Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Чек ара кызматынын айрым генералдары менен полковниктери бийик тоолуу аймактан жасалма документ тууралап, өздөрүнө жогорку өлчөмдө пенсия чегертип алган фактылардын бети ачылууда.

Мунун жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү миллиондоп саналат. Бирок Аскер прокуратурасы Чек ара кызматынын жетекчиси Курманакун Матеновго иш козгоп, аталган фактыны аны кызматтан четтетүү үчүн гана колдонууда деген дооматтар айтылууда.

Адистер чек ара аскер жетекчилеринин арасындагы мындай өнөкөт көптөн бери келатканын айтып, бирок бул фактылар учурунда жашырылып келгенин белгилешүүдө.

Чубалган чуунун башаты

Жаңы эле бул кызматка дайындалган чек арачылардын кол башчысы полковник Курманакун Матенов жакында тергөө ишине байланыштуу кызматынан четтетилген. Буга Аскер прокуратурасы тарабынан “алдамчылык” беренеси менен козголгон кылмыш иши негиз болду.

Тергөө органы Матенов Бишкекте жашап туруп, Алайдын Сары-Таш айылынын жашоочусу катары пенсияга чыкканын таап чыккан. Анткени мыйзам боюнча, бийик тоолуу аймакта жашаган аскер адамы жогорулатылган коэффициент боюнча пенсия алат. Матеновдун өткөн 23 айда алган пенсиясына кошулган үстөктүн өлчөмү 400 миң сомдон ашык экени жарыяланган болчу. Бирок Матенов учурунда маселенин моралдык жагын карап, аталган сумманы кайра кайтарып бергени айтылган эмес.

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Исмаил Исаков аскер адамы каалаган аймактан пенсияга чыгууга укугу бар экенин айтып, бирок Матенов өз демилгеси менен пенсиясынын үстөгүнөн сегиз ай мурун баш тартканына карабастан кылмыш иши козголуп жатканына токтолду:

- Чек ара кызматы өзгөчө кызмат болгондуктан, андагы аскер кызматчылары башка күч түзүмдөрүнөн айырмаланып, улам ар кайсы аймакка которулуп турат. Ага байланыштуу Совет доорунан бери келаткан алардын каалаган жерден пенсияга чыккан салты бар эле. Бул боюнча чек арачы ардагерлерге буга чейин бир да жерде доомат коюлган эмес болчу. Бирок мына ошол текшерүүлөргө чейин эле Матенов өзү “моралдык жактан туура болбой калат” деген ишеним менен башка аскер кызматчыларынан айырмаланып, бийик тоолуу райондогу жогорулатылган коэффициенттен баш тартканы белгилүү. Анын мына ошол башкаларга үлгү болгон демилгесинен кийин гана текшерүүлөр башталган болчу. Эми болсо анын өзүнө карата кылмыш иши козголуп, бардык телеканалдардан Матенов мамлекетке оңбогондой зыян келтирген деп коомдук пикир түзүүгө аракет болууда.

Жашыруун тизменин ачыкка чыгышы

Аскер прокуратурасы Матеновго кылмыш ишин козгоо менен 2013-жылы май айындагы текшерүүнүн буга чейин жашырылып келген жыйынтыгын ашкерелеп алды. Анткени ал текшерүүдө Чек ара кызматынан мыйзамсыз пенсияга чыккан 26 аскер адамынын купуя иши аныкталган.

Аталган тизменин көпчүлүгүн генералдар, полковниктер жана офицерлер түзгөн. Ошол аскер адамдары эскертүүнүн негизинде келтирилген зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилген соң кылмыш иши токтотулган болчу. Бирок Матенов аталган текшерүүгө чейин эле пенсиясынын үстөк өлчөмүн төлөп берген.

Курманакун Матенов

Курманакун Матенов

Бийик тоолуу райондогу коэффициенттин негизинде өзүнө жогорулатылган пенсия чегерип алгандардын тизме башын генералдар Молдошев, Жамалов, Дуванаев сыяктуу аттуу-баштуу аскер адамдары толуктаган. Алар өздөрү өмүр бою Бишкекте туруп, бирок пенсияга Алай, Чаткал жана Ат-Башы сыяктуу бийик тоолуу аймактардан чыгышкан.

Өзүнүн ысымын атагысы келбеген Чек ара кызматынын отставкадагы офицери аталган тизме тууралуу буларга токтолду:

- Бийик тоолук аймакта жашайт деген негизде олчойгон пенсия чегерип алгандар толтура. Алардын көпчүлүгү Чек ара кызматынын жетекчилик кызматында жүргөндөр. Бул боюнча тиешелүү тизме түзүлгөн болчу Ал тизме Чек ара кызматынын генералдары Дуванаев, Жамалов, Молдошев менен башталып, белгилүү полковниктер Кайыпов, Нышанов, Бейшеналиев менен бүткөн. Иш козголсо, бул адамдардын баарына козголуш керек эле да. Алардын көпчүлүгү Торугартта жашайт деген маалымат кат алып келип тапшырышкан. Кызык жери Матенов каттоого турган Алайдын Сары-Ташында го айыл бар, бирок Торугартта айыл болбосо, кайсы жагына каттоого турушканы кызык.

Чек ара кызматындагы аскер адамдардын пенсиясы орточо 20 миңдин айланасында. Ага аскердик чини, көп жылдык иш тажрыйбасы жана бийик тоолуу коэффициент кошулганда кырк, элүү миңге чукулдап барат. Чек ара кызматында, Коргоо министрлигинде, коопсуздук жана ички иштер органдарында иштеп жүрүп мына ушундай өлчөмдөгү пенсияга чыккан аскер адамдарынын саны он жети миңге барат. Бул деген коопсуздукту чыңдоого жана коомдук тартипти сактоого кеткен мамлекеттин чыгымынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт дегенди түшүндүрөт.

Каржы министрлигинин социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Мариям Мамбеталиева аскер кызматчыларынын пенсиясына кеткен чыгымдын жалпы өлчөмү мамлекеттик сыр экенин белгиледи:

- Албетте генералдар менен полковниктер көп пенсия алышат. Бирок мен аларга кеткен чыгымдын өлчөмүн билгеним менен, бул боюнча айтууга укугум жок. Анткени аскер адамдарынын пенсиясынын өлчөмү жана ага кеткен жалпы чыгымдын көлөмү боюнча маалыматтар жашыруун сакталат. Биз бул маалыматтарды кызматтык зарылдык үчүн гана колдонобуз.

Матеновду “майтаруунун” амалы

Ошол эле кезде жасалма документтерди даярдоо аркылуу алдамчылык жол менен мамлекеттен пенсиясына үстөк пул төлөтүп алган аскер адамдарынын иши быйыл май айынан бери "жабылуу аяк жабылуу" бойдон калган. Бирок октябрь айынын орто ченинде бул иш кайрадан көтөрүлүп, андан Чек ара кызматынын башчысы Матеновдун эпизодун тергөө органы өзүнчө бөлүп алган. Мурдагы текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган генералдар менен полковниктер бул жакта калып, Матеновго алдамчылык беренеси боюнча айып угузулган.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков муну Матеновду кызматтан алууга кызыкдар күчтөрдүн атайын уюштурган кутуму катары мүнөздөдү:

- Эмне үчүн кыйла убакыт өтпөй жатып эле Матеновго мындай катуу “согуш” жарыяланды? Жообу өтө эле жөнөкөй. Анткени Чек ара кызматынын ичиндеги жана сыртындагы уюмдашкан коррупциялык күчтөр бул жигит менен келишип иштөө мүмкүн эмес экенин түшүнүштү. Анткени Матенов чек арадагы аткезчилик жана кадрлардын тазалыгы боюнча келишкис иш алып бара баштаган. Ал Чек ара кызматынын түзүмүн кайрадан карап чыгууну сунуштап, артыкбаш жана жыйынтык бербеген, бирок уюшкан кылмыштуу топтор үчүн ыңгайлуулук жараткан кызматтардын бардыгын жоюуну көздөп жаткан. Бул боюнча анын атайын долбоору бар болчу. Анан жанагы аткезчиликтен оңбогондой киреше таап турган күчтөр кандай болбосун бул орунга өздөрүнө караштуу адамды алып келүү чечимине келишкен. Матенов кийинки кезде чек ара коопсуздугун жакшы нукка салып, ички тартипти бекемдеп, көзгө көрүнө баштаган эле. Анан жанагындай мыйзамсыз каналдарды бууп баштаган эле. Мындай учурда ага тили өтпөгөн күчтөр аны мына ушул шылтоо менен каралап, кызматтан алып түшүүнү көздөшүүдө.

Жооп бербеген аскер прокурору

Аскер прокурору Марат Эшперов бул кылмыш ишинин табышмактуу жагдайы жана мыйзамдын талабынын аскер адамдарына карата ар башкача колдонулушу боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Жооп алуу үчүн жазуу түрүндө өтүнүч келтирүүнү талап кылган аскер прокурору аталган катка мыйзамдын чегинде жооп берүүнү негедир туура көрбөдү.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов бул иш боюнча полковник Матеновдон башка аскер адамдарынын айыбы угузула электигин тастыктады:

- Матенов үстөк акчаны кайра кайтарып берген күндө деле кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт да. Козголгон иштин алкагында тергөө жүрүп, анан ошол Матеновго айыбы угузулду. Калган аскер адамдары да кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатабы же жокпу аны билбейт экем. Азырынча бул иш боюнча Чек ара кызматынын башчысы Матеновго гана айыбы угузулду.

Мындан улам талдоочулар арасында Матеновго козголгон кылмыш иши аны кызматтан кетирүүнүн классикалык усулу катары колдонулуп жатканын белгилешүүдө. Анткени буга чейин эле ал жаңыдан кызматка киришкен учурда айрым басылмалар аркылуу Матеновдун кызматтык беделин түшүрүүгө багытталган буюртма макалалар жарык көргөнү белгилүү дешет алар.

Ал эми бийик тоолуу аймактын коэффициентин коштуруп пенсияга чыгуу өнөкөтү көп жылдан бери калыптанган көрүнүш дейт чек ара маселеси боюнча эксперт, полковник Кубанычбек Сарыбаев:

- Негизи мыйзамдагы мына ошондой “жылчыкчалардан” улам мына ошондой “мүмкүнчүлүктөрдөн” пайдаланып келген аскер адамдары толтура. Бул өзү кандайдыр бир тенденция катары пенсияга чыгып жаткан аскер адамдарынынын арасында аябай катуу жайылып кеткен болчу. Анан эми мына ошол Матеновдон башка деле генералдар менен полковниктер мына ошондой жол менен пенсияга чыккан учурлар толтура. Анда мына ошолордун бардыгы боюнча кылмыш ишин ачууга туура келет.

Бийик тоолук аймакта жашайт деген негизде олчойгон пенсия чегерип алгандар толтура. Алардын көпчүлүгү Чек ара кызматынын жетекчилик кызматында жүргөндөр.
Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матеновду четтетүүнүн башында өкмөт башчысынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары – вице-премьер-министр Токон Мамытов турат деген тастыкталбаган маалыматтар бар. Бирок ага түздөн-түз далилдер болбогону менен кадр маселесинде жана Чек ара кызматынын түзүмү боюнча Мамытовдун Матенов менен келишпестиги болгон дешет аталган чөйрөгө жакын булактар.

Токон Мамытов Матеновдун Чек ара кызматынын башчылык кызматына шайкештиги боюнча комментарий берүүнү туура көргөн жок:

- Ага эми тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жооп табылат. Мен эми мурда бул кызматта иштеп кеткен адам катары комментарий бергенимди коомчулук туура эмес түшүнөт. Ошондуктан бул маселе боюнча оюмду айтууда өзүмдү бир аз ыңгайсыз сезип турам. Бирок негизи жетекчи адамдын колу таза болушу керек да. Анын бедели башкалардын алдында кристаллдай туптунук болууга тийиш.

Матеновго угузулган айып боюнча кылмыш иши кылмыш курамынын далилденишине жараша тергөөдөн кыскартылып же болбосо сотко өткөрүлүшү мүмкүн. Анткени Матеновдун пенсияга чыгуусу үчүн документтерди Байзаков аттуу кызматкер ырастаган. Эгерде сотто бул ишке анын түздөн-түз катышы далилденбесе, ал анда эреже боюнча кайрадан кызматына калыбына келтирилүүгө тийиш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG