Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Кыргызстанда микрокаржы уюмдарынан насыя алгандардын саны өсүүдө. Мындан улам элдин колундагы насыя акчанын да көлөмү көбөйүп жатат. Бул көрүнүштүн экономикалык негиздери барбы?

Кыргызстанда майда насыя алгандардын саны өсүп жатканын бири-бирине шайкеш келе бербегени менен Улуттук статкомитеттин, Улуттук банктын, ошондой эле бул рыноктун 80 пайызын көзөмөлдөгөн микрокаржы уюмдарынын башын бириктирген ассоциациясынын да эсептери көрсөтүүдө.

Кредит көлөмү өскөнү менен үстөк пайыз төмөндөгөн жок

Улуттук статкомитеттин маалыматына караганда, экономика солгундаган былтыркы жылы эл микрокаржы уюмдарынан дээрлик 15,5 миллиард сом насыя алган. Кардарлардын саны 485 миңге жеткен.

Экономика бир аз жандана баштаган быйылкы жылдын алты айында болсо кардарлардын саны 290 миңди түздү, насыянын көлөмү 10,7 миллиард сомдон ашты.

Ал эми Улуттук банктын банктык эмес каржы мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Самат Жумашевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, алар алган отчеттор боюнча микрокаржы уюмдары быйыл жарым жыл ичинде эле кардарларына жаңыдан берген насыянын көлөмү 8,9 миллиард сомго жетти, кредиттик капчыгы (портфели), башкача айтканда элдин колундагы каражатынын көлөмү былтыркы жылдын жарым жылына салыштырмалуу 30 пайыздан ашуунга өстү:

- Мурунку жылдын ушул жарым жылы менен салыштырганда, микрокаржы уюмдары кредиттик капчыгын 38,4 пайызга көбөйттү. Эгер былтыркы жылдын жарымына алардын 9,2 миллиард сом кредиттик капчыгы болсо, бул жылдын алты айынын жыйынтыгында кредиттик капчыктын көлөмү 12,7 миллиард сомго жетти. Бул 38,4% өсүштү көрсөтөт. Ал эми кредиттик союздардын кредиттик капчыгы 18,4 пайызга көбөйдү. Жарым жылдын аягына карата 1,2 миллиард сомду түздү.

Улуттук банктын башкармалык башчысы Самат Жумашев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, насыя көлөмүнүн көбөйгөнү менен, алардын жылдык орточо үстөгүндө олуттуу төмөндөө байкалган жок:
Биздин кардарлардын 80 пайыздан ашыгы айыл жеринде жайгашкан. Дээрлик көпчүлүгү аз каржыланган үй-бүлөлөр. Биздин ар бир 300 доллар кредитибиз бир жумушчу орун түзгөнгө мүмкүндүк берет.

- Эгерде биз былтыр бүт микрокаржы системасы боюнча жылдык орточо үстөктү 31,7% деп берсек, азыр бул көрсөткүч 38,5% болуп жатат. Бирок эмне үчүн мындай өзгөрүү болуп жатканын түшүндүрүп кетүүбүз керек.

Биз микрокаржы уюмдарынын эң чоң экөөсүнүн отчетун (жарым жылдык) карап, алар бизге туура эмес маалымат берип жатканын таап, оңдогонубузда ушундай 7 пайыздык өсүш болуп жатат. Бирок былтыркы жылды да кайра жаңы методика менен санаганыбызда, ал 38,8 пайызды түздү. Былтыр туура эмес маалымат берилген экен, биз ошону азыр оңдоп чыктык. Ошондо микрокаржылоо уюмдары тарабынан берилген кредиттердин үстөгү банк системасына да, кредиттик союздарга да салыштымалуу бир кыйла жогору көрсөткүчтү берүүдө.


Бирок үстөк пайыздын бийиктигине карабай, насыя алгандар саны көбөйүп жатышын Улуттук банктын өкүлү буга муктаждык бардыгы менен түшүндүрөт:

- Ооба, ушуга карабай (үстөк пайыздын чоңдугуна) эл алып жатат. Анткени калк катмарында насыяга муктаж болгон кишилер көп. Микрокаржы уюмдарынан жалпы калктын канчасы насыя алды десек, Кыргызстанда болгону 7 пайыздын тегерегинде экен. Каржы берүү кызматтары калктын канча пайызын камтыйт деп эсептесек да, бул көрсөткүч ошол эле Чыгыш Европага, Казакстан, Орусияга салыштырмалуу төмөн. Ошон үчүн насыяга суроо-талап, мажбур болгон кишилер көп. Мунун экономикалык негизи бар.

Насыяны кайтарбагандар аз, бирок...

Үстөк пайыздардын жогору болгонуна карабай, расмий маалыматтарга ишенсек, кредиттерди кайтаруу жагынан азырынча чоң көйгөй жоктой. Улуттук статкомитеттин эсебинде, кайтарым көрсөткүчү 93%. Ал эми рыноктун 80 пайызын көзөмөлдөгөн 33 компанияны бириктирүүчү Микрокаржы уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Наргиза Жолдошованын “Азаттыкка” айтканына караганда, аларда кайтарым көрсөткүчү 97%, бирок бир карыз алып, дагы бир карызын жапкан катмар да бардыгын жокко чыгарууга болбойт:

- Көптөр башталган бизнесин улантуу же жаңы бизнес баштоо үчүн насыя алышат. Балким кардарлардын белгилүү бир пайызы карызын төлөө үчүн дагы карыз алышы мүмкүн. Ушундан улам калктын каржылык сабатын көтөрүү, насыя ашыкча берилип кетпөөсүн, алар бир насыяны төгүү үчүн экинчи насыя албашын алдын алуу боюнча иш жүрүүдө. Биз баары идеалдуу, баары кайтарып жатат деп айта албайбыз. Проблемалуу кардарлар бар. Бирок алар абдан аз эле. Адамдар насыя алып, иштеп, кайтарып, андан ары өсүп жатышат.

Микрокаржы уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Наргиза Жолдошова белгилегендей, алар учурда микрокаржы уюмдары берип жаткан кредиттердин үстөгүн экономикалык жактан негиздүү деп эсептешет:

- Үстөк пайыз боюнча ар бир компаниянын саясаты, эсептөө методикасы ар башка. Насыянын максатына жараша үстөк пайыз да ар башка. Бул насыя алып жаткан кардарга да көз каранды болот. Канча сумманы канча убакытка алып жатат. Эмне күрөө коюуда. Биздин үстөк пайыздар экономикалык жактан негиздүү эле. Ал бир нече нерседен барып калыптанат. Анчалык деле жогорулатылган эмес.

Экономика боюнча доктор Назик Бейшеналы “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, элдин насыя алуу үчүн микрокаржы уюмдарга көп кайрылышы алар Кыргызстандын өзгөчөлүгүн эске алып, экономиканын айрым секторлорун, маселен майда соода-сатыкты, кандайдыр бир деңгээлде айыл чарбасын каржылоого ыңгайлаша алганында:

- Микрокредиттөө жалпысынан оң көрүнүш. Анткени экономика каржы алып, ага катар элдин кирешеси, бюджетке түшүүчү акча көбөйүп, жумушчу орундар түзүлөт. Бирок элестетип көрсөңүз, насыянын орточо көлөмү 600 доллар болсо, жылдык үстөгү 30 пайыздан ашса, бул адамга экономикалык ишмердигин насыяны жана башка чыгымдарын кайтаргыдай деңгээлге чыгарып, анан экономикалык өсүш бар деп айткыдай киреше таба алуусуна мүмкүндүк береби? Мен микрокредитти четке какпайм, бирок ал экономикалык өсүш жасайт деп ишенүүгө болбойт.

Социалдык миссиябы же пайда табуубу?

Кыргызстандын микрокаржы секторунда азыр негизинен чет элдик, көбүнесе эл аралык каржы уюмдары менен фонддордун капиталы үстөмдүк кылат.

Үстөк пайыздын чоңдугуна Кыргызстандын кредиттик рейтингинин жоктугу, инфляция ыргагынын бийиктиги, насыя берүүдөгү тобокелчиликтин жогорулугу менен түшүндүрүлүп келинет. Бирок Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директор орун басары, экономика боюнча доктор Назик Бейшеналынын пикиринде, микрокредиттөө азыр кирешелүү бизнеске айланганын да танууга болбойт:

- Кайтарымдуулук жагынан (насыянын) чоң тобокелчилик бар деп айтылып келинет. Анткен менен көрсөткүчтөр салыштырмалуу жаман эместей. Мындан сырткары микрокредиттерди тейлөөнүн чыгымы жогору дешет. Бирок мен үчүн үстөк пайыздардын жогорулугу түшүнүксүз. Албетте жалпылоого болбойт, бирок көпчүлүк үчүн, менимче, бул пайдалуу бизнеске айлангандай.

Кыргызстанда азыр банктарга салыштырмалуу микрокаржы уюмдары тапкан кирешенин көлөмү эмес, бирок көрсөткүчү жогору экенин “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Улуттук банктын башкармалык башчысы Самат Жумашев да жокко чыгарбады:

- Таза киреше жарым жыл ичинде микрокаржылоо уюмдары боюнча 587 миллион сом же салыштырмалуу көрсөткүч менен караганда 30,2 пайызды түздү. Бул албетте банк системасына салыштырмалуу жогору көрсөткүч. Биз ойлоп жатабыз, азыр микрокаржы уюмдарынын бутуна туруу этабы жүрүп жатат, алар капиталын жогорулатканга аракеттенүү менен иштеп жатышса керек. Биз кийинчерээк өзгөчө чоң компаниялар бул көрсөткүчүн кайра карайт, социалдык миссиясын эске алып, калк менен узак мөөнөттүк мамиле түзүүгө багытталган чечимдерди кабыл алат деген ойдобуз.

Кыргызстандагы ири микрокредит компаниялардын бири - “Бай Түшүм”. Бул компания рыноктун 22% ээлейт жана башкалардан оозуп, сентябрь айынан тарта калктан депозиттерди кабыл ала баштады.

Компаниянын кредиттик башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Бакиров “Азаттыкка” курган маегинде микрокредит компаниялары кардарларын саны жана кредиттик капчыгы өскөнүн карабай, социалдык миссиясын унутуп, пайданын артынан гана түшүп калды деген ойлор менен макул эместигин айтып, төмөнкү аргументтерди жүйөгө тартты:
Мурунку жылдын ушул жарым жылы менен салыштырганда, микрокаржы уюмдары кредиттик капчыгын 38,4 пайызга көбөйттү.

- Анткени биздин миссиябыз – айыл жеринде жашаган, аз каражаттуу жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү жана жумуш орундарын түзүү. Бизде жылдык орточо үстөк 28 пайыздын тегерегинде. Бул Кыргызстандын шартында анча кымбат эмес деп эсептейбиз.

Биздин кардарлардын 80 пайыздан ашыгы айыл жеринде жайгашкан. Дээрлик көпчүлүгү аз каржыланган үй-бүлөлөр. Биздин ар бир 300 доллар кредитибиз бир жумушчу орун түзгөнгө мүмкүндүк берет. Бул жактан алганда биз пайданын артынан гана түшүп алдык деп эсептебейбиз. Коомчулукка, мамлекетке социалдык пайда көрсөтүп жатабыз деген ойдобуз.


Экономика боюнча доктор Назик Бейшеналы кошумчалагандай, дал ушул үстөк пайыздардын жогорулугу микрокредиттер жакырчылыкты жоюуга жардам берет деген мурдагы түшүнүктөрдөн күмөн санатууда:

- Эгер Кыргызстандагы жалпы картинаны айтсак, микрокредиттөө боюнча дүйнөдө кызуу талкууланып жаткан "микрокредиттөө жакырчылыкты жоюуга көмөктөшө алабы?" деген маселе чыгууда. Менимче, ал жардам бере алмак, бирок үстөк пайыздар, берилген насыянын суммасы, шарттары, мөөнөтү боюнча суроолор бар.

Кардарлар корголот

Адистер микрокаржы рыногунун Кыргызстанда али өсүү, башкача айтканда кардарлар санынын жана насыя капчыгынын көбөйүү мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Буга салым кошуучу бир жол катары микрокаржы уюмдарына ички каражаттар менен иштөө, жергиликтүү элдин акчасын тартууга жол ачуу жагы сунушталып келүүдө.


Улуттук банктын башкармалык башчысы Самат Жумашевдин айтканына караганда, азыр микрокаржы уюмдары боюнча мыйзамга кардарларды коргоону күчөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр да сунуш кылынууда:

- Кардарларды коргоо үчүн тиешелүү мыйзамга кошумча эки берене сунуш кылуудабыз. Аларга ылайык микрокаржы уюмдар кардарлар менен келишим түзүүдө үстөк пайызын, айып пулдарын, комиссиялык каражаттарынын баарын ачык-айкын көргөзүүсү керек. Үстөк пайыз насыянын башында берилген суммасынан эмес, ай сайын төлөнгөндө негизги сумма азайганын эске алып саналуусу керек. Келишимде баары ачык айкын жазылса, кардарлар да өзү санап, ынанат. Андан башка да биз айтып жатабыз, эгерде сом менен берилген кредит болсо төлөнгөн сумманын баары сом менен болушу, чет элдик валютага байланган курс менен төлөнбөөсү керек. Биз кредит сом менен берилип, бирок бир жылдан кийин чет элдик валютанын кредит берилген учурдагы курсу менен төлөнүүсү каралган келишимдерди да таап жатабыз. Ошондуктан буга бөгөт койолу деп жатабыз.

Микрокаржы институттары боюнча туңгуч мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Ага сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү али Жогорку Кеңеш карап бекитүүсү керек.

Микро же кичи кредит берген институттар Кыргызстанда иштей баштаганына быйыл он беш жылга аяк басты. Алардын алгачкысы 1995-жылы ачылган эле.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан “Economist Intelligence Unit” уюму былтыр дүйнөдөгү микрокаржылоонун абалы тууралуу жарыяланган баяндамасында Кыргызстанга 54 өлкө ичинен 12-орунду ыйгарган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG