Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Карасартова: Референдум укук бузууга жол ачат


Рита Карасартова
Рита Карасартова

Кыргызстанда бийлик убада калган сот реформасы ишке ашпай жатканына эмне себеп? Канткенде элде сотторго ишеним пайда болот? "Азаттык" “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова менен маектешти.

“Азаттык”: 2012-жылы Кыргызстанда сот системасын бекемдөөгө багытталган, атайын беш жылга эсептелген программа кабыл алынган болчу. Андан бери төрт жыл өтүп калды. Бирок кардиналдуу бир өзгөрүү болду дегенди уга элекпиз. Эмне себептен ушундай болуп жатат деп ойлойсуз?

Карасартова: Сот реформасы токтоп калганы, артка кайтып жатканы президенттин же анын тегерегиндегилердин жеке кызыкчылыгына байланыштуу болууда. Алардын баары президентке шылтай берет. Ал эми аппараты болобу, Жогорку Кеңештин депутаттары болобу, ошонун баарын колдоп, кээде мыйзамдарды окубай эле кол көтөрүп жатканы жалпы сот системасынын талкаланышына алып келди.

“Азаттык”: Буга эмне себеп? Система жөнгө салынбай жатабы же реформа башка нук менен кеттиби?

Ак үйдөн сотторду ким тескейт?

Ак үйдөн сотторду ким тескейт?

Депутат Канатбек Исаев президенттик аппараттын кызматкерлери соттордун ишине кийлигишип, башкарып жатканын айтып чыкты.

Карасартова: Сот бийлиги көз каранды болбой, мыйзам чегинде гана иштеши керек деген талап негизги, түпкү көйгөй болууда. Анткени соттун аркасы менен мүлктү да тартып алса болорун билишти.

Мына, Нариман Түлеевдин, анын атасынын, бир туугандарынын бир топ мүлкүн тартып алууга барышкан. Азыр Абеков турат. Көптөгөн сот процесстери жабык болууда. Бийликти тартып алууга аракет кылды деп айыпталгандардын сотуна бир да кишини киргизбей жатышат. Булар соттун колу менен каалаган кишинин оозун жаап койсо болорун билишти.

Исаевдин 5-8 жыл мурдагы иштери боюнча унчукпай келишкен, эми ал Конституцияны өзгөртүүгө каршымын деп койсо кетирип жатат.

Сотторго да ушундай мамиле. Клара Сооронкулованы “биометриканын аркасы менен шайлоого мажбурлоо жүрөт” деп айтканы үчүн үч күндүн ичинде жумуштан кетирип таштаган.

“Азаттык”: Ишти оңдоонун жолдору барбы?

Карасартова: Негизи, сотко басым жасоо аракети бардык эле мамлекеттерде болот. Биз чет өлкөлүк соттор менен сүйлөшсөк, алар “Биз күндө чечим чыгарууда мыйзам чегинде иштөө аркылуу өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды ырастайбыз. Ким басым кылбасын, мына, мыйзам ушундай, жакпайбы, мыйзамды өзгөрткүлө деп жооп беребиз” деп айтып беришти.

Бизде тилекке каршы, сотторду президенттин чечими боюнча жаңылап алып келдик дегенибиз менен мыйзамдар аликүнчө кабыл алынбай келатат. Жогорку Кеңештин буга чейинки, бешинчи чакырылышында да, азыр да кабыл алына элек.

“Азаттык”: Кайсы мыйзамдар тууралуу кеп болууда?

Карасартова: Президент 2012-жылы жети топ түзгөн. Алар Жаза кодекси, Жарандык кодекс жана башка документтерге байланыштуу системалык өзгөрүүлөрдү караган мыйзамдарды иштеп чыккан. Ошонун 10% ашса ашты, калган 90% азыр парламентте экинчи, биринчи окууда жатат. Кабыл алайын деген ойлору жок. Анткени Көчмөндөр оюну, шайлоо деп улам бири чыгат, эми референдум болгону жатат.

Канча деген киши ошол мыйзамдардын кабыл алынышын күтүп абакта жатат!? Себеби ал жакта майда кылмыш жасагандарды камабай, айыппул салууну, гумандаштырууну караган да мыйзам долбоорлору бар. Жакында боло турган референдум аркылуу да адам укугун буза турган укмуш нормалар киргени жатат.

“Азаттык: Мисалы?

УКМКда сотторду тескеген кишилер бар. Алар тууралуу маалымат бербегени – эмне деп айтарын билбей жатканы. Ар бир сот отурумуна президенттик аппараттын Укуев деген кишисин отургузуп коюшат.

Карасартова: Мисалы, судьяны башка районго которуу же жумуштан алып салуу укугу президенттин колунда болот. Азыр деле анын колунда, бирок, мисалы, биз Клара Сооронкулованы алып салышканда бул мыйзамсыз экенин айтып чыкканбыз, ал эми азыр, Конституцияга кирип калгандан кийин мыйзамдуу болуп калат, президент каалаганын кылат.

Дагы бир мисал, кызматтык кылмыштардын баарын прокуратурадан алып, УКМКга беребиз деп жатышат. Бирок УКМКнын жүзүн көрүп жатасыңар. Бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан Эрнис Карыбековду баланча деген тергөөчүңөр алып кетти деп УКМКнын түбүнө барсак, “бизде андай тергөөчү жок” деп алдашты. Бир аздан кийин ошол адам УКМКдан чыгып келатканын көрүп, “ушул киши да” десек, “аа, ооба” деп калышты.

УКМКда сотторду тескеген кишилер бар. Алар тууралуу маалымат бербегени – эмне деп айтарын билбей жатканы. Ар бир сот отурумуна президенттик аппараттын Укуев деген кишисин отургузуп коюшат. Сооронкулованы жумуштан кетирип жатканда Соттор кеңешинин судьялары бир да суроо бере албай коюшту. Ушунчалык коркушат, анткени “туура эмес” ишке бара турган болсо эле, Сооронкуловадан кийинки ошолор болот.

“Азаттык”: Демек, сот реформасы жүрбөй жатышына мыйзамдардын чийкилиги күнөөлүү болуп жатабы?

Карасартова: Жок, биз дайыма эле мыйзам чийки, Конституция чийки деп келебиз...

“Азаттык”: Сиз жогоруда реформа кылчу мыйзамдардын 10% эле кабыл алынды деп айттыңыз эле.

Карасартова: Президент эрктүү болсо бул реформаны алдыга жылдырып, акыйкат чечимдерди кабыл алдырууга шарт түзүлмөк.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG