Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Жалал-Абаддын Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык оорукананын мажбурлап дарылоо бөлүмүн күзөтүү маселеси чечиле элек.

Ушул тушта аталган оорукана жана андагы бейтаптарга байланыштуу бир канча кылмыш иши тергелип жатат. Ал арада көптөн бери дээрлик көзөмөлсүз калган бул ооруканада кылмыштуу топ уюшуп алганы, кылмыш дүйнөсүнүн тартиптери орногону аныкталды. Дарыгерлер болсо кайтаруу маселеси боюнча бир канча жолу кайрылуу болгонун, бирок маселе чечилбей келгенин айтууда.

Өткөн айда Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып качкандардын бири Заур Магомедов аталган ооруканада дарыланып жатканы анык болгон.

Кылмышкерлердин ордосубу?

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын мажбурлап дарылоо бөлүмүндө кылмыш кылган, соттук-медициналык экспертизанын тыянагы менен психикалык дарты бар деп табылгандар жатат. Заур Магомедов да 2012-жылдан бери ушул бөлүмдө дарыланып жаткан.





17-февралда милициянын атайын багыттагы кызматкерлери 2-бөлүмдү тинткен. Бул операция жүрүп жатканда ооруканадагылар күч кызматкерлерине кол көтөргөнү, жаңжал асманга ок атылгандан кийин токтогону, маңзат табылганы маалымдалган.

Бул бөлүмдө жаткан, бирок атын атабаган, кандай кылмыш кылганын да билдиргиси келбеген 20 жаштардагы улан ошол окуя тууралуу буларды айтып берди:

- Келгениме төрт күн гана болгон эле. Жаткам, бир маалда “чыккыла!”, деди. Дарыгерлерден бөлүп, өзүнчө бөлмөгө алып киришти. Мен эч нерсени билбейм десем эле аябай уруп салышты. Дагы деле денемде көгала бар. Милициялар болсо эч нерсе деле болгон эмес. Алар болсо ооруканага барып жатып алып, телевизордон сүйлөп атышат. Биз эч кимди барымтага алган эмеспиз. Тескерисинче, эжелерди чыгарып, ок жегендерди алып кирип жардам берип жатканбыз. Азыр эми бизди күнөөлүү кылып жатышат. Мен бул жакка ушуну менен экинчи ирет жатып атам. Башым ооруйт. Кичинекей кезимде каруселден кулап кеткем.

Бирок милиция тинтүүгө олуттуу себеп болгонун айтууда. Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин маалымдашынча, бул бөлүмдө кылмыштуу топ уюшуп алганы аныкталды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө, камакка алуу башталды:

- Оорукчанбыз деп айтып коюп, бирок “общак” түзүп, өздөрүнүн татаал тартибин орнотуп, ар бири ролун бөлүштүрүп алган. Тажикстандын жараны, убактылуу Бишкекте жашап жаткан Салим Мажитов деген ошол “общакта” “положенец” болуп, башкарып турган. Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев болуп чогуу кылмыштуу иштерди жасап турган. Мажитов 2007-жылы 7 килограмм героин менен кармалган. Анан акча берип, тааныш дарыгерлерге чыгып атып, акыл-эси жайында эмес деген соттун чечими менен дарыланууга жөнөтүлгөн. Биз барып тинтүү жүргүзгөн маалда сот белгилеген мөөнөтү бүткөн экен. Биз азыр аны уюшма кылмыш топ түзгөнү үчүн камакка алдык.

Дарыгерлер кылмыштуу топ тууралуу айтылгандарды жокко чыгарбайт. Бирок алардын милдети кайтаруу, коопсуздукка жооп берүү, кылмыштуулукка каршы чара көрүү эмес, дарылоо экенин айтып актанышат.

Күйүттүү күзөт маселеси

Чынара Кошалиева Кызыл-Жар ооруканасынын чууга кабылган 2-бөлүмүнүн башчысы:

- Бул бөлүмдө күзөт болушу керек деген мыйзамды эч ким карабай жүргөн. Караса деле чечпей жүргөн. Бизде эми кылмышкер жатат да. Кылмышкер эле болбостон психикалык жактан жабыркаган адамдар да. Кылмышкерлерди түрмөдө атайын орган кайтарат. Ооруканада болсо эч ким кайтарбайт. Медиктердин иши – дарылоо. Аларды кароо биздин милдетке кирбейт. Ар ким өз милдетин так аткарганда ушундай жаман окуя болбос эле.


9-февралда Балыкчыда эки милиция кызматкери ок жеп, бирөө каза болгон. Бул кылмышка шектелген 28 жаштагы Заур Магомедов менен 43 жаштагы Бердимурат Арчаев эртеси Токтогул шаарында милициянын операциясы маалында атып өлтүрүлгөн.

Магамедов 2004-жылы адам өлтүрүү, карактоо боюнча шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Казакстанга качып кетип, ал жактан паспорт алууга үлгүргөн жана 2009-жылы ал жактан да карактоо боюнча кармалган. “Акыл-эси жайында эмес" деген маалымдама менен Алматы облусундагы психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн. Кыргызстанга 2012-жылы алынып келген. Ошондон бери Кызыл-Жарда психиатриялык ооруканада дарыланып жатат. Милиция кызматкерлери Заур Магомедов, Бердимурат Арчаев жана дагы бир адам болуп өткөн жылы декабрда Бишкекте бир үйдү карактап, 50 миң долларын алып кеткенин маалымдаган.

Кызыл-Жар психиатриялык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Бейшеналы Эргешов Кызыл-Жардагы ооруканада мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткандар качып кетишип, өздөрү издеп, таап келген учурлар болгонун тастыктады:

- Бул ачык бөлүм болгондуктан чыгып кетүүлөр, качып кетүүлөр аябай көп болот. Санитарлар менен чуркап барып кармап келебиз. Кээде үч-төрттөн болуп качат. Өзүбүз издеп таап келгенге аракет кылабыз. Анткени администрацияга кабар берилгенде ал жактан издегиле деген тапшырма берилет. Биз аларды ушу жака-белден издеп, кээде үйлөрүнөн алып келген учурлар да көп болду. Эми милицияга деле качып кеткени тууралуу айтабыз. Бирок бул жерде ачык эле айтып коюш керек, эгер качып кеткенин айтсак, милиция бизге иш козгойт. Ошондон коркушат. Азыр эми биз качып кеткен бейтаптарды кайтарып, качып кетсе алып келебиз. Анан аларды дарылап, эки милдетти аткарып жатабыз.

Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасы жалпысынан сегиз бөлүмдөн турат. Стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү, башкача айтканда 8-бөлүм гана кайтарылат.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлнура Миңбаеванын айтымында, ооруканада иштегендердин дээрлик 80 пайызы аялдар, жандарын ооздоруна тиштеп иштейт. Тополоң болгондо ал-күчү жетпей калат:

- Буга чейин мындай бунттар такай эле болуп келген. Чилде маалында оору өтүшүп, курчуйт. Айрыкча жаз-күздө кармайт. Соңку ирет 2011-жылы бунт болгон экен. Оорулуулар сыртка чыгып, элди ташбараңга алып, укпай чаң салганда төрт аялдын колунан эмне келет? Ал жерде элүү оорулуу бар. Буга же ИИМ, же Жаза аткаруу кызматы киришип чечүү керек. Бул маселе өкмөттүн деңгээлинде чечилиши керек деп ошондо да айтылган экен.

Козголгон кылмыш иштер

Кызыл-Жардагы соңку окуялар боюнча дарыгерлерге “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, козголгон кылмыш иштин алкагында эмне себептен кайтаруу маселеси чечилбей калганы да иликтенип жатат: Ошондой эле Заур Магамедовго байланыштуу Чүй милициясынын иш-аракеттерине да укуктук баа берилет:

- Бул жерде эң чоң кемчилик – Кызыл-Жардагы оорукана менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы күзөт өңдүү маселелердин чечилбей келгендиги. Тергөөнүн жүрүшүндө мунун баарын тактайбыз. Экинчиден, Магомедов Казакстандан алынып келгенден кийин, бир жылдан кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертиза дайындагандан кийин эмне болуп жатат деп кызыгышы керек болчу. Камакта кезинде кабар алып, мажбурлап дарылоо бөлүмүнө жаткырбай, күчөтүлгөн режимдегисин узартып, ушундай иштерди жасашы керек эле. Ал тергөөчүгө да, бул биз чече турган маселе эмес экен, муну Чым-Коргон чече турган маселе экен, алып кеткиле деп кат жөнөтүшкөн. Ал алынып кетпей жаткан. Жергиликтүү прокуратура Магомедов катуу режимден күчөтүлгөн режимге которулганда эмне үчүн которбогула деп сунуш жазылбай калганын да тактайбыз.


Жалал-Абаддын прокурору мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткандардын оорулуу экендигинен күмөн саноолор болгондуктан, кайрадан экспертизадан өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады:

- Ушул тушта 2-бөлүмдө 48 адам жатат. Алардын баары чындап эле оорулуубу, же кандай деген күмөн жаралууда. Кандайдыр бир коррупциялык жолдор менен ошол жерге жаткырылган эмеспи деген күдүк ой бар. Ушундан улам республикалык деңгээлде көз карандысыз эксперттерди дайындап, ошол жаткандардын баарын комиссиялык экспертизадан өткөрүү тууралуу сунуш киргизип жатабыз. Жобо боюнча ооруканада 5-6 метр тосмо болушу керек, ал жок. Чукул бир нерсе чыкканда белги берчү коңгуроо өңдүү нерселер да жок. Эгер тополоң болсо эки кызматкердин колунан эч нерсе келбейт.

Республикалык психоневрологиялык диспансердин жетекчиси Урайымжан Исмаилов “Азаттыктагы” маегинде кызматтык иликтөөнүн негизинде Саламаттык сактоо министрлиги да чара көргөнүн айтып берди:

- Кетирген кемчиликтери үчүн төрт адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Андан сырткары үч кызматкер иштен төмөндөдү. Аларга бир нече кылмыш иши козголгонуна байланыштуу экспертиза жүргүзүү иштеринен да четтетип койдук. Эми экспертиза жүргүзүү проблема болуп жатат. Кызыл-Жарга биздин дарыгерлер, же Оштун дарыгерлери барганга туура келүүдө.



Дарыгерлерге айрыкча киши өлтүрүү өңдүү оор кылмышка шектелген кээ бир адамдар акыл-эси жайында эмес деген жалган маалымдама менен жазадан кутулганга аракет жасайт деген дооматтар көп айтылат.

Республикалык психоневрологиялык диспансердин жетекчиси Урайымжан Исмаилов андай учурлар да бар экенин мойнуна алды:

- Психиатриялык экспертизадагы бул маселе курч көтөрүлүп атат. Аны биз катуу көзөмөлгө алганбыз. Эми медициналык ар түрдүү жагдайлар болот. Бизде эле эмес, башка мамлекеттерде деле психиатриялык ооруканада жатты деген оорулуунун баяндамасынын көчүрмөлөрүн, ар түрдүү тактамаларды алып келип, акыл-эси жайында эмес деп жатууга аракеттер болот. Кээде чындап ооругандарды өзүнө жооп бере албайт деген тыянак чыгарсак, коомчулук соо адамды оорулуу кылып койгондой кабыл алат. Соолор да психикалык дарты бар деген аныктама алууга ар кандай жолдор менен аракет кылышы мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү Кызыл-Жар ооруканасындагы кырдаалды оңдоо жолдорун издеп жатат. Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев мажбурлап дарылоо бөлүмүн Кызыл-Жардан Чүйгө которуу керектиги тууралуу сунуш жөнөтүлгөнүн билдирди:

- Жергиликтүү тургундар бизге кайрылып, бул жакты жаап салып башка жакка алып кетпесеңер мындан да катуу чатак болушу ыктымал деп айтып жатышат. Бул оорукана ээн, алыс жакта жайгашып калган. Биз мажбурлап дарылоо бөлүмүн Бишкектин жака-белине, же Чүйгө жайгаштыруу боюнча сунуш даярдап жатабыз. Жакыныраак жерде болсо биз такай барып, көзөмөлгө алып турат элек.

Кызыл-Жардагы кырдаалды өткөн аптада Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети да караган жана маселелерди чечүү боюнча сунуштарды даярдоого бир ай мөөнөт берилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG