Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Аксы: кылмыш дүйнөсү “кызматка” кириштиби?


Жарандык активист Шекербек Камчыбеков, Аксынын акими Медетбек Айдаралиев.
Жарандык активист Шекербек Камчыбеков, Аксынын акими Медетбек Айдаралиев.

Аксыда саясий митингдерди уюштурган жарандык активист Шекербек Камчыбеков райондун акими менен милиция башчысы ага каршы кримчөйрөнү тукурганын айтып чыкты.

Камчыбеков Кербенде “Кабак” деген каймана аты бар адам ага келип бийликке каршы митингдерди уюштурганды токтотпосо, аны “жок кылып жиберем” деп коркутуп, опузалаганын белгиледи. Аксынын акими Медетбек Айдаралиев Шекербек Камчыбековдун айтканын чындыкка коошпогон жалган жалаа катары мүнөздөп, андан бул дооматты сот аркылуу далилдөө талап кылынарын жарыялады.

“Кабактын” опузасы

Аксынын борбору Кербен шаарынын тургуну, жарандык активист Шекербек Камчыбеков соңку мезгилде ага жергиликтүү бийликтен жана криминалдык чөйрөдөн “салам дубай” жолдоп, ар түрдүү коркутуулар жүрүп жатканын айтты. Жарандык активист опузалоо анын өмүрүнө коркунуч келтирүүгө байланыштуу акарат сөздөр менен коштолуп, ага карата “дагы митинг уюштурсаң, соо калбайсың” деген сыяктуу катуу эскертүүлөр берилгенин айтты.

Жарандык активист Шекербек Камчыбеков жергиликтүү бийлик ага жана анын тарапташтарына каршы “караларды” тукуруп жатканын белгиледи:

- 2008-жылы Кербен шаарында уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары камалып чыккан “Кабак” деген каймана аты бар Алмаз деген жигит өзүнүн балдары менен келип, “өлтүрөм-житирем” деп коркутуп-үркүтүп кетти. Анын эмне үчүн саясатка кийлигишип жатканын айтсам, ал мени “элди-жерди бөлүп, тынчтыкты бузуп жатасың, акимге каршы чыгып жатасың, ошон үчүн чабыласың” деди. Негизи алардын өзүнүн түшүнүгү боюнча деле “каралар” саясатка кийлигишпеши керек болчу. Бул эми өз үстөлүн сактап калуу үчүн аким менен милиция башчысы мына ошону пайдаланып жатышат. Анан элдин ичинен акыйкатты айтып чыккандарды ушундай жол менен сындыргылары келишет.

Шекербек Камчыбеков азыркы бийлик аларга басым көрсөтүү үчүн криминалды курал катары колдонуу менен мурдагы бийлик режимдеринин тушундагы ашынган ыкмаларды кайталап жатканын кошумчалады.

Медетбек Айдаралиев: Камчыбеков сотто жооп берет

Бирок анын мындай дооматын жергиликтүү бийлик элди атайылап козутуу үчүн жасалган жалган жалаа катары баалады. Аксынын акими Медетбек Айдаралиев криминалды айдактады дегенди карандай каралоо деп, мындай маалымат үчүн жергиликтүү жетекчилик аны менен соттошууга камынып турганын айтты:

- “Кабак” дегени бул аны кезектеги жомогу. Шекербекти коркута тургандай, ал ким эми? Мунун бардыгы жалган. Милиция башчысын да кошуп жазган экен. Мен аны окудум. Азыр алар аны жалган жалаа жапканы үчүн сотко берет. Аксыда криминал жок болгонуна беш жыл болуп калды. Азыр бир дагы криминал, бир дагы “кара” жок. Эми ошол Шекербек деген эки-үч жылдан бери эле элдин арасындагы ынтымакты бузуу үчүн ар кандай маалыматтарды атайын таркатуу менен алек болуп жүрөт.

Шекербек Камчыбеков быйыл 10-февралда Аксынын Кара-Жыгач айылында өкмөттүн төлөмдөрдү көтөрүүсүнө каршы митинг уюштургандардын бири. Анда Социалдык фондго төлөмдү төмөндөтүү, электр энергиясынын тарифин түшүрүү, мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгаруу, чек ара көйгөйлөрүн чечүү жана балдарга жөлөк пул чектөөнү жөнөкөйлөтүү талап кылынган. 14-мартта оппозициянын Жалал-Абаддагы митингине удаалаш ал Кербендеги акцияны уюштурган. Ага каршы жергиликтүү тургундар тарабынан антимитинг дагы болгон эле.

"Кабак" каймана эмес - эркелеткен ат

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Момуналы Добулбеков “Кабак” каймана аттуу адамдын уюшкан кылмыш тобуна тиешеси жоктугун айтып, аны бейбаштарды тынчтыкка чакырган карапайым адамдардын эле бири деп мүнөздөдү:

- Ал эми каймана деле ат эмес. Бизде Алмаз деген бар. Аны эми кыргызда адамды эркелетип, ар кандай ат коюп чакырган сыяктуу эле, ошондой ат. Ал эми уюшкан кылмыш тобунун деле мүчөсү эмес. Алмаз деген ал жигит Кербендин кадимки карапайым эле жашоочусу. Элде райондун кызыкчылыгы үчүн күйгөн адамдар бар экен да. Мына ошол Шекербек деген улам-улам эле ар кандай митинг уюштура бергенде райондогу жаштар, адамдар “Аксынын эли митингге каршы” деп чыгышкан. Шекербек ошого катышкандардын ичинен бирөөн эле жазып жатпайбы. Бул эми бизди жаманатты кылыш үчүн эле болду.

Жергиликтүү активист Камчыбеков аны опузалады деген “Кабак” каймана ысымдуу адамды таап, анын өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Шекербек Камчыбеков өзбек чек арачылары 18-мартта тилкеге кирип, Аксы-Ала-Бука жолун бөгөп алганда, чек арадагы кырдаалга байланыштуу 22-марттагы Кербендеги оппозициянын жыйынын уюштургандардын катарында болгон.

Шекербек Камчыбеков 30-март күнү саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун иши боюнча Жалал-Абадга барып, атайын кызматка сурак берип келгенин айтты. Бул иш боюнча Аксыдагы жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков да Бишкекке УКМКга чакыртылып, сурак берип жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG