Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

Айгүл өскөн жердин таланттуу айымдары


“Айгүл-Тоо айымдары” элдик фольклордук тобунун катышуучулары

“Айгүл-Тоо айымдары” элдик фольклордук тобунун катышуучулары

“Азаттыктын” студиясына алыскы Баткен шаарынан келген “Айгүл-Тоо айымдары” элдик фольклордук тобунун катышуучулары баш бакты. Элеттен келген бул чыгармачыл топтун курамында дарыгер, ишкер, мугалим, чебер байбичелер бар.

Элеттен келген байбичелер Баткенде өскөн айгүл гүлүнүн атын чыгарып, элдин көңүлүн буруу максатында топтун атын “Айгүл-Тоо айымдары” деп атаган.

“Азаттык”: Борборго кандай максатта келдиңиздер? Өзүңүздөр түзгөн топ тууралуу айтып берсеңиздер?

“Айгүл-Тоо айымдары” тобунун башчысы Арзыкан Ормонова: Биз Бишкек шаарында өткөн белгилүү обончу Апаз Жайнаковдун 55 жылдык эскерүү кечесине Баткен жергесинен келип, өзүбүздүн концерттик номерибизди тартууладык.

“Айгүл-Тоо айымдары” - жалаң Баткен районунун таланттуу айымдарынан турат. Биздин топто он бешке жакын аял бар, алардын жаш курактары, кесиптери да ар башка. Алар дарыгерлер, мээрбан эжелер, чебер-уздар, көп неберелүү энелер, эмгектин мыктылары. Бул демилгебиз менен баарыбыз чогуу Баткен шаарында жашаган аялдардын маданиятын жогорулатуу үстүндө иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Баткенде маданият тармагы, анын ичинде аялдардын алган орду бүгүнкү күндө кандай?

“Айгүл-Тоо айымдары” тобунун көркөм жетекчиси Алия Жамантаева: Маданияттын абалы мурдагыга салыштырмалуу бир топ өстү. Анын ичинен айрыкча аялдардын да деңгээли жогорулады деп айтсам жаңылышпайм.

Биздин уюшманы эл колдоп, жергиликтүү жетекчилер көмөктөшүп, жада калса Бишкекте өтүп жаткан бир катар окууларга, семинарларга жөнөтүп жатканы биздин өнүгүүбүзгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп, айымдардын орду, маданиятуулугу жогорулап жатканы бизди кубандырууда.

Эгер он беш жыл мурда бирин-серин гана айымдар демилге көтөрүп, коомдук иштерге аралашса, соңку кезде Баткендин социалдык турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып жаткандары четтен чыгат. Өз бизнесин ачып, материалдык жактан тыңып калган айымдар, жергиликтүү кеңештеги айымдардын санынын өсүшү менен катар маданият тармагына кызыккан эже-сиңдилердин катары узарууда. Биз ушунусуна сүйүнүп турабыз.

Топтун мүчөсү Турсунбү Калманбетова: Аялдардын социалдык жашоосу жана чыгармачылыкка болгон көз карашы ар тараптуу. Айымдар бири-бирине эч окшошпойт, ар кимиси өзгөчө, алардын кесиптери да ар башка. Мисалы, алардын ичинде ашпозчулар, догдурлар, медайымдар бар. Эң өзгөчөсү - топто пенсияга чыккан айымдар басымдуулук кылат жана ар бир алып барып жаткан ишине жоопкерчиликтүү, чыгармачыл мамиле кылышат.

“Азаттык”:​ Араңыздарда дарыгер да бар экен. Уулжан эже, айтсаңыз, Баткенден кеткен эмгек мигранттарынын саны башка аймактарга салыштырмалуу жогору. Миграциянын адамдардын жашоосуна тийгизген таасири сиздин жумушуңузда байкалабы?

“Айгүл-Тоо айымдары” тобунун мүчөсү, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын дарыгери Уулжан Идирисова: Бизде аялдардын, балдардын өлүмү көп катталат. Буга көбүнчө социалдык жактан муктаж аялдар кабылат. Жаштардын көбү жумушсуздук айынан чет жакта иштешет. Ал жактан кош бойлуу болуп калышса, эч кандай каттоого турушпайт. Качан гана көз жараар алдында өз мекенине кайтып келип, оор акыбалда төрөт үйүнө түшүп жатат. Мына ушундай себептерден улам көпчүлүк айымдар жана балдар өлүмгө дуушар болууда.

“Азаттык”: Миң чакырым жол арытып келип, маек куруп бергениңиздер үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG