Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Кыскарган кылмыш иштери кайрадан жанданат


"Ак жол" партиясынын жыйыны, 1-май, 2009-жыл
"Ак жол" партиясынын жыйыны, 1-май, 2009-жыл

Мурдагы президент К.Бакиевдин тушунда иштеген жогорку даражалуу кызмат адамдарына каршы козголуп, бирок кийин кыскарып кеткен кылмыш иштери кайрадан жанданат.

Бул боюнча билдирүү тараткан Башкы прокуратура ири чиновниктердин жемкордугуна байланышкан ал кылмыш иштердин көпчүлүгү негизсиз кыскартылган жана айрымдары себепсиз токтотулган деп эсептейт.

Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн атайын жумушчу топ мурдагы аткаминерлердин кызматынан кыянаттык менен пайдаланган экономикалык кылмыш иштери боюнча чыгарылган чечимдердин мыйзамдуулугун иликтеп чыкты.

Анда буга чейин тергөөдө кыскартылган, убактылуу токтотулган жана учурда соттордун кароосунда жаткан 132 кылмыш иши иликтөөгө алынган. Жыйынтыгында тергөөчүлөр тарабынан он жети кылмыш ишинин мыйзамсыз кыскартылгандыгы жана алтымыш экиси боюнча тергөөнүн негизсиз токтоп тургандыгы аныкталган.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев бул чуулгандуу иштердин көпчүлүгү мурдагы аткаминерлердин ысымдары менен байланыштуу экендигине токтолду:

- Мурдагы өкмөт башчысы И. Чудиновго, каржы полициясынын мурдагы жетекчиси А. Муйбиллаевге, “Кыргызгаздын” мурдагы башчысы Автандил Сыдыковго, “Кыргыз темир жолунун” мурдагы баш директору А. Рысмендиевге жана башка бир катар мурдагы кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштерин токтоткон чечимдер жокко чыгарылды.

Мындан сырткары алардын арасында Sky mobile жана "Альфа-Телеком" сыяктуу уюлдук компаниялардын жетекчилерине карата козголгон иштер да бар. Башкы прокуратура аталган кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскарткан тергөөчүлөрдүн жана ошол учурда аталган кылмыш иштерине көзөмөлдүк кылган жетекчилердин да жоопкерчилиги карала тургандыгын кошумчалады.

"Жоопкерчилик каралсын!"

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов эгерде аталган кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскартууга жол берген мурдагы кызматкерлердин аракеттери далилдене турган болсо, анда алар сот жообуна тартыла тургандыгын белгиледи:

- Мындай аракеттер сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш болуп эсептелет. Эгерде мына ошол кылмыш иштерин атайылап карасанатайлык менен жаап койгон болсо анда мына ошол иштерди караган тергөөчүлөрдүн жана ошолордун иштерин көзөмөлдөп турган жетекчилердин жоопкерчилигин кароого туура келет. Бирок мында чындыгында эле мына ошондой аракеттер болгонбу же кылмыш иштери мыйзамдуу негизде кыскартылганбы - мына ошолорду далилдеш керек.

Апрель окуясы боюнча соттук процесстен бир көрүнүш, 17-ноябрь, 2010-жыл
Бул маселе боюнча мурдагы башкы прокурорлор Байтемир Ибраев жана Кубатбек Байболов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Башкы прокуратуранын башкы тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Канат Аманкулов жаңы жетекчиликтин жасап жаткан бул кадамдарын саясий мүнөздөгү куугунтуктоо катары мүнөздөдү:

- Бул эми шайлоонун алдындагы саясий оюндардын бир түрү. Аталган кылмыш иштери боюнча чечимдер мыйзамдын чегинде кабыл алынган. Эми бардыгы тең эле Бакиевдин тушунда иштеген деген шылтоо менен улам эле беш-алты кишини куугунтуктай берсе, анда Бакиевдин учурунда иштеген бардык жетекчилердин кыймыл аракеттерине баа берүүгө туура келет. Анда мына ошол азыркы башкы прокурордун өзүнүн аракеттерине дагы баа бериш керек болуп калат. Негизи бардык кылмыш иштери кыскарып кетти деген сөз туура эмес. Мисалы, И. Чудиновдун иши сотто каралып жаткан болчу.

Өткөн жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан соң мурдагы президент К. Бакиевдин тушунда иштеген бир катар аткаминерлерге каршы экономикалык мүнөздөгү кылмыш иштери козголуп, бирок алардын көпчүлүгү кийин кыскартылып кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG