Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Милиция "карага" айланганда


Милиция кызматкерлери кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

Кылмышка шектүү милиция кызматкерлерин кармоо учуру. УКМКнын видеосу.

Бишкекте төрт милиция кызматкеринен жана бир кыздан турган кылмыштуу топ кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Алар бир канча мезгилден бери чет элдик жарандардан коркутуу жана опузалоо жолу менен акча өндүрүп турушкан деп айыпталууда. Бул фактынын өзү Ички иштер министрлигине реформа зарылдыгын дагы бир ирет далилдегендей.

Милиция коргобой, кордогон заман

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов кармалгандар Бишкек шаардык Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн участкалык жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери болгонун маалымдады:

- Жасалма жол менен чет элдик жарандарды коркутуп, 900 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалышты. Булар Свердлов РИИБнин кызматкерлери болгон.


Бул кылмыштуу топтун иштөө ыкмасына келсек, топтун курамындагы кыз алгач чет элдик жарандар менен “күтүүсүз” таанышып калып, машина сатып алуу сунушун талкуулоо үчүн аларды саунага чакырчу.

- Алар менен кылмышты чогуу жасаган бир кыз болгон. Ал кыз чет элдик жарандарды авто унаа сатып алуу маселеси боюнча сүйлөшөлү деп, атайын саунага чакырчу. Ал жактан чыккандан кийин “мени зордуктады” деп, кайра аларга доо коюп жүргөн.


Бул факты боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” (304-берене) жана “опузалап пара талап кылуу” (313-берене) боюнча кылмыш ишин козгоду. УКМК эл арасында булардан жабыр тарткандар болсо кайрылууга чакырды.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Ирсалиев кармалган милиция кызматкерлери боюнча азырынча эч кандай комментарий бере албасын айтты.

Тартип коргоочулар аралашкан башка окуялар

Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери катышкан оор кылмыштар буга чейин да катталган. Өткөн жылы июль айында Бишкектеги “Фуджин” көз айнек дүкөндөрүнүн ээси, Кытай жараны Гуан Жу Чан катуу сабалып, ооруканада көз жумган болчу. Бул кылмышка шектүү деп Свердлов райондук милициясынын иштеп жүргөн жана мурда иштеп кеткен кызматкерлери кармалганын ички иштер министри Абдылда Суранчиев өзү маалымдаган.

Укук коргоочу Качкын Булатовдун айтымында, аталган милиция бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан башка да кылмыштуу окуялар бар.

- Мен жакында ушул сыяктуу болгон бир окуяны билем. Ага да Свердлов райондук милиция кызматкерлери аралашкан экен. Биринчи жашоо-турмушун изилдешип туруп, анан атайылап жасашып туруп, кыз зордуктады деп камашат экен. Ал окуяга катышкан кыз “алдыбыздан өткөнү үчүн бирөөнү бошоттук, экинчи адамдын деле колунда бар, бай киши экен, өзү мага 10 миң доллар берем деген, эгер берсе мен тосмо арыз жазып берем” деп ачык эле айтыптыр.


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул фактыны эске албаган күндө да, Ички иштер министрлиги тезинен реформага муктаж деп эсептейт.

- Милиция кызматкерлеринин арасында да түрдүү адамдар иштейт. Алар форма кийип алса эле кылмыш кылат же кылбайт деп айткан туура эмес. ИИМдин бүгүнкү күндө кылган ишинин начарлыгы, адам укуктарын коргоого жана кылмыштардын бетин ачканга жөндөмсүздүгү, кесиптик деңгээлинин төмөндүгү реформа керектигин далилдеп турат. Реформа бир гана ИИМге эмес, керек болсо УКМКнын өзүнө да керек.


2010-жылдан кийин дайындалган бардык өкмөттөр Ички иштер министрлигин реформалоону убада кылышкан. Бирок ал реформалар канчалык акырына чыкканы же натыйжа бергени белгисиз бойдон калды.

XS
SM
MD
LG