Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Ош: Садиевдин өлүмүнө шектүүлөр абакта


Кылмышка шектүү Таалайбек Нуруевди кармоо учуру.
Кылмышка шектүү Таалайбек Нуруевди кармоо учуру.

Кылмышка айыптуу делип кармалган Таалайбек Нуруев менен Ислам Султанов маркум Садиевди жеке чатактын айынан атып кетишкенин айтышууда.

Милиция бул окуянын саясатка тиешеси жоктугун билдирүүдө. Экс-мэр Мырзакматовдун тууганы саналган Садиевдин өлүмү буга чейин бир топ резонанс жараткан болчу.

Тартип коргоо кызматкерлеринин белгилешинче, шектелип аткандар маркум Жеңишбек Садиев менен өз ара начарлашып кеткен мамилелерине байланыштуу ушундай кылмышка барганын моюнга алышкан.

Ички иштер министрлигинин өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Майлыбаев мындай маалымат берди:

- Бул эки адамдын ортосундагы келишпестик 2001-жылы башталган. Алар ошо учурда абакта чогуу отурушкан экен. Ал бүгүнкү күнгө чейин созулуп келиптир. Акыры ушундай кырсыкка жетип отурат.

Ишкер Жеңишбек Садиевди 30-апрель күнү Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында өз үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Октун бири анын көкүрөк тушуна, бирөө колуна тийген. Ал 1-майдан 2-майга караган түнү Ош шаардык ооруканасында көз жумган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаев:

Садиевдин өлүмүнө шектүүлөр боюнча милиция өткөргөн жыйын.
Садиевдин өлүмүнө шектүүлөр боюнча милиция өткөргөн жыйын.
- Шектүү катары кармалган жарандар Бишкек шаарында мейманкана катары берилчү үйлөрдүн биринен кармалган. 2006-жылдан бери Орусия федерациясынын жараны болуп келген, Омск шаарынын тургуну 1971-жылы туулган Нуруев Таалайбек жана 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Султанов Исламбектер кылмышка шектүү катары абакта. Иликтөө дагы уланат. Айыпты сот чыгарат,- деп маалымдады.

Кылмышка шектүү делгендердин бири Таалайбек Нуруев өзү да Садиевди өлтүрүүнүн себептери тууралуу сурак учурунда буларды билдирген:

- Жалал-Абаддагы абакта мен Жеңишбек Садиев менен чырдашып кеткем. Мен анда Казакстанда кылмыш кылып, ошол жактагы түрмөдөн которулуп келген болчумун. Ошол себеп болуп, өлтүрөбүз деп чечкенбиз. Алгач мен өзүм кылам дегем. Кийин Ислам да жардам бере турган болду. Анткени анын да өчү бар экен. Биз “Мерседес” машине менен келгенбиз. 16 калибрлүү мылтыкты Бишкектен сатып алганбыз.

Шектелүүчү Нуруев адам өлтүрүүгө жардам берген Исламбек Султанов анын өкүл баласы экендигин жана кылмышка чогуу барышканын тастыктаган. Алар турган үйдү тинтүү учурунда 16 калибрлүү мылтык жана маӊзат табылган. Окуя болгон жерден да куду ушул сыяктуу курал табылганын милиция буга чейин ачыктаган эле.

Окуя орун алаары менен коомчулукта бир топ резонанс жаралган. Каза болгон Садиев Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун жакыны экени айтылып, бул аны коркутуу үчүн жасалган аракет деп айткандар болгон. Буга чейин Мелис Мырзакматов өзү, кийин анын “Улуттар биримдиги” партиясы да ушундай маанидеги билдирүүлөрдү таратышкан.

Маркумдун тажиясында Садиевдин атын атагысы келбеген тууганы “Азаттыкка” мындай деген эле:

Жеңиш Садиевдин үйү.
Жеңиш Садиевдин үйү.
- Эми бул аны айыптоонун эле жолу болсо керек. Эгер Жеңиш криминал, рэкет болсо, ушунча эле батага келбейт эле да. Мына тажияга келген элдин саны көп, көчөгө машине батпай атат. Эгер Садиев криминал болгон болсо, милициянын жетекчиси көңүл айтып келбейт эле, Ош шаарынын жаңы мэри батага келбейт эле. Кайсы чоң, кайсы чиновник криминалдын үйүнө батага келчү эле.

Милиция да буга чейин Садиевдин өлүмүн саясат менен такыр байланышы жоктугун белгилеген. "Тергөө көрсөткөндөй бул иш маркум менен кылмышка шектүүлөр ортосундагы келишпестиктерден улам орун алганы маалым болду",- дейт Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаев:

- Бул окуя саясатка эч кандай тиешеси жок. Буга чейин ар кандай сөздөр чыгып кетти. Ал сыяктуу кайчы пикирлер тергөө учурунда далилденген жок.

Каза болгон Жеңишбек Садиев өзү да мурда кылмыштуу чөйрөгө аралаш болгонун милиция маалымдаган. Тагыраак айтканда, ал маңзатты мыйзамсыз ташуу боюнча 14 жылга, кийин опузалап тартып алуу боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган экен. Алгач Садиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп саналган. Кийин амнистияга туш келип абактан бошоп чыккан. Акыркы 5-6 жылда жеке ишкер катары, үйүндө күрөөкана ачып, машинелерди алып-сатуу менен алектенип келген.

Жеңиш Садиев 37 жашта болчу. Үй-бүлөлүү, артында 4 баласы калды.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG