Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Атамбаев: парламенттик шайлоодо партиялар шайлоочуларды алдашкан


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев азыркы парламентке келген партиялар шайлоочуларды одоно түрдө алдап, добуш алганын билдирди. Мындай пикирин бүгүн мамлекеттик резиденцияда студенттерге стипендия тапшыруу аземинде айтты. Өлкө башчы бул кемчиликтерге карабай, Жогорку Кеңеш мөөнөтү бүткөнчө иштеши керектигин белгиледи:

- Бүгүнкү парламент мөөнөтү бүткөнчө - 2020-жылга чейин жакшы мыйзамдарды кабыл алат деп ишенем. Анын арасында шайлоо тизмеси боюнча эрежени бекем сактоо тууралуу мыйзам болушу керек. Анткени, өткөн шайлоодо партиялар адамдарды алдап коюшту. Тизмеде ар төртүнчү адам жаштардан, аялдардан, башка улуттардан болушу керек эле. Парламентке келишкенден кийин алардын баарын айдашып, акчалуулар гана калды.

Атамбаев эмки шайлоодо мындай кемчиликтерге жол берилбеши керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылдын октябрында болгон. Андан кийин мандат алган бир катар депутаттар кетип, ордуна башка кишилер келишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG