Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Кадыр Досонов кантип бошонуп кетти?


Кадыр Досоновду (ортодо) абактагы нааразылык учурунда түрмө башчылары менен сүйлөшүүгө алып баратышат. Ош, 20-январь, 2012-жыл

Кадыр Досоновду (ортодо) абактагы нааразылык учурунда түрмө башчылары менен сүйлөшүүгө алып баратышат. Ош, 20-январь, 2012-жыл

Кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досонов жакында соттон акталды.

Оор айыптар соттон оодарылганда


Кылмыш дүйнөсүнүн тилинде “положенец” макамындагы Кадыр Досонов өткөн жылы 14-сентябрда Тажикстандан кармалып, Дүйшөмбү шаарынан алынып келинген. Ага ички иштер органдары тарабынан карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар коюлган болчу.

Текшере келгенде анын тобу 5-6 оор кылмыштарга шектелип, бул боюнча тиешелүү далилдер болгон. Булар эбак эле ошол мурда соттолгон жана андан кийинки жасаган кылмыштары боюнча түрмөдөн чыкпай отурушу керек болчу.


2011-жылы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөгөн шартта Кадыр Досонов Оштон Дубайга качып, андан кайра Тажикстанга өтүп келгени белгилүү болгон. Ички иштер органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, “Жеңго” Кыргызстан аркылуу өтүүчү маңзат трафигин азырга чейин көзөмөлдөп турат. Быйыл июнь айында анын иши Ош шаардык сотунда каралып, Досоновго тергөөдө коюлган айыптардын бардыгы алынып салынды. Акталып, эркиндикке чыккан кримчөйрө анабашы өлкөдөн чыгып кеткени айтылганы менен азыр кайда экени белгисиз.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов “Жеңгону” боштондукка чыгаруу артында кандай күчтөр турганы иликтенип, аны кайра кармоо аракеттери жүрүп жатканына токтолду:

- Сот кандайдыр бир себептер менен анын айыбын тастыктоочу далилдерди карабай туруп, жоопкерчиликтен бошотуп жиберген. Текшере келгенде анын тобу 5-6 оор кылмыштарга шектелип, бул боюнча тиешелүү далилдер болгон. Булар эбак эле ошол мурда соттолгон жана андан кийинки жасаган кылмыштары боюнча түрмөдөн чыкпай отурушу керек болчу. Бирок ал сатып алуу жолу менен эркиндикке чыккан учурлары буга чейин да болгон экен. Мына ошол Досоновдун өзү жана анын эки шериги кандайча соттун чечими менен акталып, бошотулганын иликтеп жатабыз. Ошондой эле аталган адамдарга учурда издөө жарыяланды. Алар эртеби-кечпи сөзсүз колго түшөт.

“Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Кадыр Досонов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кенжекул айылынан болот. Учурда 42 жаштагы Досоновдун уюшма тобу негизинен жыйырма адамдан турары милициянын досьесинде жазылган. Алардын Алай, Кара-Суу, Өзгөн райондоруна чейин тармактанган уюшмалары тууралуу маалыматтар да бар.

Кадыр Досонов өзү уюшма топтун өкүлү катары алгач 1996-жылы милициянын көзүнө чалдыккан. Ошондой эле ички иштер органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, Кадыр Досонов Өзбекстандагы жана Тажикстандагы уюшкан кылмыш топтору менен байланышы бар экени байкалган.

2010-жылга чейин Кадыр Досонов Оштогу жана Кара-Суудагы жеке ишкерлерден салык чогултуудан ири киреше таап турган. Анын кара түстөгү БМВ-520, калай түстүү БМВ-520 жана кара түстөгү брондолгон «Тойота Ленд Крузер» автоунаалары менен жүргөнү аныкталган. Изкубарлардын айтымында “Жеңго” учурда ишкерлерден салык чогулта албай калганы менен өлкөнүн түштүк аймагындагы маңзат соодасын дагы деле көзөмөлдөйт.


Сот: мамлекеттик айыптоо күнөөнү далилдей албады


Бирок буга карабастан Ош шаардык сотунун төрайымы Кымбат Бекжанова сотто тергөө чогулткан далилдер анын айыбын мойнуна койууга жетишсиз болгонун белгиледи:



Аны издеп жүрүп таап, кармап келүүнүн өзү эле укмуштай эмгекти, чеберчиликти жана убакытты талап кылган болчу. Мына эми ошол иштин бардыгы талаага кетти.


- Мына ошол тергөөнүн натыйжалуулугу жана тергөөнүн сапаты тууралуу эмнеге айтышпайт да күнөөнүн бардыгын сотторго коюшат? Эгерде ошол иште далилдер оркоюп турса, кантип эле сот ага көңүл бурбастан аны актап жиберсин. Мейли, ошол уюшкан кылмыш тобунун өкүлү болобу, же башкасыбы сотто анын айыбын тастыктай турган далилдер болушу керек да. Бул иште мамлекеттик айыптоочу соттолуучунун күнөөсүн далилдей турган фактыларды бекемдеп бере алган жок. Ошондуктан албетте сот мындай шартта соттолуучуну актоо өкүмүн чыгарды.

Кадыр Досоновго 2011-жылы Камчы Көлбаевдин уюшма тобунун белдүү өкүлү катары издөө жарыяланган болчу. Изкубарлардын айтымында, ал издөө жарыялангандан кийин туура бир жылдай укук коргоо органдарынын укуругуна илинбей жүргөн. Анын дайын-дареги бирде Дубайдан, бирде Тажикстандан же бирде Кыргызстандан чыгып турган. Өткөн жылы Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргызстандык изкубарлар тажик кесиптештери менен бирге Кадыр Досоновду үч шериги менен кошо көп кабаттуу үйлөрдүн биринен колго түшүргөн.


Алакан жайгандан башка айла жок


Ошол кездеги ички иштер органдарынын жетекчилиги Досоновдун кармалышы менен 2010-жылдагы көптөгөн көмүскө иштердин бети ачылат деп ишендирген. Бирок анын быйыл июнь айынын башында күтүүсүздөн соттон акталып, абактан бошотулушун мурдагы ички иштер министринин орун басары, учурдагы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев мындайча мүнөздөдү:

- Андан пара алып туруп актап жиберишпедиби. Ал эми көз көрүнө эле иш болуп калбадыбы. Анын мойнунда кырк килограмм маңзаты, кымбат баалуу автомашиналарды ээлеринен зордук менен тартып алган, акча талап кылган жана карактаган сыяктуу өтө көп иштер бар болчу. Аны издеп жүрүп таап, кармап келүүнүн өзү эле укмуштай эмгекти, чеберчиликти жана убакытты талап кылган болчу. Мына эми ошол иштин бардыгы талаага кетти.

Талдоочулардын баамында, соңку мезгилде кримчөйрө өкүлдөрүнүн бошотулушу өлкөнүн түштүгүндө уюшма топтордун жандануусуна негиз берген. Ички иштер министрлигинин түштүк аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов учурда аймактагы кримчөйрөнүн күчтөнүүсүнө жол бербөө боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатканына токтолду:

- Учурда биздин негизги максатыбыз үч жыл ичинде кармалган мына ошол уюшма топтордун башчылары эмне себептен жана кандай көмүскө жагдайларда бошонуп кетип жатканын аныктоо. Мына ошол жагдайдан улам, өлкөнүн түштүк аймагында айрым уюшма топ өкүлдөрүнүн кыймыл-аракеттери жандана баштаганы байкалууда. Азыр негизинен ушул багытта иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында иш мерчеми түзүлүп, уюшма топ лидерлеринин мурдагы жана кийинки кылмыш иштерин кайрадан көтөрөбүз. Бул үчүн биз биринчи кезекте өздүк курамдын ичин жаңылап жана күчтөндүрүү ишин биринчи кезекте колго алууну туура көрдүк. Мына ошол иштер аягына чыкса эле биз уюшма топторго баш көтөртпөстөн чара көрүүгө даярбыз.


“Уйпаланган” ураандар


Ошол эле кезде коомчулукта бийлик уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатат дегени менен чынында кримчөйрө лөктөрү мурдагыдай эле өзүнүн талабын койуп келе жатканы айтылууда. Буга Камчы Көлбаевдин сотунда ага каршы мурда тергөөгө көрсөтмө бергендердин кайрадан андан баш тарта баштаганы мисал боло алат дешет талдоочулар. Буга чейин бийлик уюшма топторго каршы күрөш жарыяланганын ураан катары айтып келишкен эле. Ички иштер министрлигинин 3-сентябрда болуп өткөн жамааттык жыйынында да уюшкан кылмыштуулук баш көтөрүп жатканы боюнча маалыматтар ачык талкууга алынды.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов бийлик өзү криминалдын күчөшүнө шарт түзүп берип жатат деп белгиледи:

- Жарандардын эркиндигин жана коопсуздугун камсыздай албаган өлкөдө мына ошол бандиттердин кылган кылмышы боюнча ким барып көрсөтмө бериши мүмкүн. Мына ошол эле Көлбаев, Анапияев жана Досонов боюнча ушуга окшогон мисалдар айтылып жүрөт. Мындай жагдайда уюшма кылмыштуулук менен күрөш жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы мына деп айтууга ооз барбайт. Анан калса бийлик өзү бир нече мамлекеттик кызматкердин канына зобун болуп, бул мамлекетти тааныбай, Чеченстандын байрагын отурган хатасына илип алган Батукаевди абактан бошотуп узатып жиберип жатса ушул бийлик кылмышкерлер менен натыйжалуу күрөш жүргүзөт деп ишенсе болобу?


Жаңы мыйзам кылмышкерлерди тандайбы?


Буга чейин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу парламент тарабынан мыйзамдар топтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүгө ылайык, уюшма кылмыш тобу менен байланышы бар соттолуучунун жаза чарасы жеңилдетилбейт деген ченем киргизилген. Ага мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев быйыл жазында кол коюп, ал күчүнө киргендей болгон. Ал турсун аталган ченемге ылайык, мурдагы президент Бакиевдин бир тууганынын соттолгон уулу Санжар Бакиевге куралдуу топ түзгөн деген негиз менен 2012-жылы ага карата колдонулган жазаны жеңилдетүү чарасы кайра алынып салынган болчу.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине киргизилген мына ошол өзгөртүүлөр соттолуучулардын бардыгына бирдей иштебей жатканына токтолду:

- Бул мыйзам мамлекет башчысы кол коюп, жарыялагандан кийин эле күчүнө кириши керек эле. Бирок тилекке каршы анын айрым бир ченемдери жана талаптары ар кайсы соттолуучуга карата ар башкача колдонулуп жатканы таң калтырууда. Мыйзам бардыгына бирдей болушу керек эле да.

Соттолгон Санжар Бакиевди боштондукка чыгарууга каршы колдонулган мына ошол укуктук ченемдер эмне себептен уюшма топтун анабашы катары атыккан Кадыр Досоновго колдонулбай калганы белгисиз. Кыргызстанда уюмдашкан кылмыштуу топтордун 625 мүчөсү катталган. Алар негизинен тогузга бөлүнүп, алардын ичинен эң ирилери катары Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин, Максат Абакировдун жана Алмаз Бокушевдин уюшма топтору айырмаланып турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG