Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Бишкекте чыгармачыл адамдар үчүн адаттан тыш кеңселер ачыла баштады. Бул жерлерге каалаган киши келип, акысын төлөп, чыгармачыл ишин улантса болот. Жөнөкөй кеңселерде өзүн ыңгайсыз сезгендер ушундай жерлерге келип, санаалаштары менен баарлашат экен.

Советтер союз убагында бетондон курулган бул боз имарат сыртынан суук, кунарсыз көрүнөт. Ал эми ичине киргенде, тескерисинче, бул жерден кеткиң келбейт.

Бийик дубал сары жана кара боёк менен сырдалып, туш-тушта ар кандай кызыктуу жазуулар, кубалашкан мышык-чычкандар тартылып, адаттан тыш жасалгасы дароо көзгө урунат.

Завод имаратында иштөөгө же жашоого ыңгайлаштырылган жерлер лофт деп аталат. Лофт – бул креативдүү, же болбосо чыгармачылык мейкиндик, өнөркана.

Алгачкы лофттор АКШда 1950-жылдары ачылып, чыгармачыл чөйрөдө өтө белгилүү болгон.

Бул “Цех” аттуу лофттун демилгечилеринин бири – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Элвира Сариева. Анын айтымында, мындай кеңсе Борбор Азияда алгач Бишкекте ачылды.

- Лофттун максаты – бул шаардын маданиятына, искусствосуна салым кошуу. Ошондуктан ар шаршемби биз кино көрсөтөбүз. 20 жаш дизайнер чет өлкөдөн келиптир, бул жерде көргөзмө өткөргөнү жатат. Базар күндөрү балдар үчүн сүрөт тартуу, архитектура, скульптура жана башка тармактар боюнча мастер-класс өткөрүп турабыз.

Негизи лофтто каалаган ишкана жайгаша бербейт, анткени анын ички жасалгасы өзгөчө жана маданий иш-чаралар өтүп турган күндөрү жалгыз гана чыгармачылык менен алектенгендерди чогултат экен.

Бул лофтто ар кандай 12 дизайн студия, музыкалык топтор, сүрөтчүлөр, маданий иш-чараларды уюштуруу менен шугулданган, айтор ушундай багыттагы ишканалар жайгашыптыр.

Элвира Сариева

Элвира Сариева

Алар жөн эле өз бөлмөлөрүндө отурбастан, бири-бириникине кирип-чыгып, ой-пикир алмашып, жардам берип турушат экен. Бул “Цех” аттуу лофт өзүнчө эле бир чоң ишкананын ичинде чакан уюмдар чогулгандай сезилет.

Ошол жакта жайгашкан “Лабнет” ишканасынын башчысы Алмаз Базарбаевдин пикиринде, лофт шаар четинде жайгашып, абасы таза, өзү тоого жакын, мемиреп, чыгармачылыкка жагымдуу.

- Анан атмосферасын карабайсыңарбы, бизге жакшы да. Ишкерлер жайгашкан кеңселердин атмосферасы бизге илхам бербейт. Бул жерде илхам батыраак келет да. Ошол үчүн бул жердебиз.

Бишкектин борборунда орун алган Сталин учурунда курулган эки кабаттуу үйдүн биринчи кабаты ушундай кеңсеге айланган. Анча-мынча жоскеленип, 1950-жылдардын маанайын Совет доорунан калган эмеректер менен майда-чүйдөлөр сактап турат.

Бул жерде да ар кандай маданий иш-чараларда борбордун чыгармачыл жаштары чогулуп, баарлашып турат экен. Анан бул бизнес болгондон кийин, каалаганы келип, стол жана стулду ижарага алып иштей берсе болот же сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлаштырылган бөлмөлөрдү да колдоно алат. Көбүнчө бул жерге интернет менен иштегендер келет - ал бекер. Ижарага алуу акысы мүнөт менен саналат. Стол үчүн мүнөтүнө бир сом, бөлмө 5 сом турат.

Имараттын номуру 163 болгондуктан, кожоюндары көп ойлонбой эле 163-үй деп коюшуптур. “Көптөрү өтүп баратып кафе деп киришет. Бирок ушундай кеңсе болгонун түшүндүрсөк – көптөрү түшүнүшпөйт”, - дейт 163-үйдүн кызматкери Динара Каныбек кызы.

- Бизде кафе, кофекана деген көп. Ал жакка барып иштегенге болот, бирок анча ыңгайлуу эмес да, себеби кандайдыр бир тоскоолдуктар болушу мүмкүн: башка адамдар көп, сөзсүз бир нерсе заказ кылбасаң жаман карашат. Ал эми бул жерде адегенде жумушчу маанайды түзүүгө аракеттендик. Анан бул жерге келип, кызыктуу адамдар менен таанышсаң да болот.

163-үйдөн сырткары дагы бир “Айпери” аттуу коворкинг борбор иштеп атат. Эгер жогоруда айтылган лофтто бир ишкана бөлмөлөрдү ижарага алса, коворкинг борборлорго заказ менен иштеген дизайнер, програмисттер жана башкалар келип, иш орунду гана ижарага алат. "Баары ушинтип бир жерде иштегендиктен, мындай жерлер коворкинг борбор деп аталат" дейт “Айпери” аттуу ошондой кеңсенин өкүлү Касым Рахманкулов.

- Негизи муну кеңсе деп айтууга да болбойт, себеби иштеген адамдар үйүндө эмгектенгиси келбейт. Үй деген үй. Ал эми бул жакты карап көрсө кеңседегидей эмес, анткени бул жакта жаздыкка окшогон жумшак отургучтар жатат. Каалаган жерине келип иштей берсе болот. Муну кеңсе менен үйдүн ортосундагы жасалган борбор деп айтсак болот.

Мындай адаттан тыш кеңселерди эки-үч жыл мурун Бишкекте көрүүгө мүмкүн эмес болсо, дайыма изденип, жаратман ишке башын салган жаштар жөнөкөй кеңселерде кыйналып, кысылбай ушундай борборлордо чыгармачылыгын ээн-эркин өркүндөтүп жүрүшөт. Бул борборлорду аларга окшогон эле жаштар биригип, өз күчү менен ачып, жаңы демилгелерди ишке ашырып, Бишкектин маданиятына өз салымын кошуп жатышат.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.
XS
SM
MD
LG