Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:23

Сабиров “жел берене” менен соттолгонбу?


Экс-министр Равшанбек Сабировду Биринчи май райондук сотуна алып келүүдө. 6-июль, 2012-жыл.

Экс-министр Равшанбек Сабировду Биринчи май райондук сотуна алып келүүдө. 6-июль, 2012-жыл.

Экс-министр Равшанбек Сабиров Кылмыш-жаза кодексинде жок берене менен соттолгон. Мындай билдирүү менен чыккан анын адвокаты жана депутаттар Сабировдун абакта мыйзамсыз отурганын айтышууда.

Чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупциялык аракеттер боюнча айыпталып, беш жылга соттолгон Сабиров азыр жазасын №47 абакта өтөп жаткан учуру.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун адвокаты Нина Зотова экс-министр абакта мыйзамсыз отурат деп эсептейт. Анын айтымында, Сабиров абакка кесилгенге чейин 7 ай мурда эле ал соттолгон берене Кылмыш-жаза кодексинен алынып салынган. “Экс-министрди Кылмыш жаза кодексинин 2007-жылдагы эски редакциясы менен мыйзамсыз соттоп жиберишкен”, - деди адвокат Зотова.

- Равшанбек Сабировго 311 жана 313-берене (ири суммадагы акча талап кылуу), ошондой эле 304 - берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча айып коюлган. Биринчи май райондук соту аны бул беренелер боюнча толугу менен актаган. Бирок бул чечим боюнча прокуратура Бишкек шаардык сотуна арызданган. Шаардык сот Сабировду актаган райондук соттун чечими менен макул болуп, бирок анын иш-аракети 310 - беренеге, башкача айтканда “паралап сый берүү” беренесине ылайык келет деп тапкан. Бирок бул беренени Жогорку Кеңеш 2012-жылы мыйзамдан алып салып, ал өзгөртүү ошол жылдын 10-августунда күчүнө кирген.

Курманбек Осмонов

Курманбек Осмонов

Экс-министр Равшанбек Сабировду беш жылга кескен Бишкек шаардык сотунун чечими 2013-жылдын 13 -мартында чыккан. Кийин аны Жогорку Сот да күчүндө калтырган. Кылмыш-жаза кодексинен 310 -берене алынып калгандыгына байланыштуу ал жакында жарыяланган мунапыска да илинген эмес. Адвокат Зотова "Сабиров мунапыска илиниши керек болчу, ошону менен бирге толук акталышы керек" деп да эсептейт. Сабировдун адвокатынын арызын Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети да карады. Комитет мүчөсү, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов да Зотованын жүйөөсүнө макул:

- Мындайча айтканда, жок берене менен соттоп жиберишиптир. Биз муну комитетте карадык. Эми кандай болгон күндө дагы, ал мыйзамсыз отургандан кийин чыгарылышы керек.
Эгер бул берене мыйзамдан алынып калганын айтып чыксам, албетте Сабировду актабай, тескерисинче мындан да оор берене менен соттошу мүмкүн болчу.

Аталган комитет Сабировдун маселесин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароону сунуштады. Равшанбек Сабиров социалдык өнүктүрүү министри болгонго чейин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты болчу. Аталган фракциянын депутаты Туратбек Мадылбеков Жогорку Кеңеште буларды билдирди:

- Биз өзүбүз ушул жерден Кылмыш-жаза кодексинен 310-беренени алып салганбыз. Ага президент кол койгон. Жок берене менен биздин соттор соттоп жатса, ага көзөмөл кылган башкы прокуратура да муну карабай отурат. Биз укуктук мамлекетпизби же кандай? Кеч да болсо Сабировдон кечирим сурап, аны бошотуу керек.

Икрамидин Айткулов Равшанбек Сабиров соттолуп жаткан кезде анын жактоочусу болгон. Ал экс-министрдин саясий негизде камалып жатканын, бир адамдын гана көрсөтмөсүнө таянып, кылмыш ишин козгошконун айтып, Сабировдун акталышын талап кылган. Ал бүгүн да бул пикирин кайталап, Сабиров эркиндикте болушу керек деп эсептейт. Ал эми анын мыйзамда жок берене менен соттолгону боюнча Айткулов буларды билдирди:

- Ошол кезде мен эгер бул берене мыйзамдан алынып калганын айтып чыксам, албетте Сабировду актабай, тескерисинче мындан да оор берене менен соттошу мүмкүн болчу. Сабировдун мыйзамда жок берене менен соттолуп кеткенин азыр адвокаты айтып чыгып жатканы туура. Сабиров саясий негизде мыйзамсыз соттолгон. Аны мыйзамсыз соттогон судьялар келечекте баары бир жоопкерчиликке тартылып, өз жазаларын алышы керек.

Ал эми Жогорку Сот Сабиров абакта мыйзамсыз отурат деген айыптоо боюнча билдирүү тарата элек. Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун 2012-жылдын 5-июлунда кармалган. Кызматынан кыянат пайдаланып, акча өндүрдү деп шектелген министр жана анын жардамчысы кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн ири суммадагы акча талап кылышкандыгы айтылган. Ага чейин УКМК Социалдык өнүктүрүү министрлигинин департамент башчысы Гүлнара Дербишеваны пара алган деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Ал да социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган учурда чет элдик жарандарга бала асырап алууга мыйзамсыз уруксат берүү үчүн эл аралык уюмдардан пара талап кылган жана пара алган деп шектелген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG