Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Журналист Айдаралиев бөөдө каза тапты


Мындан үч апта мурун Бишкектин чок ортосунда токмоктолгон “Тумар” радиосунун кызматкери Жаныбек Айдаралиев ооруканада эсине келе албай жатып көз жумду.

23 жаштагы Жаныбек Айдаралиев ашынган зөөкүрдүктүн жана кайдыгерликтин курмандыгы болгонун анын кесиптештери жана жакындары белгилешти. Анткени жабырлануучуга өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлбөй, кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталса да ушуга чейин аны кармоо табышмактуу себептерден улам милицияга кыйынга турду.

Арачыга - алты таяк

Баш мээсине катуу сокку жеп, оор абалда эс-учуна келе албай ооруканада көз жумган “Тумар” үналгысынын алып баруучусу маркум Жаныбек Айдаралиевди кесиптештери, жакындары жана туугандары 12-ноябрда акыркы сапарга узатышат. Бир айга жакын убакыттан бери бул кол салуунун бети ачылбай келген.

“Тумар” радиосунун кызматкери Азамат Эркинбаев кылмышка шектүү адамдын дайын-дареги белгилүү болгонуна карабастан, аны кармоого милиция негедир ыкшоолук кылып келгенине токтолду:

- Биз азыр кайгырып, кабыргабыз кайышып турган учур. Кесиптештери жана жакын адамдары Жаныбектин жасатын кичи мекенине алып барып, аны акыркы сапарга узатышыбыз керек. 17-октябрдан бери ал кылмышкердин ким экендиги жана жашаган жери белгилүү болгонуна карабастан ушул күнгө чейин кармала элек. Эгерде өздөрү кызыкдар болгондо бул кылмыш мурда эле ачылмак. Биз ушуга таң калып, кыжырдануубуз чегине жетти.

Жаныбек Айдаралиев 17-октябрга караган түнү жумуштан чыгып келе жатып, белгисиз бирөө таксистке кол көтөрүп жатканын көрүп, аларды ажыратууга аракет кылган. Бирок ал адам Айдаралиевдин өзүнө асылып, денесине оор залака келтирген.

Маркумдун жубайы Айжан Кулибаева түнкү клубдун күзөтчүлөрү мас адам Айдаралиевди артынан кубалап кирип, башка-көзгө тепкилеп жатканына карабастан эч ким арачалабаганын айткан болчу:

- Аны башына урганда Жаныбек өзүн жоготуп койгон. Аны кесиптеши ичкериге алып кирген кезде артынан кубалап кирип, кайрадан уруп-сого баштаган. Аны демейде мас адамдарды кармап, жөнгө келтирип жүргөн күзөт кызматы тоскоолдуксуз киргизген. Жаныбек ооруканага жаткандан кийин мага бирөөлөр кайсы бир номерлерден чалышып, биздин үй дарегибизди сурашты. Мына ушуга окшогон эле шектүү адамдар ооруканага келип, ичине кирүүгө аракет кылышкан.

Маркумдун жакындары клубдун күзөтчүлөрү тополоң салган адамды токтотуп, чара көрбөгөнүнө караганда аны мурдатан таанышкан деп божомолдошот. Учурда мына ошол “Мото-борбордун” күзөтчүлөрү кандай көрсөтмө беришкени жана окуядан кийин Айдаралиевдин жубайына телефон чалган кимдер деген сыяктуу суроолорго тергөө жооп бере элек.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмоналиев иликтөө иштеринен азырынча жыйынтык чыга электигин кабарлады:

- Бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү адамга издөө жарыяланган. Жабырлануучу каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши мурда денеге оор залака келтирүү деп козголгон болсо, эми ал адам өлтүрүү менен коштолгон ур-токмок боюнча беренеге которулду.

Кылмышкерди калкалап жатышабы?

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Мото-борбордун” алдында Айдаралиевге кол салган деп шектелген адам Ысык-Көл облусунун тургуну, 1983-жылы туулган Максат Эралиев экендиги аныкталган. Анын кармалбай жатышынын себептерин маркумдун кесиптештери аны калкалап калууга кызыкдар бийликтеги таасирдүү күчтөр менен байланыштырышууда.

“Тумар” радиосунун жетекчиси Алексей Сидоров бул ишти жөн койбой тургандыктарын билдирди:

- Окуядан кийинки биринчи эле күнү кылмышка шектүү адамдын ким экендиги дайын болгон. Бирок милиция мына ошол убактан бери үч жума өткөндүгүнө карабастан эч кандай маалымат бербей жатышат. Аны эч ким кармабай, милиция ыкшоолугун көрсөтүп жатканына караганда бул иште кылмышкерди жашырып калууга чоң күчтөр аралашкандай болуп турат. Болбосо биздин шаар кичинекей эле. Аны ошол эле күнү кармаса болмок. Биз бул ишти аягына чейин териштиребиз.

Ошондой эле маркумдун жубайы Айжан Кулибаева жабырлануучуга дарыгерлер өз учурунда медициналык жардам көрсөтпөгөндүгүн айткан. “Дарыгерлер анын башын тез арада томографияга тарттырып, операция жасоого шашышкан эмес”, – деди ал. Жыйынтыгында анын баш мээсине кан куюлуп кеткен.

Жаныбек Айдаралиев болуша калып, ошол үчүн сокку жеген таксист Талгат Жумабеков айыпталуучуга каршы жазган арызын милициядан кайра кайтарып алган:

- Мага ошол адамдын тааныштары келип, келтирилген зыянды төлөп беришти. Мына ошого байланыштуу мен милицияга жазган арызымды алып койдум. Анан эмне кылышым керек эле? Мага бул иштин эмне кереги бар?

“Дизел” интернет форумундагы демилгечилер 11-ноябрь күнү Айдаралиевге кол салган кылмышкердин кармалбай жаткандыгына байланыштуу парламенттин алдына митингге чыгышаарын жарыялашты. Маркумдун жакындары жана кесиптештери мына ушундай жол менен гана бийликтин көңүлүн бурганы жатышат.

XS
SM
MD
LG