес болчу деген ойдо. Ошону менен бирге ал соттолуучулар сотту созууга кызыкдар болушканын кошумчалады:

- Кылмыш ишинде материалдардын көлөмү абдан чоң. Сурала турган адамдар да көп болчу. 500-600 адам сурак берген бул өтө сейрек кездешкен кылмыш иши. 28 адам айыпталып жатат. Алардын укуктары бузулбасын деп сот шашпай калыс карады. Азыр эми аудио-видеолорду көрүп бүтсөк, андан кийин жарыш сөзгө өтөбүз. Андан кийин өкүм болот. Аяктап баратабыз десек болот.

Айыпталуучу Алмаз Жолдошалиев да сот мүмкүн болушунча ишти калыс кароого аракет кылууда, бирок чечим коомчулуктун жана бийлик өкүлдөрүнүн кысымы алдында чыгышы мүмкүн деп ойлойт. Ал эми аскер кызматкерлеринин укугун коргоо уюмунун төрагасы Алымбек Ниязовдун айтышынча, апрель окуясы боюнча сотто саясий гана өкүм чыгышы ыктымал.

- Үч жылдан бери аскер кызматкерлеринин үстүнөн болгон айыптоолор өзүнүн негизин таба албай келатат. Бул сот иши Орусия жана башка өлкөлөрдүн мисалындай, саясий чечим менен гана бүтүшү мүмкүн. Ал эми кылмыш иши катары калыс чечим чыгышы күмөн.

Апрель окуялары боюнча 28 адамга айып тагылып, Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш баштаган бир нече адамга эл аралык издөө жарыяланган.

Ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаев учурда тергөө абагында отурса, 2010-жылы жогорку кызматтарда турган Мурат Суталинов, Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев жана башка адамдар үй камагына чыгарылган.

Апрель окуясы боюнча сот иши 2010-жылдын 17-ноябрында башталган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG