Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Пара алган деп шектелген Бишкектеги судья Гүлайым Эркебаева ага карата кылмыш иши бийликтин тапшырмасы менен жасалма далилдердин негизинде козголгонун айтып чыкты.

Анын жактоочусу Соттор кеңешине кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун тастыктаган жүйөлөрдү келтирди. Бирок Соттор кеңеши Гүлайым Эркебаевага кылмыш ишин козгоого макулдук берип, аны кызматтан четтетип туруу чечимин чыгарды. Судьянын кол тийбестигин алууну сураган Башкы прокуратуранын өкүлү ага тагылган айып боюнча далилдер жетиштүү деп билдирди.

Жалаа жабуунун жаңы амалы

Бишкектеги Октябрь райондук сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу
Гүлайым Эркебаевага апрель айынын башында пара талап кылуу, пара алуу жана паракорчулукка ортомчулук беренеси боюнча иш козголгон. Андан он күндөн кийин Бишкек шаардык прокуратурасы мурдагы беренедеги кылмыш белгилерин Кылмыш-жаза кодексинин 166–алдамчылык беренесине кайрадан өзгөрткөн. Ага чейин коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Гүлайым Эркебаева 2-апрелде 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды” деп маалымат тараткан болчу. Бирок тергөөдө ал өзү түздөн-түз пара менен кармалбаганы аныкталган. Судья Гүлайым Эркебаева мунун себебин кылмыш иши жасалма уюштурулганы менен байланыштырды:

- Жогорку Сотто иштеген Рахат Абылкасымова деген таанышым “кафе ачтым эле, эмнеге көрүп кетпейсиң” деп эле бир күндө 3-4 жолу чалып туруп алды. “Төрайым болуп, бизди карабай калдыңбы” деп таарына бергенинен анын кафесин көрүп кетейин деген ниет менен эле бардым эле. Анан ал жакта Рахат менен чогуу отурган Ажымаматова деген доогерди мурда көргөн эмесмин. Эгер алдап, акча талап кыла турган болсом аны менен мурдатан тааныш болушум керек эле да. Жанагы жазылып алынган анын үнүндө деле мени ал тааныбай турганын айтып жатпайбы. Буга окшогон жагдайларга тергөө көңүл бурбай койду. Анан калса Ажымаматованын иши шаардык соттун кароосуна өткөн. Анан ал ишти жакшы жагына чечүүгө менин кандайча таасирим тийиши мүмкүн эле?

Соттор кеңешинин мүчөлөрү судья Эркебаевага айып угузууга макулдук берүүнү сураган Башкы прокуратуранын өкүлүнүн пикирин да сурады. Ишти караган тергөөчү Дастан Узулбеков судья Эркебаеванын айыбын тастыктоочу далилдер жетиштүү экенин айтып, бирок ага кеңири токтолгон жок.

Соболу жок Соттор кеңеши

Соттор кеңешинин мүчөлөрү тараптарды угуп, бирок акыйкатты ашкерелечү суроолорду беришкен жок. Бир нече мүнөттүк жашыруун кеңешүүдөн соң соттор кеңешинин төрагасы Дастан Айжигитов Эркебаеванын кол тийбестигин алууга уруксат берген чечимди окуду:

- Соттор кеңеши Башкы прокуратуранын Эркебаеваны жоопко тартууга уруксат берүү сунушун карап чыгып, кылмыш ишинин материалдарын иликтеп чыгып, ага макулдук берүү чечимине келди. Ошондой эле Соттор кеңеши тергөө учурунда аны убактылуу кызматынан четтетип туруу боюнча сунушту киргизет.

Соттор кеңешинин төрагасы Дастан Айжигитов аталган чечим кандайча чыгарылганын негиздеп берүү боюнча коюлган суроого жооп берүүдөн баш тартты. Судья Эркебаеванын адвокаты Саатовдун Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүсүнө “ал коргоп жаткан судьяга башында пара алуу беренеси коюлуп, бул боюнча тастыкталбаган маалымат таратылып, анан бирок кийин далилдер жетишпей калганда гана ал берене эмне үчүн алдамчылык боюнча айыптоого алмаштырылды?” деген суроосу жоопсуз калды. Адвокат Таалайбек Саатов жүйөлөрдү Соттор кеңеши акыйкат карап, чечим чыгарган жок деп сынга алды:

- Биз келтирип жаткан мыйзамдуу талашсыз жүйөлөр Соттор кеңешине макулдук бербей койууга толук негиз берет болчу. Бирок Соттор кеңеши эки тараптын материалдарын иликтеп чыккандан кийин акыйкат сөзүн айта алган жок. Муну менен Соттор кеңеши бийликтен көз каранды экенин көргөзүп койду. Болбосо Соттор кеңеши жанагы беренелер эмне үчүн алмашканына маани бергенде эле бул иш кандайча уюштурулганы ачыкка чыкмак. Пара менен кармалды деп кине койгон, бирок Эркебаеванын жанынан акча чыккан эмес да. Атайын белги коюлган акчалар берки эки адамдан чыкканы аныкталып калгандан кийин алдамчылык жол менен акча талап кылуу дегенди тагып жатышпайбы.

Иритмеси чыккан ички интригаларбы?

Судья Гүлайым Эркебаева 2013-жылы январь айынын аягында Жогорку Сот тарабынан Октябрь райондук сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Жаңы жобого ылайык, Сотторду тандоо кеңеши райондук соттун судьялар курамын толук бекиткен соң, төрайымды эмгек жамааты шайлайт. Судья Эркебаеванын коомдук жактоочусу Жаркынбек Касымбеков кылмыш ишин козготуунун негизги себеби катары төмөндөгүлөргө токтолду:

- Башында соттун төрайымдыгына жогору жактан башка бир талапкер даярдалган. Бирок анын көрсөткүчтөрү жана башка критерийлери туура келбей калып, альтернативалуу талапкер катары эмгек жамааты Гүлайымды көрсөтөт. Буга өчөшүп калган жогору жактагы кызыкдар адамдар мына ушунун бардыгын уюштуруп отурат. Гүлайым аларга ыңгайсыз кадр болуп калды. Анткени бул алардын айткандарын угуп, чечим чыгартмак эмес. Ошондуктан ичип-жеп жүргөн дөө-шаа коррупционерлер эмес, жаш өсүп келе жаткан кадрлар ушинтип чабылып отурат.

Бирок президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева айтылган дооматты четке кагып, мындай иштерге кийлигишпей турганын белгиледи:

- Бул ишти прокуратура менен сот органдары гана изилдеп чыгып, укуктук баа беришет. Биз ага эч кандай кийлигише албайбыз. Ошондуктан мен бул тууралуу эч нерсе дей албайм. Ал адамдын иш-аракетинде чын эле мыйзам бузуу барбы же жокпу аны сот гана аныктайт.

Кол тийбестиктен ажыратылган судья Гулайым Эркебаеванын иши жакында сотто каралмакчы. Гүлайым Эркебаева Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, учурда улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин кызы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG