Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

​Ысык-Көл облусунда эне карачечекей баласын сатып жиберген деп шектелүүдө. Милициянын маалыматына ылайык, 3 жарым жашар наристе эки жыл мурда караколдук үй-бүлөгө 25 миң сомго сатылган.

3,5 жашар наристенин сатылганы боюнча маалыматты милицияга баланын тайнеси айткан. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун белгилешинче, Ак-Суу районун 61 жаштагы тургуну кызы 2013-жылы эч ким менен кеңешпей туруп баласын бейтааныш адамдарга сатып жибергенин айтып арызданган.

- Баланын сатылышы боюнча 61 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылган. Бул боюнча ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, жүргүзгөн иш-аракеттин натыйжасында баланы сатып алган адамдар аныкталып, табылды. Алар өздөрүнүн берген көрсөтмөсүндө 2013-жылы бир келинден бала кылып алуу максатында чын эле 25 миң сомго сатып алышканын айтышкан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам сатуу беренесинин негизинде кылмыш иши жакын арада козголмокчу.

Учурда милиция бардык жагдайларды эске алуу менен окуяны териштирүүдө.

Сатылды делген баланын кимде калары да тергөөнүн жана соттун чечимине жараша болот. Анткен менен соңку учурда карачечекей баласын бейтааныш адамга сатып жиберген окуялар арбын кездешүүдө.

Иллюстрация

Иллюстрация

Акыйкатчы институту 24-июнда тараткан маалыматына ылайык, Токтогул районунун тургуну бир жылдан бери өзүнүн эки жашар баласын кайтарып ала албай жатканын айтып арызданган. Н.А. аттуу келиндин билдиришинче, Орусияда иштеп жүргөн кезде күйөөсү баласын башка аялга сатып жиберген.

Өткөн аптада эле Таласта ажырашкан үй-бүлөдө атасы эки жашар баласын Нарынга сатып жибергени тууралуу кабар тараган. Андан мурда Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну өзүнүн 5,5 айлык наристесин бир койго айырбаштаганы аныкталган. Ал эми жыл башында кыргыз тилдүү “Тамчы" гезитинде “бир жарым жашка чейинки кыз бала сатып алам” деген жарыя коомчулукта талкуу жараткан болчу.

Укук коргоочулар Кыргызстанда баланы мыйзам жолу менен асырап алуу жол-жоболору татаал болгондуктан ушундай фактылар катталып жатканын белгилеп келишет.

Назгүл Турдубекова

Назгүл Турдубекова

"Балдарды коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова маселени кылмыш ишин козгоп же баласын саткан аялды камоо менен чечүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал жалгыз бой жана аз камсыз үй-бүлөлөр социалдык жактан коргоого муктаж экенин белгилөөдө.

- Кыргызстанда улуттук жана эл аралык асырап алуу жолу ачык-айкын эмес, абдан татаал. Аргасыз, баласын таштайын деген энелерге мыйзам чегинде биринчи кезекте жардам бериш керек. Баласынан баш тартам десе аларга гумандуу система түзүп берип, башка үй-бүлөгө бере турганга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтыш керек. Ушул иштер бизге жабык, түшүнүксүз жана коррупциялашкан үчүн көп энелер балдарын таштап, сатканга аргасыз болуп атышат. Бизге да баланы асырап алганга мүмкүнчүлүгүм жок, акча сурап атышат деп кеңеш сурап көп кайрылышат.

Өз кезегинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бала багып алууда жасалма тоскоолдук көп деген сөздөрдү четке кагышууда. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Марина Жапаркулова ата-энелердин жоопкерчилиги жоголуп баратканын, уул-кызын саткандарды жазалоо зарылдыгын белгилөөдө.

- Баласын сатып атканы – бул ата-эненин өз жоопкерчилигин сезбегени. Ал эмнеге сатат баласын? Эч жерде баласын сатса болот деген нормалар жок, керек болсо аларды мыйзам боюнча жоопко тартыш керек. Ал эми баланы асырап алуу маселеси таптакыр башка. Ата-энеси барлар эч качан асыроого берилбейт. Асыроонун жол-жобосу татаал деген да туура эмес. Асыроочулардын жашоо-шарты, ден соолугу, психологиясы кандай, соттолгонбу, жокпу деген маалыматтар текшерилет. Ушул боюнча эле керектүү документтер чогултулат.

Кыргыз үй-бүлөлөрүндө буга чейин эле бир тууган, жакындарынын балдарын багып алган учурлар кездешип келген. Бирок бул эч кандай каражатка же дагы башка нерсеге бааланган эмес. Соңку кездерде балдар товар катары сатылууда деп тынчсызданышат адистер.

Педагогика илимдеринин доктору, адабиятчы Абдыкерим Муратов Кыргызстанда балдардын укугу толук корголбой, бул багытта мыйзамдар да иштебей жатат деп эсептейт.

- Кыргыздын элдик ишенимдери боюнча баласы токтобосо, жалаң кыз төрөлө берсе, атайын башка бирөөгө берип бактырышкан же бир туугандарына беришкен. Ошондо да берип жаткан адамга ишенип, алар баласын өзүнөн кем кылбай багып, үйлөндүрүп-жайландырарына, өзүнүн да жакшы тарбия берерине көзү жеткенде анан берген. Азыр андай болбой, баары акчага бааланып жатат. Башкы көйгөй - баланы товар катары көргөндүгүндө болууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл беш айда бала сатууга байланыштуу эки факты катталган. Укук коргоочулар өз баласын саткан фактылардын көбү көмүскөдө калып жатканын белгилешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG