Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Депутат "караларга" ыктаган журналисттерге каршы


“Кара тизмеге” алынган журналисттер атайын мыйзам ишке кирсе, расмий иш-чараларга катышпай калышы ыктымал.
“Кара тизмеге” алынган журналисттер атайын мыйзам ишке кирсе, расмий иш-чараларга катышпай калышы ыктымал.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев ИИМ башчысы Мелис Турганбаевге уюшма кылмыш топтор жана алардын лидерлери менен байланышы бар журналисттердин “кара тизмесин” түзүүнү тапшырды.

Депутат мындай көрүнүштү тыюу үчүн мыйзам керектигин билдирди. Бул демилге журналисттер, медиа эксперттер арасында жана социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.

"Каралардан" сый тамакпы?

7-ноябрь - Басма сөз күнүн утурлай кылмыш тобунун анабашы атыккан, оор кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн Алмамбет Анапияевдин атынан Бишкекте журналисттерге сый тамак уюштурулган эле.

Бул сый тамакка журналист Эрнис Кыязов да барган. Ал кимдир бирөөнүн чайын ичүү ошол адамдын таламдашы болуп калды дегенди түшүндүрбөйт деп эсептейт.

Кыязовдун пикиринде, айрыкча басма сөз өкүлдөрү ар кандай шартта маалымат топтоп, аны бере турган адамдар менен түрдүү кырдаалда байланышат. Мындан улам ал чай үстүндө пикир алышуу да кадыресе көрүнүш деген ойдо:

Эрнис Кыязов.
Эрнис Кыязов.

- Отурушка баргандар ар ким өзү үчүн жооп берет. Жеке мен жөн гана кесиптештерим менен баарлашып, чер жазышып отуралы деп бардым. Чайын ичсең эле аларга милдеткер болуп калдың дегенди билдирбейт да. Мисалы, ошол эле Текебаев мени чакырса, мен барсам эле “бул эми Текебаевдин адамы болуп калды” деген ой жаралбашы керек. Текебаев болобу, башкасы болобу, кофе үстүндө өз оюмду айтайын дедим эле десе, мен анын чайына милдеткер эмесмин да.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өткөн жума күнү аталган фракциянын жыйынында Алмамбет Анапиевдин атынан журналисттерге сый тамак берилгенин кескин сынга алды.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевге уюшма кылмыш топтор менен байланышы бар маалымат каражаттарынын жана журналисттердин “кара тизмесин” түзүүнү тапшырды. Бул жаатта мыйзам кабыл алынышы мүмкүндүгүн айтты. Текебаев “кара тизмеге” алынган журналисттерди расмий иш-чараларга катыштырбай, жерилиши керектигин белгиледи:

- Алар да саясатчылардан бешбетер журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, президенттей эле сый тамак уюштуруп, ал сыйды көргөн журналисттер, башкы редакторлор гезиттерине аларды мактап жазып жатат. Биз буга мыйзам менен тыюу салышыбыз керек. Бул бизге, депутаттарга тиешелүү. Экинчиси - бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү. Кылмыш дүйнөсүн мактап, ошону даңазалаган ММК менен кызматташпашыбыз керек. Эгер ошол Анапияевдин чайын ичип, аны мактаган журналистке сиз Ардак грамота, медаль берсеңиз анда биздин караларга каршы баштаган ишибиз жокко чыгат. Ошон үчүн силерде “кара тизме” болуш керек. ОПГны мактап-даңктаган басылмаларды белгилеп, жогору жакка берип туруш керек. Аларды коомдон четтетип, жээриш керек.

Сунуш талкуу жаратты

“Караларга” ыктаган журналисттердин “кара тизмесин” түзүү сунушу коомчулукка кызуу талкуу жаратты. “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен мындай демилгеге каршы пикирин билдирди:

- Корко турган жерден чочулабай, себепсиз эле кооптоно берген деңгээлге түшүп кеттик. Албетте ММКнын арасында уюшма кылмыш топтор менен аралашып кеткендер бар экени талашсыз. Бирок айрым бир учурду гана мисал кылып, башкаларды күнөөлөгөнгө болбойт. Ошондой сый тамакка баргандын баары эле уюшма кылмыш тобу менен камыр-жумур деп айткан туура эмес. Эгер түздөн-түз далил болсо далилдеп, коомчулукка жарыялап, күнөөлөсө жарашмак. Мындай сунуштардан улам кайсы бир саясий топтор келечегинен чочулап, кийин биз тууралуу туура эмес маалыматты жазып салышпасын деп, ММКны чектеген эрежелерди киргизип алалы деген максат жатышы мүмкүн. Анан көрүнгөн адамды эле кылмышкер, аны менен байланышпаш керек деп тыя берсе, анда ММК таптакыр эле ооздукталып калбайбы.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин баамында, журналисттердин коомдогу бул же тигил чөйрө менен ымалашып, камыр-жумур болушу анын абийири, кесиптик этикасы менен ченелип-чектелиши керек:

- Журналисттерде “мен эгер ушул кишилерге жакын болуп, сыйын көрүп жатсам, чайын ичсем бул канчалык деңгээлде элдин мага болгон ишенимине таасир тийгизет” деген суроо болушу керек. Эгер ал журналист өз кадыр-баркын жогору койсо, ага элдин ишеними өтө маанилүү болсо, журналисттик кесипти мындан ары да аркалайм десе, анын жазгандарына эл ынанып ишенип турушун кааласа, ушундай жагдайлардан алыс болгонго аракет кылат эле. Бул жерде саясий кызыкчылык деген башка нерсе. Бирок кылмыш дүйнөгө аралашкан деп шектелгендер менен жакын болбой, алардан алысыраак жүргөнгө аракет кылышса жакшы болмок.

Кылмыш төбөлдөрүн ачык жактап жүргөндөр арасында журналисттер эле эмес, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да бар. Ушул жайда өлкөдөгү аттуу-баштуу спортчулар Анапияевди жактап, өлкө жетекчилигине кайрылган болчу.

XS
SM
MD
LG