Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Т.АКМАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮ КОКУСТУКПУ ЖЕ КЫЛМЫШ ТОПТОРУНУН КАРМАШЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫБЫ?


Кубат Оторбаев 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөгөн премьер-министр Феликс Кулов депутат Тынычбек Акматбаевди аткан адамдын жүрүм-турумунда шек бар дегендей пикирди айтты. Ал эми вице-спикер Болот Шерниязов болсо депутаттын өлүмү "кылмышкерлердин авторитети" Азиз Батукаев менен Рысбек Акматбаевдин кармашуусунун жыйынтыгы болду деген пикирде.

Феликс Куловдун маалыматы боюнча Молдовановкадагы түрмөгө Жаза өтөө башкармалыгынын начальниги И.Полотов, депутат Т.Акматбаев баштаган 12 адам курал-жарак менен кирген. "Мунун өзү одоно мыйзам бузуу", - деди Кулов. Анын айтымында, депутаттын өлүмүн саясий заказ же алдын ала даярдалган деп айтууга болбойт.

Бирок буга вице-спикер Болот Шерниязов макул болгон жок. Ал Жогорку Кеңештеги жыйын убагында биз эмнени жашырабыз, Молдовановкада "кылмышкерлердин авторитети" Азиз Батукаев отурат, ал эми Батукаев менен Тыныч Акматбаевдин бир тууганы Рысбектин мамилесин биз жакшы билебиз", деди.

Айрым маалыматтар боюнча Тынычбек Акматбаевдин Молдовановкадагы түрмөгө барышына каршы болгондор көп болгон.

Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратуранын өкүлү биринчи болуп окту депутат өзү аткан деген маалыматты төгүнгө чыгарды, укук коргоочулардын пикири боюнча окту биринчи болуп абакта отурган Рустам Абдулин чыгарган.

Саламаттык сактоо министри Ш.Ниязовдун маалыматы боюнча Жаза өтөө башкы башкармалыгынын начальниги, полковник И.Полотовго операция жасалды жана ал азыр оор абалда ооруканада жатат. Ок анын баш сөөгүнө тийген.

20-октябрда Молдовановкада болгон окуя боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG