Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Жыл сайын Италияда өтүүчү Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмө фестивалы быйыл да сентябрь айында он бешинчи ирет Валтопина шаарында өткөн атат. Ага Кыргызстандан биринчи жолу саймачы Нагима Аламанова катышмакчы.

Саймачылардын сынагынан жеңип чыгып, Италияга жолдомо алган Нагима ийне кармагандан тышкары сүрөт тартып, чопо менен дагы иштейт.

Нагима Аламанова Бишкектеги Көркөм сүрөт академиясынын Керамика бөлүмүн окуп бүткөндөн кийин аспирантурага тапшырып, көркөм өнөр илими боюнча кандидаттыгын жактаган.

Нагима сайма сайганды апасынан үйрөнгөн экен. Сүрөтчү бул өнөрдү чыгармачылык менен өркүндөтүп жатканы тууралуу мындайча кеп курду:

- Апам айткандай, кыргыздын кызы болгондон кийин, ар бир зайып ийнени колуна кармаганды билип, чоркок болбошу керек. Сайма деле искусствонун бир түрү. Сүрөттү ар түрдүү түстөр менен боёп чыксаң, саймада ал боёкторду жип менен кездемеге түшүрөсүң. Ар кандай кооздукту жаратсаң болот.

Гүлсана Сарногоева

Гүлсана Сарногоева

Нагиманын, Италиядагы Валтопина шаарында өтө турган Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк 15-көргөзмөсүнө чакырылуусуна, көп жылдардан бери Италияда жашаган Гүлсана Сарногоева себепчи болгон экен.

Белгилүү Эл акыны Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева Италиядагы Улуттар үйү уюмунун Кыргызстан боюнча өкүлү. Ал көптөгөн мамлекеттердин өкүлдөрүн кыргыз маданияты жана тарыхы менен тааныштырып, “Кыргыз кечелерин” өткөрөт. Бир күнү ал кечеге Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн жетекчисинин жардамчысы Мария Манчини да келип калат:

- Мария Манчини мага кайрылып "Сеньора Гүлсана, биз, эмки жылкы саймачылардын көргөзмөсүнөн Кыргызстанга да орун берели. Катыша тургандар болсо тандап, алып келиңиз”, - деп айтып калды. Мен дароо эле Фейсбук аркылуу бир топ саймачылар менен таанышып чыктым. Андан кийин интернет аркылуу конкурс жарыяладым. Эрежеге ылайык, бир эле саймачы келиши керек экен. Өзүмдүн шыгым болбогондугума байланыштуу, тандоо милдетин саймачыларга жүктөдүм.

Ит таман же илме жаймасы

Ит таман же илме жаймасы

Ошентип, көптөгөн өнөрлүү кыз-келиндердин арасынан татыктуу деп тандалып алынган Нагима Аламанова жез оймок чеберлерин катарын арттырды. “Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат” дегендей, Нагима эс тартканы сүрөт тартып, мүйүздөн, териден түрдүү буюмдарды жасап, салбуурундап ит агытып, куш салган таекелерин көрүп өскөн. Үйдө, өз апасынын сайма сайып, кийим тигип, курак курап, тери ийлеп, ичик-тон тиккенин, шырдак, ала кийиздерге оюуларды түшүрүп, не бир сонун буюмдарды өз колу менен жаратып аткандарын кошо кармашып, үйрөнүп, чеберчиликти эртелеп өздөштүргөн экен.

- Негизи, апамды тарткам. Үйдө жөн эле отура албайм. Ар түрдүү буюмдарды жасайм. Бирок, мага баарынан сайма жакыныраак сезилет да. Анткени, кыргыздын кыз-келиндери илгертен эле түрлөп сайма сайып келатат. Керамика бизге кийинчерээк келген да. А сайма болсо байыртадан келаткан өнөр. Андыктан, саймачылык менин жандүйнөмө жакыныраак.

Нагиманын көркөм өнөр жаатында билим алуусуна бала кезинде шаардан келген бир сүрөтчү шыктанткан экен. Ушундан улам ал 7-классты бүтөрү менен Бишкектеги №4 жатагы бар көркөм өнөр мектебине окууга кирет.

- Азыркыдай уюлдук телефон эмес, жөнөкөй телефон үйлөргө коюла элек кез эле. Ата-энемди, үйдү сагынганда кусалыктын көз жаштары тамган каттарды боёк аркылуу жазып турчумун. Үйдөгүлөр чогултуп сактап жүрүшүптүр. Кийин аларды ыргытып ийгениме өкүнөм.

Илгертеден муундан-муунга өтүп келаткан бул өнөрдүн касиетин Нагима мындайча белгиледи:

- Апамдын чоң энеси ушунчалык элге таанымал, аябай уз адам болуптур. Бул өнөр апама ошол чоң энесинен калса керек. Апамдан мага өттү, менден кызыма өтсө дейм. Кызым беш жашта. Бирок, азыртан эле мен жасаган нерсенин баарын жактырат, аябай көңүл бурат. Мага ошонусу жагат. Дагы бир аз чоңоюп, колунан келе баштаган кезде үйрөтө баштайм.

Нагима Аламанова, өзүндөй таланттуу балдарга шарт түзүп, дагы деле окутуп аткан Эл баатыры, белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков агайына да ыраазы. Балдардын Көркөм сүрөт жатак-мектеби, академиялык жана кандидаттык билимдери анын чыгармачылыгына мыкты пайдубал болуп атканын кошумчалай кетти.

Акыркы жылдары Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн иштери чет өлкөлөргө көбүрөөк чыгууда жана да аларга кызыгуу да көп. Кыргызстандын өзүндө буга чейин кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" эл аралык фестивалы өткөн.

XS
SM
MD
LG