Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

2016-жылы Ооганстанда мерт кеткен журналисттердин саны адаттагыдан көп болду


Ооганстанда 2016-жылы 13 журналист өлтүрүлгөн.
Ооганстанда 2016-жылы 13 журналист өлтүрүлгөн.

Ооганстанда өткөн жылы журналисттердин өлүмү мурдагы жылдардан көп катталды.

Бул тууралуу 20-январда Ооганстандагы журналисттер коопсуздугу боюнча комитет билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 13 журналист өлтүрүлгөн. Ал эми журналисттерге жасалган кол салууларга, коркутуп-үркүтүүлөргө байланыштуу катталган окуялардын саны 101ге жеткен. Бул 2015-жылкыга салыштырмалуу 38% га жогору экенин көрсөтөт.

13 кылмыштын 10у үчүн жоопкерчилик “Талибан” кыймылына жүктөлгөнү менен, маалымат каражаттарынын кызматкерлерине каршы жасалган зомбулуктун өсүшү бийликтин аракетине да байланыштуу деп уюмдун өкүлдөрү эсептешет.

Комитеттин башчысы Нажиба Шарифинин пикиринде, бул сандар тынчсызданууну жаратууда.

"Эгер чара көрүлбөсө кырдаал дагы начарлашы мүмкүн",- дейт ал.

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин маалымат катчысы президент сөз эркиндигин колдорун эске салып, өлкөдө бийлик тарабынан кысымга алынган, куугунукталган бир да журналист жок экенин билдирди.

Журналисттерге каршы чабуул 2015-жылдын соңунда күчөгөн. Анда “Талибан” кыймылы журналисттерди ашыкча сындары үчүн өлтүрүүдөн баш тартпастыгын билдирген.

2016-жылдын январь айында Кабулда жанкечти "Толо" телеканалынын журналисттери бараткан микроавтобусту жардырып, жети киши мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG