Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Кырсыктан кырк күн өттү


Дача СУда кыйраган учактын калдыгы
Дача СУда кыйраган учактын калдыгы

16-январдын таңында отуз тогуз адамдын өмүрүн жалмаган авиакырсыкка кырк күн толуп, маркумдардын кыркылыгы белгиленди.

Ал арада Сокулуктагы учак кыйраган Дача СУ конушунун тургундары кырсыктын кесепеттерин жоюу чаралары солгун болуп жатканына нааразы.

Жергиликтүү калк конушту коопсуз жерге көчүрүү жана андагы үйлөрдүн документтерин тариздөө иштери жүрбөй жатканына даттанган. Бирок өкмөт мүчөлөрү жакын арада аларды көчүрүүгө ылайыктуу жер табыла электигин жана бул маселени чечүүгө убакыт бар экенин түшүндүргөн.

Кырсыктан кырк күн өттү

Орду толгус оор жоготууга алып келген бул каргашалуу окуянын тактары кетип, көз жаштар али кургай элек. “Манас” аба майданына жакын Дача СУ конушуна кулап түшкөн жүк ташуучу учактан 12 үй түп орду менен тегизделип, айрымдары жарым-жартылай кыйроого учураган. Анда кээ бирлери бир нече үй-бүлө мүчөсүнөн ажыраса, арасында бир бүтүн үй-бүлө жарыкчылык менен кош айтышканы да бар. Алардын бири - Камиловдордун жаш үй-бүлөсү. 24 жаштагы Венера Дүйшеева боюндагы жети айлык кызы жана эки уулу менен уранды астында калган. Үйдүн атасы Сагынбек алты күн ооруканада жатып көз жумган.

Үй-бүлө башчысынын апасы Айтбү Исабаева окуя болгон жерге жетип келип, оор кайгыдан өзүнө келе албай турган эле:

- Мына ошол айылда менин аяштарым жашайт. Балдарымдын аяш аталары. Ошолор мага эртең менен телефон чалып “тез келип кал, Сагын жашаган үйгө самолет түшүптүр” дешти. Келсем тегиздеп коюптур. Балам күйүп кеткен экен. Ооруканага алып кетишти. Неберелерим, боюнда бар келиним үйдүн ичинде калыптыр.

Учак жүгүнүн чиеленген түйүнү

Учак жүгүнүн чиеленген түйүнү

Түркиялык MyСargо авиакомпаниясынын жетекчи орун басары Хамза Тыглай кыйраган учак “Манас” аба майданына жүк таштоого эмес, май куюп, экипажды алмаштырууга келгенин билдирди.

Бул авиакырсыктан көз жумгандардын арасында башка дагы жаш балдар жана кош бойлуу аялдар болгон. Аталган окуянын кесепети көпчүлүктү нес кылып, ал коомчулукта улуттук трагедия катары кабыл алынып, аза күтүү күнү жарыяланган.

Өкмөт авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлө турганын убада кылган эле. Коомчулук жабырлануучуларга жардам колун сунуп, ушул күндөргө карата атайын эсепке 100 миллион сомго жакын каражат топтолду. Бирок бул багытта өкмөттүн иштелип чыккан так планы жок деген Дача-СУ конушунун тургуну Айнагүл Үсөнова кырсыктын кесепеттерин жоюу аракеттериндеги алешемдиктерди сынга алды:

- Мына ошол элден топтолгон акчаны да кимдерге жана кандайча бөлүп бере турганы белгисиз экен. Түркиялык компаниядан кенемте төлөтүп алуу дагы ишке аша элек. Бул жердеги тургундар көчүргүлө деген позицияда эле бекем турушат. Ушул бойдон унутта калтырып койбосун деген кооптонуу бар. Көп кабат үй куруп киргизип же болбосо турак жай курганга жер бөлүп берилиши керек деген талап коюлуп жатат. Айрым бир бул жакта жашагандардын үйлөрүнүн Кызыл китебин алуу дагы көйгөй жаратууда. Бул боюнча мамлекеттик каттоого барып сураштырсак бири-бирине эле шылташат. Ошентип зыяндын ордун калыбына келтирүү үчүн үйлөрдүн документтерин жасоо жагы чечилбей турат.

Өкмөт өкүлдөрү менен жергиликтүү калктын жакында болуп өткөн жолугушуусунда “Манас” аба майданындагы учуп-конуу тилкесине жакын Дача-СУ конушун коопсуз жерге көчүрүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок Айнагүл Үсөнова буга өкмөттөн ынандырарлык жооп алынбаганын кошумчалады:

- Мына ошол окуядан кырк күн өткөндөн кийин гана ар кайсы көйгөйлөрүбүз сезилип, ачыкка чыга баштады. Бул Дача СУнун жолдон үстүңкү жагын көчүрбөсө бул жакта эми кандай жашоо болот? Ансыз деле каза болгон балдардын элеси көз алдыбыздан кетпей жатат. Анткени бул жак учуп-конуу тилкесиние маңдайлаш болуп жатпайбы. Учактар азыр деле күнү-түнү күркүрөп учуп, эсибизди чыгарып жатат. Дагы эмне болуп кетет деп чочулаган эле адамдар. Аябай коркуп калыптырбыз. Анан калса күн жылыган сайын бул жактагы үйлөрдүн шыптары түшүп, дубалдардан жарака кете баштады. Өкмөттүк комиссия мына ошону кайрадан текшерип чыкпаса болбойт.

Өкмөттүн жообу

Өкмөттүн Чүй облустук ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Туруспек Султаналиев алгач жабырлануучуларды жайгаштыруу маселеси турганын айтты. Туруспек Султаналиев конушту көчүрүү жагы азыр карала электигин белгиледи:

- Азыр эми Дача СУ конушун жалпысынан көчүрүү маселесин караганга убакыт жете элек. Азыр биринчи кезекте үйлөрү кыйрап калган адамдардын маселесин чечип алышыбыз керек. Анткени ошол 12 үй-бүлөнү өкмөт ижара акысын төлөп берип, батирлерге жайгаштырган. Мына ошол маселе чечилгенден кийин жергиликтүү тургундардын маселеси карала турганын биринчи вице-премьер-министр дагы жолугушууда айтпадыбы. Бирок биз азыр Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагынан аларга жер бөлүп бере албайбыз. Жер жок. Өкмөт жер тапкыла десе, анда Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунун аймагынан гана жер тилкеси чыгышы мүмкүн.

Учак кулаган Дача-СУ конушунда 230дан ашуун үй бар. Окуя болгон учурда кээ бир үй-бүлөлөр ал үйлөрдө ижарада турушкан. Дача катары гана макамы бар бул конуштагы кээ бир үйлөрдүн документтери да болгон эмес. Ошондуктан зыяндын ордун төлөп берүүдө укуктук кыйчалыштыктар чыгабы деген кооптонуулар бар. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мындай дейт:

- Үйлөрдүн документтери жок болсо же жоголуп кетсе анын бардыгын райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү тариздеп чыгышы керек. Биздин алгачкы жыйында эле бул боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген. Бул маселени кылдат караш керек. Биз келтирилген зыяндын бардыгын эсептеп чыгып тапшырганбыз. Түркия тарап аны толугу менен төлөп бере турган болду. Бул жерде маселе жок. Болгону убакыт гана талап кылынат.

Буга чейин жарандык коргоо комиссиясы Дача-СУдагы келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн 195 миллион сомго барабар деп эсептеп чыккан. Өкмөт мындан сырткары түркиялык камсыздандыруунун эсебинен үй-бүлө мүчөлөрүн жоготкондорго жана жабырлануучуларга аныкталган өлчөмдө кенемте акы төлөнөрүн билдирген.

"Азаттыктын" архивинен: "Кандуу" жүк

Кандуу жүк кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:03 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG