Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Маңзатка каршы күрөшкө баа берилди


Коргоо кеңешинин катчылыгы менен Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосунда жаңжал чыкты.

Мамлекеттик агенттиктин ишин атайын комиссия текшерип, анын жыйынтыгы боюнча агенттиктин жетекчилигин кызматтан бошотуу сунушталды. Ал эми агенттиктин жетекчилиги мындай кырдаалдын түзүлүүсүнө эл аралык баңги мафиясынын тиешеси болуш мүмкүндүгүн билдирип чыкты.

Коргоо кеңешинин катчылыгы 17-июлда маалымдаганына караганда, Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин 2011-жылдагы жана быйылкы жылдын алты айындагы ишин тармактар аралык комиссия текшерип чыкты. Анын жыйынтыгында агенттиктин иши бардык тарабынан аксап жатканы аныкталды.

Ошол себептен агенттиктин жетекчилигин кызматтан бошотуу сунушталды. Текшерүүгө Эсеп палатасы, Мамлекеттик кадр кызматы, УКМК жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тартылган.

Өз кезегинде Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик билдирүү менен чыгып, анда текшерүүлөр ушак-айыңга негизделип жүргүзүлгөнү жана агенттиктин иши мыкты болуп жатканы айтылган. Андан сырткары агенттиктин айланасында түзүлгөн кырдаалга эл аралык баңги мафиясынын тиешеси бар деген негиз пайда болуп жатат деп белгиленген.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 2011-жылы 26 млн. долларлык баңгизат алынган. Ал эми быйылкы жылдын ичинде 53 килограмм же 4 млн. 620 миң долларлык маңзат алынган. Агенттикти учурда Виталий Орозалиев жетектеп турат. Ал жеке өзү кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартууда.

"Сан да, сапат да жок"

Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылы жоюлуп, апрель ыңкылабынан кийин кайрадан түзүлгөн. Бирок өткөн жылдын соңунда быйылкы жылга абдан орчун маселелер коюларын Орозалиев билдирген эле:

- Келерки жылы маселе абдан башкача коюлат. Биз оперативдик-издөө иштеринин сапатын көтөрүшүбүз керек. Эгерде бүгүнкү күнү ишибиздин жыйынтыгына карап туруп, андагы кемчиликтерди агенттиктин жоюлуп, кайра түзүлүүсүндөгү кыйынчылыктар менен байланыштырсак, келерки жылы андай болбойт.

Бирок тармактар аралык комиссия Орозалиев жетектеген агенттиктин иши начарлап кетти деп чыкты.

Агенттикти 2009-жылга чейин жетектеп турган Болотбек Ногойбаев мындай баасын берди:

- Натыйжаларын карап көргөндө эле көрүнүп турбайбы. Мисалы, 2009-жылды алсак, агенттик октябрь айында жоюлган, ошондогу маңзаттардын 80% агенттик тарабынан кармалган. Азыр болсо агенттик 10-15% эле кармайт, калгандарын ИИМ, УКМК жана башкалар кармап жатат. Анан кийин адистешкен агенттик болуп туруп, натыйжалары 10-15% болгонун көрүп туруп, булар иштей албай жатабы? Эмне болуп жатат деген ойго келгем.

Ногойбаевдин айтымында, агенттикте 300дөй кызматкер иштейт. Алар тарабынан 56 килограмм маңзаттын кармалышы аз. Ал эми Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин кереги барбы деген суроого Ногойбаев "агенттиктин жетекчилигине кесипкөй адамдын келиши маанилүү" деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытов агенттиктин иши чындыгында эле начарлап кеткенин белгилеп, аны комитеттин жыйынына алып чыгууну пландаштырып жатканын билдирди:

- Мен өзүм деле бул маселени комитетке алып чыгып карасакпы деп күзгү планга киргизип жаткам. Себеби чын эле натыйжа жакшы болбой жатат. Мен 2006-жылы, 2008-жылы кандай болгонун билем. Аны менен азыркы кездин асман менен жердей айырмасы бар. Ошон үчүн бул эмне? Эмне жолтоо болуп жатат? Эмне үчүн ушундай болду деп комитетке даярдап жатканбыз.

Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик өкмөттүн алдындагы орган. Ошондуктан анын жетекчилигине байланыштуу чечимди өкмөт башчы кабыл алат. Ошол себептен агенттиктин жетекчилигинин кызматына татыктуулугун карап көрүүнү президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчыга жолдогон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG