Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Жакында эле Кыргызстанда укук коргоочулар кылмыштуу иштерге кириптер болгон өспүрүмдөргө гумандуу мамиле жасоо чакырыгы менен прокуратура кызматкерлери жана тергөөчүлөргө кайрылган эле. Эми дал ушундай өспүрүмдөр менен иштеп жана укуктарын коргоочу атайын уюм ачылганы жатат.

Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын юристи Мирлан Медетов “Азаттыкка” маек курду.

- Ар кандай кылмышка барган жеткинчектер менен өспүрүмдөрдүн укугун коргоочу уюмду ачууга эмне себеп болду жана ал уюм эмне иш алып барат?

- Кыргызстанда өспүрүмдөр кылмыш ишке барып, ошол процесске киргенден тарта алардын укугун коргоочу атайын уюм жок. Биз азыр бул боюнча Жогорку Кеңештин комитети менен биргеликте балдар укугун коргоо боюнча жаңы мыйзамга түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип жатабыз. Ал жакта атайын социалдык кызматкерлер иштешет.

Өспүрүм кармалган күндөн тарта аны коргоонун планы түзүлөт. Прокурорго же судьяга бала боюнча мүнөздөмө берип, эгер жазалаш керек болсо кандай жаза туура болоорун сунуштайт.

- Өспүрүмдөрдүн кылмыш иштерине баруусуна эмне түрткү болуп жатканын иликтедиңиздерби?

- Биринчиден, ата-эненин туура эмес тарбиясы. Үй-бүлөнүн социалдык абалынан да келип чыгууда. Үйүндөгү жетишпегендик, андан калса тамактын жоктугу кылмышка түрткү болууда.

- Соттолуп жаткан жашы жете электердин канчасы кайра абак жайларга кайтып келет? Аларды ата-энелери кабыл албай коёбу же башка себептери барбы?

- Биз июнь айында эле өзүбүздүн изилдөөбүздү өткөргөнбүз. Алар чыккандан кийин өздөрүн чоочун сезип калышат. Коом да аларды кылмышкер катары көрүп, жерип турат. Анан кайра эле кылмышка барып, абакка түшүшөт. Ал эми канчасы кайтып келээрин айтуу өтө кыйын.

- Силер коомдо түшүндүрүү иштерин жүргүзөсүңөрбү?

- Ооба, биз тегерек үстөлдөрдү өткөрүп турабыз. Жакында эле прокуратура жана тергөө кызматкерлери менен жолуктук. Атайын дубал кагаздарын, китепчелерди чыгарып турабыз.

- Түрмөгө түшүп чыккан өспүрүмдөргө толеранттуу, адамгерчиликтүү мамиле жасоо менен жөн-жай турмушка кайтарып алуу мүмкүнбү?

- Ооба, болот. Мисалы, ошол эле жаңы ачыла турган коргоо уюмунун кызматкерлери бала соттолуп кетсе да аны менен иштешүүнү токтотушпайт. Абактагы бала менен иш жүргүзүп, эгер жеткинчек оңолооруна көзү жетсе, сотко өтүнүч менен бошотуу тууралуу кайрылса болот.

- Жакында Бишкектин прокуратура кызматкерлери жана тергөөчүлөр менен жолукканда кылмышка барган балдарды жазалоо менталитетинен кетип, гумандуу мамиле жасоого үндөдүңөр эле, бул кайрылуудан майнап чыгабы?

- Аз эле убакыт өттү, эми көрөбүз го кандай болоорун. Жакында эле Башкы прокуратурада атайын балдар менен иштөө бөлүмү ачылды. Бул да жылыш. Убакыт көрсөтөт, биз прокуратура кызматкерлери менен иштешүүнү улантабыз.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG