Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Нарымбаев: Атамбаев Түлеев ырайым сураса болорун айткан


Нарымбаев: Атамбаев Түлеев ырайым сураса болорун айткан
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:52 0:00

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгаруу үчүн анын жакындарынан талап кылынган 200 миң долларга байланышкан отурум Биринчи май райсотунда уланды. Анда 50 миң доллар пара алды деп айыпталып жаткан президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев Түлеевдин мүлктөрүн камактан бошотуу маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев да убагында кабардар болгонун билдирди. Нарымбаевдин айтымында, өлкө башчысы Түлеев андан ырайым сураса болорун айтып, сүйлөшүүлөргө КСДП лидери Чыныбай Турсунбековдун аралашуусуна макулдук берген. Экс-депутат Хажимурат Коркмазов Нарымбаев аталган маселени чечүү үчүн Түлеевдерден 200 миң доллар сураганын, анын 50 миңин Жогорку Соттун ошол кездеги төрага орунбасары Канатбек Турганбеков менен болгон телефондук сүйлөшүүсү үчүн алганын айтты. Өз кезегинде Нарымбаев мунун баары жалган деди.

XS
SM
MD
LG