Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

ИИМге ишенимди азайткан кылмыш иши


Камила Дүйшөбаева
Камила Дүйшөбаева

Коомчулукта чуу жараткан Камила Дүйшөбаеванын табышмактуу өлүмү боюнча иш убактылуу токтотулду деген маалыматты ИИМ төгүндөдү. Кылмышка шектүү табылган жок деген негизде чуулгандуу иш токтотулганы кабарланган эле.

Каза болгон кыздын жакындары милиция кылмыш ишти ачууга ниеттенбей жатат деп сындашууда.

Милиция мурунку айтканын танды

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши убактылуу токтотулганы тууралуу кабар 14-апрелде тарап, аны бир нече жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан. Мындай кабарды ишти тергеп жаткан Чүй облустук милициясы да тастыктап, мекеменин инспектору Нүргүл Нусупова “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирген эле:

- Убактылуу токтотулду. Анткени кылмыш боюнча жоопкерчиликке тарта турган шектүүлөр аныкталган жок. Эгер алар кармалса, кайра жанданат.

Бирок бүгүн журналисттер аталган ишти иликтеп жана жазып баштаган соң Ички иштер министрлиги кылмыш иши токтотулганы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгын жетекчиси Капар Батыркановдун билдиришинче, жаңыдан жумушка алынган кызматкер окуянын чоо-жайын иликтебей туруп, туура эмес маалымат таратып жиберген:

- Бул иш токтогон жок. Министрдин жеке көзөмөлүндөгү жана коомчулукта резонанс жараткан иш кантип жабылып калсын. Бул иш боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети ишти көзөмөлгө алганы үчүн мезгил-мезгили менен отчет берип турабыз. Учурда иш жүрүп жатат. Буга чейин 400гө жакын адам суралган. Азыр да сурак жүрүп жатат. Кечээ жумушка жаңы келген кызматкер туура эмес маалымат берип коюптур.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган. Күбө катары суралгандардын катарында мурдагы прокурор Аида Салянованын жакын тууганы да бар болчу. Бирок милиция кийинчерээк бул ишке Салянованын тууганынын катышы далилденбегенин расмий билдирген.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

Быйыл март айында ички иштер министри Мелис Турганбаев окуяны иликтөө иши кайра башынан башталып жатканын, Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версия бар экендигин билдирген. Атүгүл Камила Дүйшөбаеванын телефонундагы айрым маалыматтарды алуу үчүн Малайзиядан атайын адистер чакырылганы да кабарланган. Бирок кийинчерээк бул аракеттен эч кандай майнап чыкпаганы белгилүү болду.

ИИМди сынаган иш

Ишти Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети көзөмөлүнө алып, атайын жыйында да талкуулаган. Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Бактыбек Калмаматов коомчулукта резонанс жараткан иштин ачылбай жатышы менен эле ИИМдин ишинин жыйынтыгын бааласа болот деген пикирде:

- ИИМ биз отчет сураган сайын жакында ачабыз, жаңы илинчек таптык деп убада кылат. Акыркы жолу чет өлкөдөн атайын адистерди чакырдык, алардын жардамы менен ачабыз дешкен эле. Бирок иш токтоп калды деп деле айтсак болот. Коомчулукта абдан көп талкууланып жатканы үчүн гана токтотулган жок дегендей түр көрсөтүп жатышат. Мындай кылмыштардын артында саясий чиновниктердин, мамлекеттик жогорку кызматкерлердин катышы бар деп шектелген учурда тергөөчү канчалык кыйын болбосун анын бетинин ачылбай калышына таасири болот.

Эшмамбет Дүйшөбаев
Эшмамбет Дүйшөбаев

Маркумдун чоң атасы Эшмамбет Дүйшөбаев бул кылмыш иш боюнча тергөө эбак эле токтоп калган деген ишенимде. Ал иштин минтип ачылбай создугуп жатышына кызыкдар күчтөр бар болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөп жүрөт:

- Сөзсүз бул иштин артында чоң күчтөрбү же бийликтеги айрым адамдар дейбизби, таасирдүү күчтөр турат окшойт. Ошондуктан учурда ИИМди башкарып тургандар бул ишти ачыгына чыгарбай калды го деп күмөн санайм. Анткени сурак берген адамдардын арасында Ички иштер министринин өзүнүн достору, санаалаштары да бар экен. Ошон үчүн бул иштин жакын арада ачыларына деле ишенбей калдым.

Камила Дүйшөбаеванын жакындары маркумга байланышкан ишти кайра тергеп чыгууну сурап, Башкы прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатышат. Алар жаңы баш прокурор бул ишке кайдыгер карабайт деген үмүттө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG