Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

20-майда бир нече коомдук бирикмелер педофилия боюнча күнөөлүү деп табылгандарга өлүм жазасын киргизүү талабы жазылган петицияны парламентке тапшырды. Ага 11 миң кишинин колу коюлган.

Ошол эле учурда педофилдерди өлүм жазасына тартуу тууралуу мыйзам жазылып, кабыл алынса, туура эмес максатта пайдаланылып, куралга айланып калуу ыктымалдыгы айтылууда.

Өлүм жазасыбы же өмүр бою абакпы?

Жашы жетелек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөнү үчүн айыпталган кишилерди өлүм жазасына тартуу демилгеси өткөн жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. 2015-жылы айрым коомдук уюмдардан турган “Бекем үй-бүлө – күчтүү мамлекет” кыймылы Кылмыш кодексинин 132-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушу менен чыгып, ал үчүн атайын кол топтошкон. Кол топтоо өткөн жылы 5-майда башталып, ага өлкөнүн булуң-бурчунан дээрлик 20 миңдей киши катышкан.

Жазаны катаалдантуу боюнча демилгени алгачкылардан болуп көтөрүп чыккан активист Жеңиш Молдакматовдун айтуусунда, бул жолу 11 миң кишинин колу тапшырылды, жер-жерлерден кошумча алынган сайын дагы тапшырылып турат:

- Бул учурдун өтө курч маселеси болууда. Көп кишилер өлүм жазасынын киргизүүгө макул. Бирок биз мыйзам өзгөрсө, саясий курал, тергөөчү, соттор үчүн олжолуу берене болуп калат деп коркпошубуз керек. Педофилияны жоюу үчүн катаал мыйзам болууга тийиш. Өлүм жазасы киргизилген беренеде факт боюнча деп коет, далилдери менен кармалган адам гана соттолуп, өлүм жазасына кетет. Көрүнгөн эле кишини кармап, соттоп жибербейт да.

Бакыт Төрөбаев

Бакыт Төрөбаев

Коомдук активисттер чогулткан 11 миң кишинин колу коюлган петицияны Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы кабыл алды. Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаевдин айтуусунда, бул петициянын негизинде башка фракциялар менен макулдашып, Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдайт:

- Акыркы жылдары жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү күчөп кетти. Ошондуктан, ага катуу чараларды көрүп, жазасын катаалдантып, токтотпосок болбой калды. Буга байланыштуу биз мыйзамды парламент, президент менен акылдашып, макулдашып, бир пикирге келе алсак, алып чыгабыз. Менин жеке пикирим боюнча, бачабаздарга өлүм жазасы керек.

Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү – келечекте анын башка максаттарда пайдаланылып калуусу ыктымал деген кооптонуулар да айтылып келген. “Жаңы жаш күч” коомдук уюмунун жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу мунун алдын алуу үчүн, өлүм жазасын өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырууну сунуштайт:

- Сотторго азыр ишенич жок, тергөөлөрдө да акыйкаттык жок. Ошондуктан, бул көйгөй менен системалуу түрдө күрөшүү керек. Менин оюмча, мындай кылмыштын негизинде соттолгон кишини өмүр бою абакка кесүү керек. Анткени, азыркы мыйзам боюнча педофилдер үч жылдан беш жылга чейин эле камалат экен, мынчалык кыска аралыкта биз кайрадан балдарыбызды коркунучтуу, тажрыйбалуу кылмышкердин колуна салып берип жатабыз. Аларга мунапыс колдонулбашы керек жана бачабаздыкка айыпталып жаткан кишиге карата тосмо арыз да кабыл алынбаса деп сунуштайм.

Химиялык бычуу жардам береби?

Педофилия үчүн жазаны күчөтүү маселесин Акыйкатчы институту да көтөрүп келе жатат. Буга чейин адам укугун коргоо мекемеси бир нече жолу жашы жете электерге сексуалдык зомбулук кылган кишилерди химиялык жол менен кастрациялоону сунуштаган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында бачабаздарды химиялык кастрациялоону жактаган мыйзам долбоору сунушталып, өтпөй калган. Ага каршы чыккандар химиялык кастрация узак убакыт менен көп акча талап кыларын белгилешкен болчу.

Кубат Оторбаев

Кубат Оторбаев

Ушундан улам, Акыйкатчы институту Кылмыш кодексинин 131-132-133-беренесине өзгөртүү киргизип, бирок өлүм жазасына эмес, өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырууну сунуштоодо. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Өлүм жазасын киргизүү оңой эмес. Анын ордуна өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү керек. Өлүм жазасы ашыкча оор жаза. Анын үстүнө Кыргызстанда тергөөнүн сапатынын төмөндүгү жана сот системасындагы коррупция, акыйкатсыз, мыйзамсыз кабыл алынган чечимдердин көптүгү да биздин кооптонуубузду жаратууда. Бизге келип жаткан арыздардын өсүү темпи сот системасында жана укук коргоо органдарында көйгөйдүн көптүгүн көрсөтүп турат. Ошондуктан, азыркыдай шартта өлүм жазасын киргизе коюу менен, биз өзүбүз ойлогон максаттарга жетебиз деген туура эмес.

Кылмыш кодексинин 132-беренеси боюнча азыркы убакта жашы жетелек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өткөн жылы жашы жете электерге карата жасалган 1019 кылмыш катталса, анын 182си сексуалдык мүнөздө болгон. 74 бала зордуктоого кабылган. Адистердин айтымында, укук коргоочуларга, тартип сакчыларына кайрылбагандар андан кыйла көп болушу ыктымал.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG