Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Сот Нарымбаев менен Коркмазовду камакта калтырды


Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазов сотто.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазов сотто.

Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун үстүнөн сот өкүмү чыкты.

24-майда Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовду күнөөлүү деп тапты. Муну менен Биринчи май райондук сотунун мурдагы чечими өзгөрүүсүз калды.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук милдетти аткарган деп айыпталууда. Алар былтыр жыйында кармалган.

Нарымбаев менен Коркмазов күнөөлүү деп табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле.

Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Кечээки сот жараянында тараптар жарыш сөз сүйлөшкөн. Анда Данияр Нарымбаев да, Хажимурат Коркмазов да күнөөсүз экендигин айтышкан.

Нарымбаев: менин күнөөм далилденген жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Коркмазов жаза мөөнөтүн өтөп бүттү​бү?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун абактагы жаза мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу анын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук соту жана Бишкек шаардык соту кабыл алган жаза мөөнөттү өтөп бүттү. Буга байланыштуу УКМК керектүү документтерди толтурган соң экс-депутат эркиндикке чыгышы керек.

Нарымбаевдин адвокаты Жогорку Сотко кайрылат

Президенттик аппараттын мурдагы төрагасы Данияр Нарымбаевдин адвокаттары болсо, Бишкек шаардык сотунун чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко кайрылмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман билдирди. Анын айтымында, ишти караган соттук коллегия иш боюнча пайда болгон видео тасмаларды эске албастан чечим чыгарды. Ошондуктан адвокаттар Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылат.

Ал эми мамлекеттик айыпталуучулар Нарымбаев жана Коркмазов боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча кийинчерээк комментарий берерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG