Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Жапаровдун ишин прокуратура кайра козгоду


Мандатынан ажыратылган депутат Садыр Жапаровго каршы былтыр күздө козголгон кылмыш иши кайрадан жанданды.

Бул тууралуу билдирген Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу аталган кылмыш иши башка бир парламент депутаты Турат Мадылбековдун жакында соттолгон уулу Элдар Мадылбековго байланыштуу экенин белгиледи. Садыр Жапаров кылмыш ишин саясий буюртма деп баалап, анын себебин Кумтөр маселеси менен байланыштырды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров жакында соттолгон Элдар Мадылбеков менен бирге алдамчылыкка тең шерик болгон деп шектелүүдө.

Турат Мадылбеков
Турат Мадылбеков
​Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери Элдар Мадылбеков мөөрдү жана документтерди жасалма даярдап, шаардын Киев көчөсүндөгү 74-имаратты Садыр Жапаровго сатканы үчүн жакында 9 жылга сот жообуна тартылган. Садыр Жапаров мурдагы президент Бакиевдин жакындарына таандык ал имаратты арзан баада сатып алуу үчүн Элдар Мадылбеков менен кылмыштуу байланышка барган деп айыпталууда. Бирок Садыр Жапаров кылмыш ишин негизсиз деп мүнөздөдү:

- Мага десе беш жолу кылмыш ишин козгошсун. Мен андан коркпойм. Бул иш былтыр менин оозумду басыш үчүн ачылган. Мисалы мен бир үй алсам, мамлекеттик каттоо кызматынан текшертсем, эч кандай ызы-чуусу жок деген документ турган болсо, ал органдын берген документине мен эмнеге ишенбешим керек? Ал эми Элдар Мадылбековдун жасаган ишинин мага кандайча тиешеси бар? Мен анын документтерин карап, ишенип анан акчага сатып алдым да. Анан мен эмнеге айыптуу болушум керек?

2010-жылы 7-апрелден кийин баш калаада комендант болгон депутат Турат Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков 2012-жылы сентябрь айында кармалган болчу.

Тергөө учурунда ал аталган имаратты өзүнүн группалашы Байгелдиев аттуу жаранга жасалма документтер менен каттатып, аны депутат Садыр Жапаровго 500 миң АКШ долларына сатканы аныкталган. Жапаров кийин аталган имаратты башка бирөөгө сатып жиберген. Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев мында укуктук жоопкерчиликке караганда маселенин моралдык жагы үстөмдүк кыларына токтолду:

- Жапаровдун айыбын тергөөдө укуктук жагынан далилдөө татаал. Анткени мына ошол алдамчылыкка шерик болду дегенди жана кылмыштуу келишимди тастыкташ үчүн айтылып жаткандан башка далилдер болушу керек. Анан эми ошол имарат бакиевдерге таандык болгонбу же болгон эмеспи? Аны Жапаров билип туруп сатып алганбы же билген эмеспи деген маселенин башын ачуу бир топ татаал. Укуктук жагынан бул жерден бир илинчек табуу кыйын. Бирок эми маселенин моралдык жагын алганда, ал башка сөз.

Ошол эле кезде Садыр Жапаров козголуп жаткан кылмыш ишин Кумтөр маселеси менен байланыштырууда. Ошондуктан Жапаров бул иште саясий боёк бар деп эсептейт:


Жети-Өгүздөгү Кумтөргө каршы митинг. 30-май, 2013-жыл
Жети-Өгүздөгү Кумтөргө каршы митинг. 30-май, 2013-жыл
​"Кумтөр маселеси кайрадан көтөрүлөт. Булар болсо 3 жылдан бери ар кайсыл жыландын башын чыгарып, улам артка жылдырып ойнотуп жатышпайбы",-деди Жапаров.

Ошол эле учурда Жогорку Сот тарабынан бийликти басып алууга аракеттенген деп соттолгон Садыр Жапаров чегерилген жаза мөөнөтү тергөө абагында өтүп кеткендигине байланыштуу камакка алынган эмес. Бирок жакында Борбордук Шайлоо Комиссиясы Жапаровду, Ташиевди жана Мамытовду сот өкүмүнүн негизинде депутаттык мандаттан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG