Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Ишкерге ок аткан журналистке иш козголду


Арслан Сартбаев (солдо) жана Самсалы Четинбаев.
Арслан Сартбаев (солдо) жана Самсалы Четинбаев.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналист Аслан Сартбаевге ишкер Самсалы Четинбаевге ок атканы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мурда да бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Сартбаев өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Ишкер, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Самсалы Четинбаевдин айтымында, журналист жергиликтүү сайттардын бирине аны каралаган материал жарыялаган. Чыр ошол материалды алып сал деп, журналисттин үйү тарапка барып сүйлөшүп жатканда чыккан:

- Тапанчасын көрсөтүп, "Сизди бутка атам. Атсам, сөөк талкаланат. Эгер өзүңүздү атсам өлөсүз" деди. Мен ата албайсың, андан көрө “Кыргызтудей” сайтындагы макаланы алып сал дедим. Кызымтал экен, арак ичебиз деди. Мен ичпейм дегенден кийин машинеме түшүп, борборго таштап кой деди. Анан Токомбаев көчөсү менен баратканда тапанчасын дагы алып чыгып, мени атмакчы болду. Анан мен колум менен тоскондо атып жиберди. Ок арткы орундукка тийди.

Ал эми “Азия Ньюс” гезитинин редактору, айыпталып жаткан Аслан Сартбаев жогоруда айтылгандарды четке кагууда:

- Биз алдыңкы орундуктарда сүйлөшүп отурганбыз. Ошондо сол колум менен арткы орундукка тапанчамды коёрдо атылып кетти. Динара Исаева деген депутаттын Четинбаев менен чатагы бар экен. Анан бул Исаеваны каралап жаздырат. Анан “Кыргызтудей” сайты Четинбаевге жооп кылат. Ошону ал менден көрүп жатат. Бул жалган жалаа.

Белгилүү журналист, маркум Мелис Эшимкановдун шакирттеринин бири, буга чейин бир топ гезиттерде баш редакторлукту аркалаган Сартбаев жөнүндө аны тааныгандар арасында пикирлер ар түрдүү. Айрымдары аны адамдардын беделине шек келтирген, ушак-айыңдын деңгээлиндеги макалаларды жазганга кынык алган журналист катары сыпатташат.

Сартпаев менен көп жыл мурда чогуу иштешкен “Жаңы Агым” гезитинин редактору Аскер Сакыбаева кесиптеши тууралуу буларды айтты:

- Аслан тобокелчиликке барган, авантюрага жакын, кыргызча айтканда тентек жигит. Эми этикадан чыгып баратса, аны этиканын чегине киргизип койчу мыйзамдар бар. Ким анын кылыгына нааразы болсо, мыйзам тилинде сүйлөшүп алат деп ойлойм.

Сартпаев буга чейин учурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев, депутат Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана башка бир топ саясатчыларга байланыштуу чатагы менен белгилүү. Айрым саясатчылар аны менен соттошуп да жүргөн.

XS
SM
MD
LG