Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Кыргызстанда токтоп калган сот реформасын алдыга жылдыруу аракети көрүлүүдө.

Президент каршы пикирин билдирген соттор боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн депутаттык топ түзүлдү. Ал эми сот реформасы башынан кемчиликтер менен коштолгонун айтып, аны жоюу аракеттеринен майнап чыгарына ишеним артпагандар да бар. Ал аралыкта Кыргызстанда ондогон судьялардын ыйгарым укуктары токтоп, сот системасында боштук жаралганы айтылууда.

Эми депутаттык комиссия...

21-январда Жогорку Кеңеште президенттин сот реформасына байланыштуу мыйзамдарга билдирген каршы пикирин кайра карап чыгуучу депутаттык мунаса комиссиясы түзүлдү. Мунаса тобуна ар бир фракциядан бирден депутат, ошондой эле президенттин өкүлдөрү Данияр Нарынбаев менен Индира Жолдубаева кирди. Бул топ “КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө”, “КР судьяларынын статусу жөнүндө”, “КР Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизмекчи. Бул мыйзамдарга экс-президент Роза Отунбаева каршылыгын билдирип, айрым беренелер сот ишине кедергисин тийгизээрин көрсөткөн.

Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев мунаса тобунун максаты боюнча буларды билдирди.

- Президенттин каршы пикирин аттап өтпөстөн, депутаттар менен биргелешип, макулдашылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгышыбыз керек. Бирдиктүү макулдашылган долбоорду кабыл алып, аны парламент колдоп, президент кол коюп берсе, Сотторду тандоо кеңешинин иши жанданып, иштей баштайт деген ойдобуз.

Жогорку Кеңештин иш тартибине ылайык, президенттин каршы пикирин депутаттар ашып өтүп, же макулдашылган орток пикирге келүүлөрү керек.

Данияр Нарынбаевдин айтымында, мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин Сотторду тандоо кеңешинин курамы өзгөрүшү ыктымал. Мындан тышкары, Жогорку Соттун судьяларын тандоо боюнча сынак да кайра жарыяланышы мүмкүн.


Көз карандысыздык - соттордун табияты


Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү президент менен парламент сот системасынын өз алдынчалыгына жана көз карандысыздыгына шек келтирип келатат деп сындашууда.

Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова сотторду өз алдынча орган тандашы керек деп эсептейт:

- Жогорку Кеңеш менен президент болсо, нотариус катары кол коюп гана коюшу зарыл. А бүгүнкү күндө болсо, жергиликтүү сотторду президент гана тандагандай болуп калууда. Анткени, “ооба” же “жок” деп ал кол койот. Ал эми Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын болсо Жогорку Кеңеш тандап калууда. Эгер акырында президент менен парламент тандай турган болсо, Сотторду тандоо кеңешинин эмне кереги бар? Анда ачык айтып, эле өздөрү тандай беришпейби.

Карасартова мыйзамга түзөтүүлөр киргенден кийин да бул маселе чечилбей кала берет деген ойдо:

- Жогоку Кеңеште түзүлгөн макулдашылган комиссия муну карай албайт. Анткени мыйзам боюнча президент макул болбогон беренелерди гана карай алат. Азыр алар андан башканы карай алышпайт.

Ал эми Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев Сотторду тандоо кеңешинин курамы, дегеле сот реформасы депутаттар тарабынан киргизиле турган өзгөртүүлөргө көз каранды деп эсептейт.

- Азыр макулдашылган топ түзүлдү. Алар мыйзамга өзгөртүү киргизет. Баары ошондон кийин гана белгилүү болот. Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын.


Сот системасында боштук барбы?


Эксперттердин айтымында, өткөн жылы башталган сот реформасынын ара жолдо калышына президент, парламент жана жарандык коомдун Сотторду тандоо кеңеши боюнча бир пикирге келе албагандыгы себеп болду. Сотторду тандоо кеңеши, алар тандаган Жогорку Соттун судьялары боюнча былтыр күздө бир топ жаңжалдар чыкканы белгилүү.

Ал аралыкта судьяларды тандоо тартиби мыйзам аркылуу аныкталбаганына байланыштуу 160 судьянын ыйгарым укуктары жана мөөнөттөрү жаңы жылдан тарта токтоп турат. Бул өз кезегинде сот системасынын ишине кедергисин тийгизүүдө.

“Адам укугу жана демократия” борборунун деректири Идирис Кубатбеков мындай дейт.

- Канчалаган судьялардын ыйгарым укуктары токтогондон пайда болгон боштук, Кыргызстандагы мыйзамдуулук жараянына албетте кедергисин тийгизет.

Сот реформасын акырына чыгара албай калганын айткан экс-президент өткөн жылы 28-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев башында турган комиссия түзүп кеткен. Бирок бул комиссия иш жүзүндө эч кандай иш жүргүзгөн жок.

Учурда президент Алмазбек Атамбаев да сот реформасына байланыштуу жарандык коомдун жыйырмадай мүчөсүнөн турган комиссия түзүп жатканы айтылууда. Мунун баары кыргыз бийликтери сот реформасын жүргүзүү боюнча аракеттерди көрүп жатканынан кабар бергенсийт. Бирок иш жүзүндө сот системасы акыркы кездери кескин начарлап кеткени белгиленип келатат.
XS
SM
MD
LG