Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Болочок юристтер зомбулукка барганбы?


Окуянын чыгышына жол тыгында бир автоунаанын чийилип кетиши себеп болгон.
Окуянын чыгышына жол тыгында бир автоунаанын чийилип кетиши себеп болгон.

Бишкектин Свердлов РИИБи он күн мурда болгон зомбулук окуясы боюнча иш козгобой, создуктуруп жатканына жабырлануучу тарап даттанып чыкты.

Быйыл Түркиянын Анкара университетинин тоо-кен инженериясы факультетине өткөн Бишкектин тургуну Бексултан Абдыкасымов мындан он күн мурда баш калаанын көчөлөрүнүн бириндеги зомбулуктан ооруканага түшүп, окуусуна өз учурунда бара албай калды. Автожол чатагынан Бексултанды токмоктоп, акча талап кылган бейбаштарды милиция кармап, бирок эртеси коё берип жиберген. Он күндөн бери бул окуя боюнча кылмыш иши козголбой турганына нааразы болгон жабырлануучунун ата-энеси ишти караган тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттерине даттанууда.


Зомбулуктун соккусу


Жабырлануучу тараптын айтымында, 14-сентябрда Бишкек шаарынын Чүй-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде Бексултан Абдыкасымовдун машинесин “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу токтотуп, ур-токмокко алган. Ага Бексултандын машинесине удаа айдап бараткан машинеси чийилип кетиши себеп болгон. Буга ачуусу келген жигиттер Бексултанды шаардын сыртына алып чыгып уруп, ири суммадагы акча талап кылышкан.

Бул тууралуу билдирген жабырлануучунун апасы Гүлнара Жаркынбаева Бексултанга зомбулук көрсөткөн эки жигит Улуттук университеттин юридика факультетинин студенттери экендиги кийин аныкталгандыгын белгиледи.

Жаркынбаева уулу зомбулукка кабылган окуянын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Менин уулум машинеде кетип баратса артынан бир машине кысат экен. Анан экөө жол талашып кетип, катарлаш кеткен эки машине бири-бирине тийип сызылып кетиптир. Анан ал машинен ичинен арматура алып чыккан эки жигит уулумду токмоктоп башташыптыр. Ал эсин жоготуп койгондон кийин, салып алышып, Аламүдүн-1 кичи району тарапка алып барышыптыр. Анан эсине келгенде бизге тилкат жазасың деп талап кылганда менин уулум “досум силерге акча алып келип берет” дептир. Анан ал барып, Бексултанды ооруканага алып келгенде ал жерден оперлерге колго түшүшүптүр.

Кылмышка шектүүлөрдү бошоткон өзүм билемдик...

Бирок арадан он күн убакыт өткөнүнө карабастан Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмү бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоого шашкан эмес. Ал турсун тергөөчү жабырлануучуга зомбулук көрсөткөн деген шек менен кармалган эки адамды эртеси күнү коё берген.

Гүлнара Жаркынбаева бул боюнча прокуратура органдарына атайын арыз менен кайрылганын белгиледи:

- Тергөөчү айыпкер тарап болуп, ишти создуктуруп, тергөө жүргүзбөй келди. Ал турсун бардык негиздер бар туруп, кылмыш иши козголо электигин угуп, прокуратурага арыз жаздык. Тигил кармалгандарды бир күн кармап, эртеси коё бериптир. Мен тергөөчүгө эмнеге сотко алып барбай туруп андай кылдың десем “жашаган жери болгондон кийин эмнеге аларды коё бербешим керек” деп атпайбы. Башында нөөмөтчү тергөөчү токмоктоо фактысы, машинени ээси менен алып чыгып кетүү жана акча талап кылуу фактыларынын бардыгын сурап, түшүнүк кат жаздырган болчу. Кийин ишти өткөрүп алган тергөөчү ишти бейбашчылык катары гана каттаптыр.

Бирок коюлган дооматтар боюнча ишти караган тергөөчү комментарий берүүдөн баш тартты. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Алтынбек Өсөркулов анысын иликтөө иши аягына чыга электиги менен байланыштырды:

- Бул боюнча териштирүү, текшерүү иштери жүрүп жатат. Кандай болгондугун, эмне болгондугун ошол иштер бүткөндөн кийин гана айта алабыз.

Тергөөдөгү теңсиздикпи?

Жабырлануучунун жактоочусу Тимур Добулбеков оперативдүү кызматкерлер бул фактынын бетин өз убагында ачканы менен тергөөчү мыйзамсыздыкка жол бергендигин белгиледи:

- Бул жерде нөөмөт бөлүмүнүн тергөөчүсү жана оперативдүү кызматкерлер жумуштарын так аткарышкан. Тергөөчү ошол факты боюнча эле иш козгой бериш керек болчу. Бирок ал эмнегедир ишти создуктуруп отура берген. Тергөөчү он күндүн ичинде иш козгоп, же андан баш тартуу керек. Мага телефон аркылуу тергөө амалдарын бүгүн баштайбыз деген. Бирок мен тергөөчүнү кечке күттүм, келген жок.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылдык. Бир катар териштирүүлөрдөн соң, башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Нүргүл Нусупова Бексултан Абдыкасымовду токмоктоо фактысы боюнча бейбаштык беренесинин кылмыш белгилери боюнча иш козголгондугун билдирди.
XS
SM
MD
LG