Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

“Кара Айбектин” каалаганы эмне эле?


Айбек Мирсидиков Жалал-Абаддагы үйүндө, 2010-жылдын 16-майы.
Айбек Мирсидиков Жалал-Абаддагы үйүндө, 2010-жылдын 16-майы.

Жалалабаддык из кубарлар “Кара Айбек” деген каймана аты менен белгилүү Айбек Мирсидиковго кол салуунун артында турган күчтөрдүн сары изине түштү.

Мирсидиков 2010-жылы июнь коогалаңына үч күн калганда киши колдуу жок кылынган болчу.

“Кара Айбекти” бирөөлөр кыргыз-өзбек ынтымагын сактап калууга жан үрөгөн лидер катары сүрөттөшсө, экинчилери аны жеке жыргалын гана көздөгөн карөзгөй адам катары сыпатташат.

Кылмыш ишиндеги кыңыр жагдайлар

Айбек Мирсидиков мурда Кылмыш-жаза кодексинин карактоо беренеси боюнча эки жолу соттолгон. Ал Жалал-Абаддагы өзбек тектүү уюшкан кылмыш тобунун башчысы катары 90-жылдардын башынан бери эле белгилүү болгон.

Учурунда ал жеке ишкер жана саясатчы Кадыржан Батыров менен бирге болуп, бирок кийин алардын арасы белгисиз себептерден улам ажырап кеткен.

Батыров 2000-жылдары Жалал-Абаддагы өзбектердин лидерлигин колго алып, алардын кызыкчылыгын коргоочу бирден-бир радикал саясатчы катары чыга баштаганда ага каршы чыккан жергиликтүү өзбек коомчулугунун жалгыз өкүлү катары таанылган.

Мына ошол күндөн тартып он жылдан ашуун убакыт бою анын Батыров менен карама-каршылыгы күчөп отурган. Ага Батыров экөөнүн ортосундагы таасир талашууга байланышкан жагдайлар себепчи болгон. Июнь окуясы чыгып кетип, эки жылга чукул убакыттан бери Айбек Мирсидиковдун өлүмү ачылбай келди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов учурда аны жок кылууну уюштургандардын изи чыга баштаганын белгиледи:

- Бул иштеги жаңы жагдайлар эми кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алдык. Буга чейин сөз жүзүндө гана божомолдор аркылуу шектүүлөрдүн чөйрөсүн байкап келсек, кылмыш иши азыр күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана тиешелүү далилдер менен бышыкталып отурат. Бул окуяга күбө болгон үч адамдын көрсөтмөсү боюнча тергөө жаңы нукта жандана баштады.

Батыровдун планына тоскоолдук

Коомчулукта Мирсидиков Кадыржан Батыровдун улуттук маселени козгоп, саясий активдешүүсүнө каршы турган бейформал фигура катары мүнөздөлгөн. Анткени Кадыржан Батыров майдагы окуялардан кийин Убактылуу өкмөттү колдоо шылтоосу менен бир тектүү улуттун өкүлдөрүн чогултуп алып, митингдерди уюштура башташы экинчи бир тараптын тынчсыздануусун жараткан.

Айбек Мирсидиков өзүнүн кандаштарын мына ошого окшогон митингдерге катышпоо жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырып турган. Бул тууралуу Мирсидиков “Азаттык” үналгысынын Орус кызматына 2010-жылы май айында курган акыркы маегинде билдирген болчу:

- Мен өзү адам өлтүрүүлөрдүн жактоочусу эмесмин. Жөн жеринен эле карапайым адамдардын каны төгүлгөнүн каалабайм. Жума күнү мен үйдө болчум. Мага чалышып, өзбектер топтолуп жатышат дегенде мен аларга каршы болуп, “эч кандай митингге чыкпагыла, мунун бардыгы чагым жасоо үчүн уюштурулуп жатат, аягы барып силер айыптуу болуп каласыңар, барбагыла” деп эскерткен болчум. Бирок алар мени угушкан жок. Ошол күнү мен айткандай эле эки тарап болуп атыша кетишиптир. Батыровдун жеке кызыкчылыгы ошол күнгө туш келди.

Муштум менен “муюткан” эскертүү

2010-жылы 7-июнга караган түнү – же башкача айтканда июнь каргашасына үч күн калганда Сузактагы Ырыс айылындагы өзүнүн үйүнө жакын жерде Айбек Мирсидиковду жана анын үч жансакчысын белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Ага чейин ошол кезде активдеше баштаган саясатчы Кадыржан Батыров уюштурган митингдерге катышкан адамдарды ур-токмокко алган анын видеотасмасы интернетте жарык көргөн болчу. Анда Мирсидиков Батыров баштаган иштин аягы кооптуу экендигин эскертип, өзбек тектүү аксакалдарга кол көтөрүүгө чейин барганы тартылган:

- Силер ким үчүн, Кадыржан үчүн чыктыңарбы? Ошол силердин укугуңарды
коргоп береби? Силердин абийириңер барбы? Кайсы бетиңер менен анын
митингине кандай өзбекти коргоо үчүн бардыңар? Мага карап сүйлө?

- Өзбектер топтолуп жатыптыр дегенинен эле бара калган болчубуз.

- Силер эмне кыргыз-өзбек деп жааташканга чыктыңар беле?

- Жок, Айбек, өзүн билесиң го, андай ойдо барган эмеспиз. Биз жөн эле ал жерде эмне болуп жатканына кызыгып, адашып барып калганбыз, кечир бизди.


2010-жылы май айындагы окуяларда бийлигинен ажырган бакиевчил күчтөрдүн каршылыгын майтарууда Кадыржан Батыров аларды Тейит айылына чейин кууп барып, өзүнүн күчүн аша чаап көрсөтүшү экинчи тараптын улуттук сезимине ойногон.

Ошондой эле Батыровдун жана анын санаалаштарынын Ала-Букадан Лейлекке чейинки өзбек калкы жыш отурукташкан аймактарда митингдерди өткөрө башташы кыргыз коомчулугунун кыжырдануусун жараткан. Улам жаңы талаптар айтылып, анын “биз бул учурду 20 жыл күткөнбүз” деген видеотасмадагы сөзү эки этносто тең улутчулдуктун от алышына шыкак бергени депутаттык комиссиянын бүтүмүндө келтирилген.

"Ичтен чыккан ийри жылан"

Мына ошол мезгилде Батыровдун аракеттерине каршы турган жалгыз фигура катары Айбек Мирсидиковдун аты атала баштаган. Тасмага түшүрүлгөн мына ошол митингдердин биринде Батыров жөн жеринен "ичтен чыккан ийри жыландар” тууралуу мисал келтирген эмес.

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов Айбек Мирсидиков Батыровдун эмнеге жөндөмдүү экендигин жакшы билген деп эсептейт:

- Айбек Батыров жанагы идеянын арты менен элди артынан ээрчите турган болсо, анын аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы түшүнгөн. Анткени ал алар менен бир аймакта жашашса, мурда чогуу иштешсе, албетте Батыровдун пландарын жакшы билген адам болгон. Мына ошондуктан ал өзүнүн кандаштарын эскертип жаткандыгы ошондон. Ал Батыровду токтотпосо, өзү үчүн да коркунуч жаратаарын түшүнүп, коомдук кызыкчылыктан мурун өзүнө каршы багытталган иш-аракеттерди алдын-алууга жан үрөгөн. Мына ошондон улам ал Жалал-Абаддагы гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй аймагындагы өзбек тектүү жарандардын башын бириктирүү демилгесине каршы турууга мажбур эле.

Айбек Мирсидиков Батыровдун күчөп баратышынан улам, өзүнүн позициясы бошоңдоп жатканын байкап, мунун аягы анын өзүнүн башына тие турганын сезип калган. Батыров эл менен чогулган жерде ага чыккынчы катары боёк берип, Айбекти алдына алып келип, кечирим суратып, чөгөлөтүүнүн амалын жасаган. Бирок ал аягына чейин туруп алды. Мындай жагдайда Батыровдун пландарын ишке ашырууга каршы туруп, тоскоол боло турган али да таасири сакталып турган адамдын көзүн тазалоодон башка жол калган эмес. Ошондуктан анын коогалаңга үч күн калганда атып өлтүрүлүшү да бекеринен эмес.


“Убактылууларды” уктатпаган түндөрдө

Ошол эле кезде Айбек Мирсидиков тууралуу коомчулукта кайчы пикирлер да көп. Алардын бири катары ал 2010-жылы май айында мурдагы президент Бакиевдин жактоочуларын Убактылуу өкмөткө каршы уюштурууда негизги ролду ойногону айтылып жүрөт.

Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл
Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл
Май айынын ортосунда Бакиевдин жактоочулары Жалал-Абаддагы акимчиликти басып алып, андан Убактылуу өкмөт дайындаган облус губернаторун кууп чыгууга “Кара Айбек” да чоң салым кошкон деген маалыматтар тарап, бирок аны тартип коргоо органдары учурунда тастыктаган эмес.

Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору Бектур Асанов Мирсидиков эч убакта эки улуттун ынтымагын сактап калуу миссиясын көтөргөн эмес деген ишенимде:

- Айбек ар кайсы учурда ар кимге кызмат өтөп келген. Ал ошол өзү каршы чыккан Батыровго да кызмат кылган. Кийин түрмөгө түшкөндө аны Акмат Бакиев боштондукка чыгартып, Батыровго каршы койгон. Бул эми кадимки кылмышкер. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн ар кандай каракчылыкка барып жүргөн киши болчу.

Мунун 7-апрелден кийин элдин ынтымагын чыңдоого кандайдыр бир таасирин тийгизгендигин байкай алган жокмун. Тескерисинче реваншисттер козголо баштаганда Акматка кошулуп алып, адамдарга курал таркатып жүрдү деген маалыматтар бар. Айбек мындай кылган дегендер аны баатыр көргөзгүсү келген күчтөрдүн ойлоп тапканы. Ал эч убакта жакшы иштерди жасаган эмес.


“Кишен шоунун” башкы ролунда

Чындыгында эле Айбек Мирсидиков менен Кадыржан Батыровдун ортосундагы сөөк өчтү душмандык Бакиев бийлигинин тушунда чегине жеткен. Ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров “Кара Айбек” Кадыржан Батыровдун өмүрүнө кол салууга даярданып жүргөндүгү боюнча маалымат бар экенин 2006-жылы июнь айында парламент трибунасынан билдирген болчу.

Оппозициячыл депутаттар “Мирсидиковду Батыровго каршы тукуруу үчүн түрмөдөн бошотту” деп бийликти айыптап, бул үчүн ошол кездеги ички иштер министри Мурат Суталиновго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн. Суталинов “Кара Айбектин” камактан коё берилбегендигин тастыктоо үчүн аны Бишкекке алып келип, колундагы кишени менен парламенттин короосуна жетелеп барган. Бирок андан кийин мындай “кишен-шоунун” кийинкисине кийлигишкен эч ким болгон жок. Бир нече айдан соң, “Кара Айбек” эркиндикке чыккан.

Өзүнүн атын атагысы келбеген Батыровдун санаалаштарынын бири “Кара Айбек” Бакиев режимине акыр аягына чейин кызмат кылган кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү болгон деген мүнөздөмөсүн берди:

- Мен аны кадимки киши тоногуч катары гана билчүмүн. Чоң ишкерлерге тиши өтчү эмес. Бирок базарда соода кылгандарга, же жаңыдан иш баштаган жаш ишкерлерге салык салып, ошонун эсебинен жашачу. Кийин Бакиевдер аны Батыровду кысмакка алуу үчүн колдонушту. Ошон үчүн анын өлүмүнө Батыровду байланыштырып жатышат. Бирок ал Бакиевдер тууралуу көп маалымат билчү. Алардын адамдарын Ханабад аркылуу Өзбекстанга өткөрүүгө көмөктөшүп жүргөндүгү бардыгына маалым.

Аруу эмес, бирок акыйкат

Анткен менен коомчулукта Мирсидиковдун таржымалында анын криминалдык өтмүшү гана “кара так” болуп калганы болбосо, ал акыйкатсыздыкка каршы турган бейформал лидер болгондугун эскергендер да жок эмес. Акчасы көптүгү менен саясий олимпке жетип, дагы да чоң атак-даңк күтүш үчүн улутташтарынын кызыкчылыгы менен кызыл кулактык кылган саясатчыга багынып бербегендигинин өзү эле анын кандай адам болгондугунан кабар берет дешет кээ бир жердештери.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Алима Аманова кылмышкер деген Мирсидиковго караганда саясатчы Батыровдун үстүнөн арыздангандар көп болчу деп эскерет:

- Мен Айбек тууралуу Жалал-Абадда жакшы сөздөрдү гана угам. Анын үй-бүлөсү да жакшы адамдар. Мурда эми соттолуп, отуруп чыккан экен. Ошондон улам эле анын артынан ар кандай сөз ээрчиткендер болгон. Батыров мындагы өзбектердин маселесин жалгыз өзү чечип, алардын кызыкчылыгын кызылдай саясий соодага айлантканда ага каршы чыккан жалгыз Айбек болду. Мындай нерсенин кооптуу экендигин ал өзүнүн таламдаштарына мурда эле айтып жүрчү. Анын үстүнөн карапайым адамдар арызданган же ага капа болуп жүргөндөр тууралуу укпапмын. Бирок Батыровго нааразы болуп, анын үстүнөн арыздангандар мурда эле көп болчу.

Айбек Мирсидиковду өлтүрүүгө шектүүлөр аныкталып, учурда аларды кармоо боюнча издөө иштери жүрүүдө. Кылмышты уюштурган жана ага түздөн-түз катышкан адамдар учурда чет өлкөдө болгондуктан тергөөнүн топтогон далилдеринин негизинде аларга эл аралык издөө жарыялана тургандыгы белгилүү болду.

Талдоочулар Айбек Мирсидиковго кол салгандар кармала турган болсо, июнь калабасы деген ат менен белгилүү болгон этникалык кагылышты уюштургандардын күнөөсүн далилдей турган конкреттүү фактылар ачыкка чыгышы мүмкүн экендигин белгилешүүдө
XS
SM
MD
LG