Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

“Кыргызкөмүргө” козголгон иштин төркүнү


Бишкек жылуулук борборундагы көмүр. 2014-жыл.
Бишкек жылуулук борборундагы көмүр. 2014-жыл.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына бир эле учурда Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги эки кылмыш ишин козгоду.

Чекисттер ишкана жетекчилиги 600 миң сомдон ашуун акчаны кымырып алган десе, милиция мыйзамсыз түзүлгөн келишимдердин жыйынтыгында мамлекетке 15 миллион сом зыян келтирилген деп айып койууда.

“Кыргызкөмүрдүн” жетекчилиги муну атайын буюртма катары баалап, бийликтеги көмүр мафиясынын көрүнөө кысымы катары жар салды.

Удаалашкан кылмыш иштери

Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги “Транс Азия” деген компания менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы мыйзамсыз келишим түзгөн деп иш козгоду. Башкармалыктын маалыматы боюнча, ал келишимдин айынан мамлекеттик ишкана 15 миллион сомго чукул зыян тарткан.

Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Кыргызкөмүр” ишканасынын “Кара-Кече” филиалы боюнча кылмыш ишин ачты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул иш боюнча мына буларга токтолду:

- “Кыргызкөмүр” ишканасынын “Кара-Кече” филиалында бир катар мыйзам бузуулар катталган. Анын жетекчилиги тарабынан 220 миң сом өлчөмүндө күйүүчү майды мыйзамсыз кошуп жазганы жана 380 тоннадан ашуун көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткени аныкталган. Бул иштин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 643 миң сомду түзөт. Учурда бул иш тергелүүдө.

Сүрүп чыгаруунун жолубу?

Бирок бир эле учурда удаалаш жагдайда козголгон кылмыш иши боюнча “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги атайын билдирүү таратты. Ага ылайык, бул козголгон кылмыш иштерин жетекчилик саясий буюртма деп кабыл аларын ачык билдирген. Анткени 2014-жылы бул мамлекеттик ишкананы жетектөөгө келген менеджерлер тобу бул тармактан коррупциялык схемаларга аралашкан күчтөр сүрүп чыгарылгандан кийин мына ушундай соккуга кабылышканын мисалга алышты.

“Кыргызкөмүрдүн” жетекчисинин орун басары Канатбек Аширбаев муну түздөн-түз куугунтук катары мүнөздөдү:

Бишкектеги Жылуулук борборунун ички көрүнүшү.
Бишкектеги Жылуулук борборунун ички көрүнүшү.

- Мына ушул эки иштин бир учурда козголгону бизге таңкалычтуу болуп жатат. Биз бул жакка келип, ишти тартипке келтирип, ар кандай коррупциялык жылчыктардын бардыгын бүтөп, мурдагы каналдардын бардыгын жапкан элек. Мына ошонун негизинде мамлекетке акча түшө баштаган болчу. Анан эле мына ошол келишим туура эмес түзүлгөн деген негизде, анан ага кошумча дагы башка бир иш боюнча кылмыш иши ачылганы кызык болду. Муну биз мына ушул кезге чейин көмүрдү ар кандай жол менен уурдап, ошону киреше булагына айлантып алган күчтөрдүн өч алуусу катары карайбыз. Бизди бул жактан кетирип туруп, мурдагы схемаларды кайрадан калыбына келтирүүнү көздөп жатышат.

“Кыргызкөмүрдүн” карызы буга чейин 116 миллион сомдон ашып кеткен. Жаңыдан келген жетекчилик “Транс Азия” компаниясы менен көмүр казып алуу боюнча келишим түзүп, аталган карызды жоюуга макулдашкан. Бүгүнкү күнгө карата ал компаниянын эсебинен карыздын 26 миллион сому жоюлган.

“Кыргызкөмүр” ишканасы ал компания менен көмүр казып алуу үчүн техниканы ижарага алып, аны көмүр менен төлөөгө макулдашкан. Буга байланыштуу карызды жоюу үчүн 100 миллион сомдук келишим түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG