Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

Жогорку Cоттун төрайымы Феруза Жамашева сот реформасын соңуна чыгарчу жагдайлар туурасында “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Учурда сот системасын реформалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жакында өткөн жыйында Кыргызстанда сот реформасы узакка созулуп кетти деген пикирин айткан. Андан сырткары бул система азыр “шал” абалында турат деген да пикирлер жок эмес. Ушундай сындар канчалык орундуу?

Феруза Жамашева: Сот реформасы 2010-жылы эле башталды. Жаңы Конституцинын негизинде бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген, жаңы органдар түзүлгөн. Тилекке каршы ошол органдар иштей баштаганда бир топ кемчиликтер да пайда болду. Аны жоюш үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизе турган шарт болду, ал өзгөртүүлөр киргизилип, бардыгы такталып, ирээnтелип кайрадан иш башталды.

Пара албаш үчүн соттордун айлыгы бай болуп жашабаса дагы үй-бүлөсүн каржылаганга, коммуналдык төлөмдөрдү төлөп, балдарын жакшылап чоңойтконго жетиштүү болушу керек. Азыркы маянасы чындыгында азыраак...


Азыркы мезгилде тандоо болуп жатат. Бүгүнкү күндө Жогорку Соттун жаңы түзүмү иштеп жатат. Жалпысынан 35 штат болсо 30 судья иштөөдө. Мындан сырткары Жалал-Абад, Чүй, Ош облустук, Бишкек шаардык сотунун жаңы түзүмү иштей баштады. Жаңы Конституцияга ылайык, соттор төрага жана орун басарларын тандап иштеп жатышат. Жумушчу топтор дагы кайсы мыйзамдарга кандай өзгөртүүлөрдү киргизиш керектиги боюнча иш алып барууда.

“Азаттык”: Бийликтин бул бутагына элдин ишеними төмөн экени баарына белгилүү. Жакында Бишкекте өткөн судьялардын аймактык форумунда да ишенимди кайтаруу маселеси талкууланган экен. Мисалы өзүңүз ишенимди кайтаруу үчүн кандай чараларды сунуш кылдыңыз?

Феруза Жамашева: Сот системасында чындыгында квалификациясы жогору адистер иштеш керек. Бирден-бир маселе ушул, андан тышкары финансылык-техникалык каржылоо. Мисалы биздин бүт бардык сот залдары аудио-видео фиксация менен камсыз болушу керек деген сунушубуз бар. Ошондо сот кандай өтүп жатат, сот ишин кандай деңгээлде өткөрүп жатат, кандай суроолор берилүүдө, тараптардын укуктары сакталып жатабы деген маселелер белгилүү болот эле. Анткени бизге сот бир тарапка тартып атат, ал тарап менен сүйлөшүп алган, аларга башкача, бизге башкача суроо берип жатат дегендей арыздар көп келет. Ошого да чоң жардам бермек. Бул сотторду дагы, тараптардын өздөрүн дагы тартипке тартат болчу. Кээде тараптар дагы сот жараяндарында өзүн жаман алып жүрүшөт.

Андан сырткары азыр почта аркылуу адамдарды сотко чакырганга каражат жок болуп калат. Ошол эле кагазга, соттун өкүм, чечимдеринин көчүрмөлөрүн чыгарып бергенге кагаз жок болуп, принтердин сыясы түгөнүп калган учурлар болот. Ошентип отурса биз кантип ишенимди күчөтүп, коррупция менен күрөшөбүз.

“Азаттык”: Президент Атамбаев сот тармагындагы коррупциянын тамырын кыркуу бүгүнкү күндөгү эң негизги милдет деп айткан эле. Судьялардын айлыгы билишибизче Кыргызстанда жогорку маяналардын катарына кирет. Сот пара албасы үчүн, сиздин оюңузча, судьянын айлыгы канча болушу керек?

Феруза Жамашева: Пара албаш үчүн соттордун айлыгы бай болуп жашабаса дагы үй-бүлөсүн каржылаганга, коммуналдык төлөмдөрдү төлөп, балдарын жакшылап чоңойтконго жетиштүү болушу керек. Азыркы маянасы чындыгында азыраак. КМШ өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандын соттору эң аз айлык алышат. Бизде биринчи инстанциядагы соттор орточо 15 миң сомдун тегерегинде алышат.

Хансарайлар боюнча териштиргенде, бир судьянын аялы көп жылдан бери коммерция менен алектенет экен. Экинчи бир судья сот болуп иштей электе эле бизнес менен алектенип, кийин ал ишин туугандарына өткөрүп бериптир...


“Азаттык”: Бишкектеги, Оштогу хансарайлар катарында сотто иштегендердин да кабат-кабат үйлөрү аз эмес. Ошондуктан, таптаза сот бар дегенге бир да киши ишенбесе керек. Ошончо айлык менен кантип хансарай салышат, кызыгып көрдүңүздөр беле?

Феруза Жамашева: Бир-эки сиз айткандай окуя боюнча териштирип көрдүм. Бир судьянын аялы көп жылдан бери коммерция менен алектенет экен. Түркия, Араб Эмиратына барып товар алып келип алектенет экен. Экинчи бир судья бар, ал сот болуп иштей электе эле бизнес менен алектенип, кийин ал ишин туугандарына өткөрүп бергенин түшүндүрүштү. Толук тергеп чыккан жокмун, бирок кызыгып сурап көргөндө ушунтип түшүндүрүштү.

“Азаттык”: Сот адилеттигин камсыз кылуу үчүн жетекчилик орундарга чет өлкөдөн адистерди алып келиш керек деген пикирлер бар. Бул канчалык жөндүү деп ойлойсуз?

Феруза Жамашева: Эгер андай кадамга барсак, Кыргызстанда эч нерсеге жарабаган адистер калды, акыркы эле жол ушул, башка жол жок деген ойго макул болгондой болобуз. Экинчиден, биздин ушундай шартка, айлыкка башка өлкөдөн адистер келеби. Ушундай шартка өзүн сыйлаган бир да адис келбейт болуш керек.

“Азаттык”: Мурдагы бийлик тушунда соттор бийликтин саясый тапшырмасын аткарат деп ачык эле айтылып келгени бар. Айталык, өткөндө камактагы үч депутаттын жактоочулары азыркы сот да бийликтин шыбыры менен саясый чечим алганы жатат деген биилдирүү жасашты. Буга кандай комментарий бересиз?

Феруза Жамашева: Бул жерде саясий буйрук жок. Мыйзамдын негизинде эле каралып жатат. 29-мартка чейин тыныгуу жарыяланган. Ушул күнү өкүм чыгышы керек. Өкүмдүн натыйжасын көрөбүз, аны мен деле билбейм. Судья кандай өкүм чыгарса ошондой болот да.


Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG