Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Өмүрзаков: Ошто кылмыштуулук өстү дегенге кошулбайм


Сүйүн Өмүрзаков
Сүйүн Өмүрзаков

Күндүз эле Ош аба майданынан ири суммадагы акча менен кошо адамдын уурдалышы облуста элдин коопсуздугу канчалык камсыздалган деген суроо жаратты. Буга байланыштуу Ош шаары жана облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Азаттык: 2014-жылдын 27-декабрындагы чаламандын чак түшүндөгү окуя коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Милицияга доомат коюп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө алсыз болуп жатат деп, сындагандар чыгууда. Сүйүн мырза, бул өңдүү окуялар Ош аэропортунда алгачкы жолу болуп жатпаса керек?

Өмүрзаков: Мындай окуя 2009-жылдан бери төртүнчү жолу болуп жатат. Бирок бардык ушул өндүү кылмыштардын бети ачылган. Адамдар кармалып, сотко өткөрүлгөн.

Азаттык: Дегеле учурда Ош аэропортундагы коопсуздуктун жагдайы кандай?

Өмүрзаков: Ош аэропортунун ичинде атайын милиция бөлүмү бар. Ал жакта милиция кызматкерлери нөөмөт менен дайыма кайтарып турушат. Бирок бизнес деген күнү-түнү жүрө берет да. Ишкерлер милицияга акча ташып бараткандыгы жөнүндө маалымдабайт. Өздөрүнүн арасынан эле кылмышкер чыгып, карактап кетиши толук мүмкүн. Эгерде алар милицияга акча алып бараткандыгы жөнүндө маалымдап, баары мыйзамдуу, салыгы төлөнгөн десе, анда биз алардын коопсуздугун камсыз кылып берүүгө даярбыз.

Азаттык: "Жаман айтпай, жакшы жок" дегендей, ушул өңдүү окуяларды эске алганда, кокусунан аэропортто террордук кылмыштар болуп кетпейт дегенге кепилдик жоктой. Себеби, кылмышкерлер аэропорттун ичине кирип келип, карактап кетип жатпайбы?

Ош аба майданы
Ош аба майданы

Өмүрзаков: Биз андай учурларга даярбыз, ыкчам топтор бар. Маселен, аталган окуя болгон жерге милиция кызматкерлери эки мүнөттө жетип барган. Бирок кылмышкерлерди кармоого жетишпей калдык, качып кетишти. Карактоо аэропорттун ичинде эмес, биринчи тосмодогу, туристтик фирмага ижарага берилген бөлмөдө болуп жатпайбы. Ал бөлмө эч кимдин көзөмөлүндө эмес экен.

Азаттык: Жогорудагы окуядан улам милицияга Ош аэропортундагы коопсуздук сакталбайт деген өңдүү бир топ сындар айтылууда. Өзүңүз да угуп жатсаңыз керек?.

Өмүрзаков: Биз сын-пикирлерди туура кабыл алабыз. Бирок айта кетүүчү нерсе, мен жогоруда да белгилеп өткөндөй, ишкерлер милицияга алдын ала кайда барарын, эмне кыларын билдирбейт. Аларды өздөрүнүн ичинен сатып койгондор бар. Мен ишкерлер ири суммадагы акча менен жүргөн кезде жеке жансакчы алып жүрсө, же милицияга кайрылса деп сунуштаар элем. Себеби, көп суммадагы акча менен жүргөндүн өзү кооптуу.

Ош милициясы аэропорттун коопсуздугун толук сактай алат деп ишендирип айта алам. Кылмыштардын алдын алууга даярбыз. 27-декабрда болгон окуя боюнча ар кандай версиялар айтылып жатат. Алар акчанын салыгынан качып, ушундай жол менен ташыган деген сөздөр да бар. Эми тергелип жатат, жыйынтыгын дагы кабарлайбыз.

Азаттык: Оштогу ушул сыяктуу окуялар аймакта кылмышкерлер такыр эле баш көтөрүп, кылмыштуулук тамыр жайганынан кабар бербейби?

Өмүрзаков: Эми адам болгон жерде кылмыш болот экен. Милициянын бирден бир милдети кылмыштуулукту алдын алуу эмеспи. Биздин кызматкерлерди ойлондурган нерсе да ушул. Тилекке каршы кылмыштарды алдын алалбай, болгондон кийин бетин ачып жатабыз. Бирок кандай гана кылмыш болбосун биз алардын баарынын бетин ачууга аракет жасоодобуз. Азыр бир канча кылмышкерге издөө салдык, аларды кармайбыз, буюрса. Кылмыштуулуктун саны өстү дегенге кошулбайм.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG