Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Сариев: Сот саясий абалды эске алды


Бир жарым жылга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев соттун чечимин бийликтин кысымы катары баалады. Ал арада камалган депутаттардын жактоочулары да сот өкүмүн адилетсиз деп жатышат. “Азаттык” соттун чечими тууралуу саясий серепчи Марс Сариевдин пикирин сурады.

- Соттун өкүмүнө кандай баа бересиз?

-Менимче, соттун өкүмү адилеттүу чыкты. Берилген мөөнөттөр да туура берилди деп эсептейм. Кылмыш кодексинин башка беренелери боюнча эмес, “бийликти басып алууга аракет кылуу” күнөөсү коюлганы да туура. Сот өз чечиминде өлкөнү дестабилдештирбөө үчүн саясий жагын да ойлогон.

- Муну менен сиз депутаттарга аз мөөнөт берилди деп жатасызбы?

- Ооба, аз жыл берилди деп эсептейм. Анткени судья да өлкөдөгү кырдаалды ойлоду.

- Камчыбек Ташиев сот өкүмүн бийликтин ага болгон кысымы деп баалап жатат, мунун жүйөөсү канчалык?

- Ал туура эмес айтып жатат. Негизи берене боюнча айыптоочу тарап сурагандай бийликти басып алуу аракетине 10 жыл берсе да болот. Ташиевдин сөзү саясий билдирүү деп ойлойм.

- Факт катары Камчыбек Ташиевдин Ак үйдүн короосуна өтүп баратканын видеодон билебиз, ал эми Садыр Жапаровго да Ташиевге берилген жаза берилип жатат. Муну кандай бааласа болот?

- Сиз туура айтасыз, Садыр Жапаровдун аракети Ташиевдикине окшош бааланбаш керек эле. Ошондуктан менде дагы эмнеге экөөнө окшош мөөнөт берилди деген суроо пайда болуп жатат.

- Камчыбек Ташиев бийлик өкүлдөрү келип ага эмне дегенин, кандай соодалашып жатышканын соттун жүрүшүндө айтып берээрин мурдараак билдирген эле. Кечээки соттун чечимин бийлик менен оппозициянын соодалашуусунун жыйынтыгы деген пикирлер канчалык чындыкка жакын?

- Бийлик менен оппозициянын ортосунда соодалашуу болду деген маалыматты четке какпайм. Анткени бийлик мамлекетте туруктуулук болушуна кызыктар. Биздин саясатчылар мындай кырдаалда үчүнчү тараптын оюнчулары же ресурстары болуп калаарын ойлоно турган деңгээлде болбогону маселе жаратууда. Сиздер билгендей, азыр транзиттик борбор жана башка Кыргызстанга сырттан багытталган бир нече кызыкчылык бар.

Саясатчылар өздөрүнүн бийликке болгон күрөшүндө дайыма сырткы саясий шарттарды көңүлүнөн чыгарып коюшат. Бирок мындай эки тараптуу соодалашуу, макулдашуу соттун чечимине түздөн түз таасир этти деп ойлобойм. Мыйзам баарынан өйдө туруш керек. Бирок укуктук эрежелерге таянып, катуу жаза берсе, ал өлкөдө кырдаалдын курчушуна алып келээрин судья түшүнөт. Ошондуктан анын чечимине саясий себептер да таасир этти.
XS
SM
MD
LG