Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Текебаевдин тарапкерлери Апрель окуясынын курмандыктарын эскерди


Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык акциясын өткөрүп жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Ак үй жактан аянтты көздөй кайтып келатып 2010-жылдын Апрель окуясында курман болгондорго арналган эстеликтин жанына токтоп, куран окушту.

Саясатчынын бошотулушун талап кылган 1000 чамалуу адам бир саат мурда аянттан жөө жүрүш менен Ак үйгө барды. Алар бийликти басып алуу ниети жоктугун айтып, Жогорку Кеңештин спикери жана фракция лидерлеринин чыгуусун талап кылышты.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевден саясий куугунтукту токтотууну талап кылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG