Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:30

Өкмөттүн жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү биргелешип иштеп чыккан "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" мыйзам долбоору коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан кез.

Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик кызматкерлерди жемкорлуктан ооздуктоого шарт түзөбү? Кызмат адамына берилген белектин пара экендигин ким аныктайт? Жазалоо ыкмасы мамлекеттик кызматкерлерди тазалоо эмес, талкалоого алып келбейби? "Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары ушул суроолорго жооп издешти.

Талкууга Өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев жана Менежмент боюнча консультанттар институтунун аткаруучу директору Азамат Аттокуров катышты.

Тилек Саякбаев: Кызыкчылыктар кагылышынын эки түрү болот. Биринчиси - мамлекеттик деңгээлде бир мамлекеттик мекеме чечимди өздөрү чыгарып, өздөрү лицензия берип, өздөрү көзөмөлдөшөт.

Экинчиси - мамлекеттик кызматкер менен ишкердин ортосундагы кызыкчылыктар болуп бир топ зыяндар болууда. Мисалы, мыйзам боюнча бир мамлекеттик мекемеде жакын туугандар иштебеш керек, тендер өтүп жаткан учурда комиссияда туугандары болбош керек.

Мыйзам ар бир мамлекеттик кызматтагы адамдардын жеке өзүнүн кызыкчылыгына тартып, мамлекетке зыян келтирбөө, залакасын тийгизбөө үчүн жемкорлукту алдын алуу максатын көздөйт. Коррупция менен күрөшүүнүн көп жолу бар, бул мыйзам ошонун бир жолу. Мыйзам мамлекеттик кызматкердин коррупция менен аралашып калгандан кийин күрөшкө эмес, алдын алууга багытталган.

Азамат Аттокуров: Бул мыйзам долбоору боюнча атуулдар, коомчулуктун өкүлдөрү аты-жөнүн айтпай кайрылууга укугу бар. Эгер ошондой кат келсе, адегенде этика боюнча комиссия текшерет, териштирет, далилденсе ал адам кызматтан кетет, керек болсо кылмыш иши ачылып тергөө жүрөт. Жалпылап айтканда коррупция менен күрөшүүдө коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө бул мыйзам жакшы шарт түзөт.

Тилек Саякбаев: Биз бир мыйзам менен коррупциянын деңгээлин бир эле күндө кыскартып же жоюп жибере албайбыз, бир жылда же беш жылда жеңет деген жок. Мисалы, Сингапур 12 жыл күрөшкөндөн кийин гана натыйжага жетише баштаган. Коррупция жок деген деңгээлге жеткен Скандинавия өлкөлөрү жүз жылдап жеткен.

Азыр биздин атуулдар четте кайдыгер карабай жардам берип, балдарын туура тарбиялап, туура багыт берсе да чоң натыйжа берет эле. Азыр ишкерлер өз ара хартияларды кабыл алышып, коррупцияны кыскартууга бел байлап жатышат. Башка тармактарда аракеттер болууда...

Азамат Аттокуров: Бир мисал айтайынчы, Чүй облусунда бир мамлекеттик кызматкер айыл өкмөт башчысы болсо, апасы бухгалтер болуп иштейт. Алардын ортосунда сөзсүз кызыкчылыктар болот, этика жагынан да туура эмес. Эгер мыйзам кабыл алынса, мындай көрүнүшкө жол жок болот. Айталы, Германияда кызыкчылыктардын кагылышына бир аз эле ишарат болсо, же шек туулса эле кызматтан кетет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG